Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту.
Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп жатканын белгиледи.

“Билесиздер, экономикалык өсүш индустриялаштыруу саясаты менен коштолуп, 2024-жылдан тарта жыл сайын 100 өнөр жай ишканасын ачууну салтка айланттык. Быйыл дагы өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасын куруу пландалып, анын ичинде Ош шаарын кошкондо жалпы Ош облусу боюнча 18 өнөр жай ишканасы салынат. 2025-жылы Ош облусу боюнча жалпы 14 өнөр жай ишканасы курулса, анын алтоо Кара-Суу районуна тийиштүү. Райондо көмүр тармагында да жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Булар – аймактын өнөр жай потенциалын чыңдоого багытталган чечкиндүү кадамдар”, - деди өз сөзүндө өлкө башчы.
Ошондой эле акыркы беш жылда райондо 250 чакырым жол асфальтталып, быйыл дагы 100 чакырым жолду оңдоо каралган. Социалдык тармакта 49 объект курулуп, 2026-жылы дагы 26 объектти пайдаланууга берүү пландалууда.
Мындан тышкары, билим берүү, сугат суу, ичүүчү суу жана айыл чарбасын колдоо маселелери көтөрүлүп, тиешелүү долбоорлор ишке ашырылып жатканы белгиленди.
Жолугушуу соңунда Президент жарандардын суроолоруна жооп берип, аймакты өнүктүрүү боюнча иштер улантыларын баса белгиледи.