ЖК өкүлдөрү ФАО менен кызматташтыкты талкуулашты

ЖК өкүлдөрү ФАО менен кызматташтыкты талкуулашты

Жогорку Кеңештин комитет төрагасы Кубанычбек Самаков жана депутат Махабат Мавлянова БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан менен ФАОнун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы каралып, аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кубанычбек Самаков акыркы жылдары эки тараптын кызматташуусунун алкагында олуттуу жыйынтыктарга жетишилгенин белгиледи. Анын айтымында, органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, фермерлерди жана кооперативдерди колдоо, мал чарбачылыгы менен ветеринария тармагын жакшыртуу, агроазык-түлүк секторун санариптештирүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлгөн.

Өз кезегинде депутат Махабат Мавлянова органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, сертификациялоо системасын жакшыртуу, мектеп тамак-ашы, жашылдандыруу жана тоо туризмин өнүктүрүү маселелерине токтолуп, бир катар сунуштарын билдирди.

ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев уюмдун негизги иш багыттары жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат берип, Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент ачылыш аземине катышып, кызыл тасманы кести. Жаңы имарат үч кабаттан турат жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө арналган. Биринчи кабатта жарандарды тейлөө борбору жайгашкан, экинчи кабатта — кеңселер. Жертөлө бөлүгүндө 150 орундуу заманбап кинотеатр жабдылган. Садыр Жапаров жаңы имараттын ачылышы менен кызматкерлерди куттуктап,

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

13-апрелде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү тууралуу токтом долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Медер Чотонов билдиргендей, документтин максаты энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү