МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына келди.
Сапардын алкагында ал Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жылдык жыйындарына катышат.
Иш сапар Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушууларга даярдык көрүү менен башталды. Анын ичинде операциялар боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен сүйлөшүүлөр пландалууда.
Жолугушууларда Кыргызстандагы учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоорун алдыга жылдыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары, АКШ Президентинин администрациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу консультациялар өтөт. Анда мамлекеттер аралык диалогду жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат.
Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев ири технологиялык компаниялардын өкүлдөрү менен да жолугат. Алардын катарында Meta, Oracle, NVIDIA жана SpaceX бар. Жолугушууларда мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана жасалма интеллект инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери каралат.
Иш сапар бир нече күнгө созулуп, жыйынтыгында Кыргызстандын эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.