“Манас Ордо” комплексин реконструкциялоого 1,3 млрд сом бөлүндү

“Манас Ордо” комплексин реконструкциялоого 1,3 млрд сом бөлүндү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексине барып, реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 1 млрд 300 млн сомду түзгөн реконструкциядан кийин комплекс күнүнө 10 миңге чейин адамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Курулуш иштерин ушул жылдын июль айына чейин аяктоо пландалууда.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө МинКаб башчысы Талас облустук юстиция башкармалыгынын административдик имараты — “Юстиция үйүнүн” жаңы имаратын ачты. Республикалык бюджеттин эсебинен курулган имарат заманбап шарттар менен камсыздалып, пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын сүт рыногунда кырдаал талаптагыдай эмес

Кыргызстандын сүт рыногунда кырдаал талаптагыдай эмес

Кыргызстанда сүт рыногундагы кырдаал чыңалуу бойдон калууда. Сатып алуучулар сүт продукциясынын баасы өтө кымбат деп нааразы болсо, фермерлер сатып алуу баасын көтөрүүнү талап кылууда. Азыр мобилдик сүт сатуу чекиттеринде сүт 1 литр үчүн 80 сомдон сатылууда. Ал эми тетрапактагы сүт 110 сомго чейин кымбаттаган, кээ бир фирмалар 1 литр сүттү

Бишкекте Кожевенная көчөсү капиталдык оңдоого жабылат

Бишкекте Кожевенная көчөсү капиталдык оңдоого жабылат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында "Дордой" базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо жана кеңейтүү боюнча жеринде жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жыйынга Свердлов райондук администрациясынын өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаменти, №305 муниципалдык аймактык башкармалык жана райондук ички

Жети-Өгүздө Жеңиш – Жайыт – Ак-Терек жолу асфальтталып жатат

Жети-Өгүздө Жеңиш – Жайыт – Ак-Терек жолу асфальтталып жатат

Жети-Өгүз районундагы Жеңиш — Жайыт — Ак-Терек жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлүп жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун жалпы узундугу 36 чакырымды түзөт. Жолдун 28-30-чакырым аралыгында кеңейтүү жана негизин даярдоо иштери аткарылууда. Бул иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2026-жылдын Титулдук тизмесине киргизилген асфальт төшөө иштеринин алгачкысы болуп

Кытайда сейрек кездешүүчү металлдын ири кени табылды

Кытайда сейрек кездешүүчү металлдын ири кени табылды

Кытай геологдору өлкөнүн түштүк-батышында, Сычуань провинциясынын Маонюпин аймагында ири сейрек кездешүүчү металл кенин табышканын Кытайдын Борбордук телеканалы кабарлап, Global Times берди. Геологиялык изилдөө учурунда дагы 9,66–9,7 млн тонна сейрек кездешүүчү металл оксиддери аныкталып, аймактагы запастар 300%га өскөнү белгиленди. Жалпы тастыкталган ресурстардын көлөмү болжол менен 10,4