Парламентте туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн жолдору талкууланды
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин катышуусунда Туруктуу өнүгүү максаттарына байланышкан депутаттык жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйынга депутаттар, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Марлен Маматалиев бул жолугушуу туруктуу өнүгүү максаттарын талкуулоого жана аларды ишке ашырууда парламенттин ролун күчөтүүгө багытталган маанилүү аянтча экенин белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстан аталган багытта активдүү иш алып барып, туруктуу өнүгүү максаттарын мамлекеттик саясаттын негизги бөлүгүнө айландырды. Бул багыттагы аракеттерди Бириккен Улуттар уюму да жогору баалап, өлкө “чемпион” катары белгиленип жатканын кошумчалады.
Ошондой эле 2030-жылга чейин ички дүң өнүмдү 30 миллиард долларга жеткирүү, жан башына эсептегенде 4,5 миң долларга көтөрүү жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу максаттары коюлганын белгиледи.
Депутат туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө мыйзамдык база маанилүү экенин айтып, Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзамдарды кабыл алуу аркылуу бул процесске активдүү катышып жатканын билдирди.
Жыйында Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве да сөз сүйлөп, бул багытта саясий милдеттенмелер менен катар мыйзамдык колдоо зарыл экенин белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылып, эл аралык өнөктөштөр мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.