А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруу системасын жөнөкөйлөтүү жана бюрократияны кыскартуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында мурда кабыл алынган чаралардын аткарылышы каралып, бир катар тармактарда административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иштер талкууланды.

Касымалиев башкаруу процесстерин санарипке өткөрүү, ченемдик жөнгө салууну жакшыртуу жана мамлекеттик кызматтарды жеңилдетүү реформанын негизги багыттары экенин белгиледи. Ал жарандар жана бизнес үчүн тоскоолдуктарды азайтуу иштерин активдештирүүнү тапшырды.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. Анын ичинде жер тилкелерин бөлүү процесстерин жакшыртуу, айыл чарба жаныбарларын санариптик каттоону күчөтүү, экологиялык документтерди алуу тартибин жөнөкөйлөтүү, ошондой эле туризм жана коомдук тамактануу тармагындагы кызматтарды санариптештирүү каралды.

Мындан тышкары, мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, электр энергиясын үнөмдөө жана айрым административдик процедураларды кыскартуу боюнча тапшырмалар берилди.

Белгиленгендей, бул чаралар мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жогорулатууга жана жарандар менен бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Маалыматка ылайык, 9-14-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү жана бороон-чапкын болуу коркунучу күтүлөт. Айрыкча Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу тилкесинде, Суусамыр – Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда жана Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кооптуу

Казакстанда аялдардын пенсиялык жашы жогорулатылат

Казакстанда аялдардын пенсиялык жашы жогорулатылат

Казакстанда аялдардын пенсиялык жашы жогорулатыларын Эмгек жана калкты социалдык коргоо боюнча вице-министри Виктория Шегай билдирди. Анын айтымында, буга чейин аялдардын пенсиялык жашын жогорулатуу убактылуу токтотулган. "Бирок ал колдонуудагы мыйзамдарга ылайык акырындап 63 жашка чейин көтөрүлөт — эркектер менен тең деңгээлге жетет", — деди ал. Шегай бул чара келечектеги пенсия төлөмдөрүнүн

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болуп дайындалды

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болуп дайындалды

Байсалов Эдил Жолдубаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эдил Байсалов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Жарлык Конституциянын тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл алынды.