Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйындын алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин делегация башчылары саламдашуу аземинен өтүп, биргеликте сүрөткө түшүштү.
Отурумда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды.
Жыйынга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Армения өкмөт башчылары, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышты.
Кеңейтилген курамдагы жыйын 27-мартта уланып, анда ондон ашуун маселе каралат.


