ИИМ: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев коррупцияга шектелип кармалды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев коррупцияга шектелип кармалганы тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш иши Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын материалдарынын жана аудитордук текшерүүнүн негизинде, "Кыргызнефтегаз" ААКсындагы коррупция фактысы боюнча козголгон.
ИИМдин маалыматына ылайык, тергөө иштеринин жүрүшүндө мурда Жогорку Кеңештин депутаты кызматын аркалаган Шаирбек Ташиев кармалган.
Учурда ал Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.