Салык төлөөчүлөр салык төлөөчүнүн кабинетиндеги каттоо маалыматын текшерүүсү зарыл

Салык төлөөчүлөр салык төлөөчүнүн кабинетиндеги каттоо маалыматын текшерүүсү зарыл

Мамлекеттик салык кызматы мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн алдын алуу жана салыктык эсепке алуунун ачыктыгын камсыз кылуу максатында салык төлөөчүлөрдү өздөрүнүн салыктык каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүүгө чакырууда.

Салык кызматынин билдирүүсүнө караганда, текшерүүнү юридикалык, жеке жактар жана ошондой эле жеке ишкерлер салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Сервистер» бөлүмүндө, №24 жана №25 формаларында жүргүзүшү керек.

Төмөнкү маалыматтарга өзгөчө көңүл буруу керек:

1) катталган райондун ишкердик жүргүзүлгөн жерге/мүлк жайгашкан жерге дал келиши;

2) салыктардын жана колдонулган салык режимдеринин туура көрсөтүлүшү;

3) байланыш жана идентификациялык маалыматтардын актуалдуулугу.

 Эгерде дал келбестиктер болсо, төмөнкү жол менен жоюуга болот:

  • тез арада катталган жер боюнча аймактык салык органдарына кайрылуу;
  • салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Салык төлөөчүнү кайра каттоо» онлайн кызматын пайдалануу.

Видео нускамада кеңири маалымат берилет.

☝🏻
Белгилей кетсек, каттоо маалыматтарынын туура эмес же дал келбей калышы салык милдеттенмелеринин туура эмес эсептелишине, салыктык башкаруу чараларынын колдонулушуна (анын ичинде эсептерге чектөөлөр коюлушуна), ошондой эле КРнын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчиликке тартылууга алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча белгиленген план 108 %га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн сом түшүп, план 112,2

Ишкер Media
Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Жогорку Кеңештин экологиялык коопсуздукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы “Джунда”, “Азия Сталь” жана “СУ-4” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. бул тууралуу ЖКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүугө караганда, жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам “Азия Сталь” заводунун мештери убактылуу токтотулуп, учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды

Ишкер Media
Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын узак мөөнөттүү каржылоого багытталган атайын мамлекеттик банк түзүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, өнөр жайды өнүктүрүү банкын мамлекеттин 100 % катышуусу менен ачык акционердик коом түрүндө түзүү каралууда. Акционердин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети же берилген ыйгарым укуктардын чегинде ал ыйгарым укук

Ишкер Media
Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылында көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курула баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирет. Маалыматка ылайык, Белек айылында буга чейин ипподром болгон. Жакында эле бул жерде Чүй облусунун 100 жылдыгы белгиленген. Аймакта ат чабыштарды өткөрүү

Ишкер Media