А.Касымалиев Таласта социалдык объектилердин курулушу менен таанышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Алгач МинКаб башчысы Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушун көрүп чыкты. Аталган объект 6,5 гектар аянтка курулуп, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду жана Талас облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.
Андан соң ал Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Оорукана учурда үч жерде жайгашып, кызмат көрсөтүүдө бир катар кыйынчылыктар жаралып жатканы белгиленди. Ушуга байланыштуу 300 орундуу жаңы оорукана куруу зарылдыгы айтылып, МинКаб башчысы тиешелүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев “Эне жана баланын ден соолугун коргоо” программасынын алкагында курулуп жаткан 63 орундуу перинаталдык борборду көрдү. Долбоордун жалпы суммасы 6 млн евро болуп, Германия өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашууда.
Иш сапардын жүрүшүндө МинКаб башчысы Талас шаарынын борбордук стадионунун курулушу менен да таанышып, объект быйыл эгемендүүлүк майрамына карата пайдаланууга берилери маалымдалды.
Мындан тышкары ал “Акылман” Президенттик лицейинин имаратынын, борбордук мечиттин, шаардык парктын жана К.Нуржанов атындагы аллеянын курулуш иштерин көрүп чыкты. Ошондой эле Талас мамлекеттик университетинин жаңы имаратына барып, иштердин жүрүшү менен таанышты.
Адылбек Касымалиев бардык объектилер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.





