Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Жогорку Кеңеште аял депутаттардын саны 31ге жетип, бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун Парламенттер аралык бирлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан парламенттеги аялдардын үлүшү боюнча дүйнөлүк лидер деп табылган.

Төрага белгилегендей, парламентте аялдардын өкүлчүлүгүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулуп келет. Учурда президиумда жана комитеттерде 30%дык квота сакталууда. Алгачкы жолу аял депутаттар комитет төрайымы жана эл аралык депутаттык топтордун жетекчиси болуп шайланышты.

Расмий маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын үлүшү акыркы жылда 12,9%га өстү. Бүгүнкү күндө 90 депутаттын 31и аялдар.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын экономикалык өсүшү 2026-жылдын божомолу боюнча 9,3% деңгээлинде болот

Кыргызстандын экономикалык өсүшү 2026-жылдын божомолу боюнча 9,3% деңгээлинде болот

Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери Кыргызстан боюнча 2026-жылга карата ички дүң продуктунун (ИДП) өсүү божомолун кайра карап чыгышты. Бул тууралуу банктын макроэкономикалык баяндамасында айтылат. Республиканын экономикасынын өсүшү 2026-жылдын божомолу боюнча 9,3% деңгээлинде болот деп күтүлүүдө. Бул көрсөткүч мурунку божомолго салыштырмалуу 2,2%дык пунктка жогорулатылды. ЕАӨБдын маалыматына ылайык: * Жогорку керектөө

Салык кызматы ORIS маркасындагы мыйзамсыз тамекилерди аныктады

Салык кызматы ORIS маркасындагы мыйзамсыз тамекилерди аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүү учурунда Чоң-Капка өткөрмө пунктунда акциздик маркасы жок тамеки продукциясын мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бир автоунаа токтотулуп, аны кароодо жүк бөлүгүндөгү жашыруун жайдан "Орис" маркасындагы 950 блок тамеки (9 500 пачка) акциздик маркасы жана коштоочу документтери жок

Кыргызстанда орточо айлык 45 797 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык 45 797 сомду түздү

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 45 797 сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таюнуу менен билдирди. Керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу эмгек акы 6,3%

Манас – Багыш багытында 4 тилкелүү автожол курулууда

Манас – Багыш багытында 4 тилкелүү автожол курулууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы тарабынан Манас шаарынан Багыш айылына чейинки автожолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзгөн жол мурдагы темир жолдун ордуна салынууда. Учурда курулуш иштеринин алкагында эски темир жол конструкциялары алынууда. Ошондой эле жолдун негизин даярдоо жана