Тоо текени, эликти мыйзамсыз атууга айып пул жогорулатылды

Тоо текени, эликти мыйзамсыз атууга айып пул жогорулатылды

Кыргызстанда жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн айып пулдардын өлчөмү жаңыртылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Өкмөттүн "Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумия камтыган минералдык чийки затка жана козу карындарга юридикалык жана жеке жактар тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмдөрүн эсептөө боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык:

Жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн каражаттарды пайдалануу тартиби такталды. Эми документ зыянды өндүрүү менен гана чектелбестен, мыйзам бузууларды аныктап, тиешелүү протоколдорду жана актыларды түзгөн адамдарды сыйлоо маселелерин да камтыйт.

Айып пулдардын өлчөмү жогорулатылды. Мыйзамсыз зыян келтирген учурларда:

  • Ак илегилек — 30 миң сом;
  • Кара илегилек — 30 миң сом;
  • Теке — 300 миң сом (мурда 100 миң сом болгон)
  • Элик — 100 миң сом (мурда 50 миң сом болгон).

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы

Бишкекте рейд учурунда 30дан ашык унаа айып короого жеткирилди

Бишкекте рейд учурунда 30дан ашык унаа айып короого жеткирилди

Бүгүн саат 06:00дөн 09:00гө чейин Бишкек шаарында туура эмес токтотулган унааларды аныктоо жана тартипке келтирүү максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага шаар мэриясынын төрт административдик районунун өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Жол кайгуул кызматы, Муниципалдык инспекция жана “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын эвакуатор