Мамлекет башчы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө катышты.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө өлкө башчы жылпы кыргызстандыктарды Улустун Улуу күнү менен куттуктады:
“Кымбаттуу кыргызстандыктар! Ар-намысы тоодой бийик теңир тоолук агайын-туугандар! Күн менен түн теңелип, жер бетинде тиричилик жанданып, жергебизге жалпыбыз күткөн жаз келди. Ата-бабаларыбыздан калган улуу көчтү улай, изги тилектердин, жаңылануунун, эмгектин, ынтымак менен биримдиктин жарчысы, адамзаттын маданий мурасы – Нооруз майрамын маданий жөрөлгө катары эли-журтубуз менен эсенчиликте, тынччылыкта белгилеп жатканыбызга кубанычтамын.
Айтылуу акын Арстанбек атабыз: “Кабарың күнгө жетсе да, жылдызга колуң жетсе да, эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң”, - деп таамай айткандай, биз Нооруз жана Эгемендик майрамдарын аймактардагы элибиз менен бирге майрамдоо максатында ар жылы, ар башка облустарда белгилөөнү салтка айлантканбыз.
Быйыл Нооруз майрамын кыргыз элинде касиеттүү тоолордун бири саналган айтылуу Ала-Мышык тоосунун этегинде, Орто Азиянын күрөө тамыры болгон Нарын дайра сынын жээгинде, Нарын шаарында белгилеп жатабыз.
Бүгүн мен калайык калкыма, жумурай журтума – мүлдө кыргыз элине тынччылык, молчулук, токчулук, ыйман-ырыскы, ынтымак тилеп,абасы кымыз жыттанган, ак мөңгү кемер курчанган алтын бешик Нарындан жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мекендештеримди, ошондой эле чет элдик элчилерди, дипломатиялык корпус менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!
Нооруз майрамыңыздар менен, кымбаттуу кыргызстандыктар!”

