Жогорку Кеңештин депутаттары расмий иш сапар менен РФна барышты

Жогорку Кеңештин депутаттары расмий иш сапар менен РФна барышты

КРнын ЖКнин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттик делегацияны жетектеп, Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды. Аларды аэропорттон РФнын Мамлекеттик Думасынын Төрагасынын орун басары Анна Кузнецова баштаган расмий өкүлдөр тосуп алышты.

Иш сапарга ЖКтин өкүлдөрүнөн сырткары КРнын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов менен «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская коштоп барышты.

Делегация алгач Москва шаарында жайгашкан В.Ф. Орлов атындагы «Марьина Роща» мектебинде болуп, эмгек мигранттарынын балдарын жалпы билим берүү класстарына кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү тестирлөөнүн тартиби тууралуу маалымат алышты. 

Депутаттар тапшырмалардын татаалдыгына көңүл бурушуп, аларды мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарын билдиришти. Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары тесттин мазмунун жана деңгээлин баалоо максатында өздөрү да тестирлөөдөн өтүп көрүштү.

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская: «Биз билим деңгээлин баалоонун зарылдыгын түшүнөбүз. Бирок мындай процедуралар билим алууга тоскоолдук жаратпашы керек. Ар бир баланын жаңы чөйрөгө көнүп, толук кандуу билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү жалпыбыздын милдетибиз», - деп билдирди.

 Андан соң Кыргыз Республикасынын көргөзмө-соода борборунда (ВДНХ) Төрага Марлен Маматалиев делегация мүчөлөрү менен бирге кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эмгек мигранттары менен жолугушту. Баарлашуунун жүрүшүндө мекендештерди тынчсыздандырган актуалдуу маселелер көтөрүлүп, тиешелүү түшүндүрмөлөр жана жооптор берилди.

Расмий сапардын экинчи күнү жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар менен уланып, анын ичинен Төрага Марлен Маматалиев Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунун курулушу активдүү уланууда

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунун курулушу активдүү уланууда

24-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууга кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын өкүлдөрү,

Нарында ирригациялык каналдарды жаңылоо иштери жүрүүдө

Нарында ирригациялык каналдарды жаңылоо иштери жүрүүдө

Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Нарын облусунун Кочкор районунда жүргүзүлүп жаткан бетон полотно орнотуу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапарынын алкагында министр Теңдик каналынын Көк-Жар айылындагы участогунда аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп чыкты. Кочкор райондук суу чарба

Бишкекте искусство университетинин 5 кабаттуу окуу корпусу курулууда

Бишкекте искусство университетинин 5 кабаттуу окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде курулуп жаткан кошумча окуу корпусунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаңы 5 кабаттуу имарат окуу жайдын негизги корпусуна чектеш Бишкек шаарынын Жантөшев көчөсү, 113 дарегинде курулууда. Учурда темир-бетон каркасынын монтаждоо иштери 3-кабатка

Ысык-Көлдө экологияга келтирилген зыян үчүн 17,4 млн сом өндүрүлдү

Ысык-Көлдө экологияга келтирилген зыян үчүн 17,4 млн сом өндүрүлдү

Ысык-Көл районунда жаратылышты коргоо тармагындагы мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекеттик бюджетке 17 миллион сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Райондук прокуратура тарабынан КРнын Жер жана Токой кодекстеринин, ошондой эле "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" мыйзамынын талаптарынын аткарылышын текшерүү максатында Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүндө жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Ысык-Көл