Быйылкы жылдын 3 айында Ысык-Көлдөн 16 900 метр тор алынды
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы 2026-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгын чыгарды.
Облустук милициядан билдиришкендей, бул мезгил аралыгында Көлдүн акваториясынан жана кармалган жарандардан жалпы узундугу 16 900 метрди түзгөн синтетикалык торлор конфискацияланган. 300 даана балык мыйзамсыз уулоо учурунда алынып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлөн.
Алдын алуу иштеринин натыйжасында жарандар өз ыктыяры менен 31 даана тор тапшырышкан. Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 34 материал катталып, 16 иш сотко жөнөтүлгөн. Мыйзам бузууга шектелген 4 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Экологияга келтирилген зыян үчүн жалпысынан 572 миң 86 сом өлчөмүндө доо коюлду.



"Милиция кызматкерлери браконьерлерди аныктоо үчүн күндүз гана эмес, түнкүсүн да моторлуу кайыктар, дрондор жана тепловизорлор менен рейддерди жүргүзүүдө. Ошондой эле көл жээгин таштандылардан жана толкун жээкке чыгарып таштаган эски торлордон тазалоо иштери системалуу түрдө улантылып жатат",-деп айтылат маалыматта.