Оштогу Имам аль-Бухари мечитинин ордуна заманбап мечит курулат

Оштогу Имам аль-Бухари мечитинин ордуна заманбап мечит курулат

Ош шаарындагы Имам аль-Бухари атындагы Алай мечити бузулуп, ордуна заманбап, чоң мечиттин курулушу башталарын шаар мэри Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда шаар өсүп, мечитке эл батпай бара жатат.

"Жүздөгөн жылдар тарыхы бар бул мечитте миңдеген адамдардын дубасы айтылып, жүрөктөр тазарган ыйык жай. Бирок, убакыт өзгөрүп, шаар өсүп жатат. Эл көбөйүүдө. Бүгүн бул мечитке эл батпай баратат. Көз жоосун ала турган чоң мечитти атын атагысы келбеген кыргызстандык жеке ишкер куруп берет", - деп жазды ал.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды