"Алга" стадиону жеке менчикке өттүбү? Мэрия түшүндүрмө берди

"Алга" стадиону жеке менчикке өттүбү? Мэрия түшүндүрмө берди

Бишкек шаарынын мэриясы "Алга" стадионун пайдалануу тартиби жана анын макамы боюнча тараган маалыматтарга түшүндүрмө берди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, стадион аймагында батыш, борбордук жана чыгыш кире бериштер каралган. Батыш тарабы спорт секцияларына катышкан балдар үчүн, чыгыш тарабы студенттер жана шаар тургундары үчүн ачык. Борбордук кире бериш аркылуу кирүү каралган эмес.

Чуркоо жолдору күн сайын саат 06:00дөн 11:00гө чейин бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү. Ал эми саат 11:00дөн 19:00гө чейин футбол машыгууларына байланыштуу кирүүгө чектөө коюлат. Ошондой эле коопсуздук максатында футбол талаасына чыгууга тыюу салынат. Үй матчтары учурунда чуркоо жолдору толугу менен жабылат.

Мэрия стадион жеке менчикке өттү деген маалымат чындыкка дал келбесин белгиледи. Объект муниципалдык менчик болуп саналат жана мэриянын балансында турат.

Ошондой эле жарандардан белгиленген эрежелерди сактоо жана коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылуу өтүнүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен

Эмгек министрлигинде кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Эмгек министрлигинде кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

11-сентябрда КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов менен болду. Анын жүрүшүндө министрдин орун басары мекендештер менен кызматташууну мындан ары чыңдоонун, алардын демилгелерин колдоонун жана Кыргызстан менен байланыштарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мекеменин

2026-жылдын 8 айында Социалдык фонд 35 906 пенсиялык ишти карады

2026-жылдын 8 айында Социалдык фонд 35 906 пенсиялык ишти карады

Кыргызстандын Социалдык фонду 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 35 906 пенсиялык ишти карады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кароого пенсиялык иштердин алкагында жарандардын пенсия дайындоо жана буга чейин дайындалган пенсияларды кайра эсептөө боюнча кайрылуулар алынган. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, 2026-жылдын август айында 2 119

Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи акыркы төрт жылда орточо 10,2%ды түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын январь-июль айларында ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 11,1%га жеткен. Президент бул көрсөткүч Борбор Азияда гана эмес, дүйнөдө