Ошто кооптуу каналдар иретке келтирилип, жээктери бекемделет

Ошто кооптуу каналдар иретке келтирилип, жээктери бекемделет

Ош шаарында кооптуу каналдарды иретке келтирүү жана жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте каналдардын абалын жеринен көрүп чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө каналдардын жээктерин бекемдөө, сел коркунучтарын азайтуу жана айланасын көрктөндүрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле шаар аймагынан өткөн каналдардын кооптуу жана ачык тилкелерин иретке келтирүү максатында жээктери бекемделип, тосмолор орнотулары белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия 8-октябрда Кыргызстанда катталган үч компанияга — “Процессинг КейДжи” ААКна, “ТокенСпот” ЖАКна жана “Цунами Пейментс” ЖЧКна санкция киргизди. Чектөөлөр “Процессинг КейДжи” компаниясынын директору Улан Букабаевге да жайылтылды. Мындай маалыматты Economist.kg маалымат булагы жазып чыкты. Билдирүүгө караганда “Процессинг КейДжи” компаниясынын жалгыз акционери — Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп саналат. Жаңы чектөөлөр

Ишкер Media
Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында кышка даярдык өз убагында жүрүүдө. Учурда кампаларга 30 миң тоннага жакын көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тургундар көмүрдү 35 муниципалдык сатуу жайынан ала алат. Баасы маркасына жараша 4 сомдон 9 сомго чейин. Көмүр Ноокат, Кара-Суу, Алай райондорунан жана Нарын облусунан ташылууда.

Ишкер Media
Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы Э.Н. Гареева атындагы ботаникалык бакчада экологиялык талаптардын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын текшерүүсүндө тиричилик жана курулуш калдыктары атайын эмес жерге төгүлүп, санитардык абалга зыян келтиргени белгилүү болду. Мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, администрацияга 17 000

Ишкер Media
Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Өлкөдө кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда. 2026-2027-жылга кант өндүрүүнүн планы - 79 миң тонна. Бул тууралуу Кумшекер класстеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө дагы 25 миң тоннага жакын запас бар. Ошентип, өндүрүш менен запасты кошкондо, жалпы көлөм 104 миң тонна болуп, бул 2027-жылдын

Ишкер Media