Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырат.

Маалыматка ылайык, 9-14-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү жана бороон-чапкын болуу коркунучу күтүлөт.

Айрыкча Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу тилкесинде, Суусамыр – Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда жана Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кооптуу абал жаралышы мүмкүн.

Кырсыктардын алдын алуу максатында министрликке караштуу жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын техникалар тартылып, керектүү даярдыктар көрүлдү. Ошондой эле жолдорго себилүүчү кум-туз аралашмалары жетиштүү көлөмдө камдалган.

Министрлик айдоочуларга аба ырайынын татаал шарттарына байланыштуу зарылчылык болбосо алыскы сапарларга чыкпоону сунуштайт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өкмөт башчы Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына катышты

Нарында селден коргоо үчүн дамбалар курулду

24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн