Парламент ишкерлер менен тыгыз кызматташат
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өткөнүн парламенттен билдиришти.
Жыйынга төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттар, министрлер кабинетинин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Төрага аталган Кеңеш 2017-жылы бизнес чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү, инвестициялык абалды жакшыртуу жана ишкерликти колдоого алуу максатында түзүлгөнүн эске салды. Ошону менен катар өлкө башчысы да ишкерлерди колдоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканына токтолду.
"Алсак, президент жакында эле ишкерлерди текшерүүлөргө убактылуу тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул жарлык экономикалык активдүүлүктү стабилдештирүүгө арналып, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, инвестициялык климатты оңдоо жана мамлекеттик органдардын ишкердикке ашыкча кийлигишүүсүн азайтууга багытталган. Мораторийдин алкагында мамлекеттик көзөмөл органдары ишкерлерге консультация берүү менен алектенишет, бул мыйзамдарды сактоого, ошондой эле сунуштар жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө мүмкүндүк берери анык", – деди.
Мындан тышкары, тармактагы айрым көйгөйлөргө токтолгон Марлен Маматалиев ишкерлерди коргоо, аларга карата административдик басымды жоюу жана каржылык колдоону күчөтүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү.