Айзада Субакожоева жаңы түзүлгөн агенттиктин орун басары болуп дайындалды
Айзада Субакожоева Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары болуп дайындалды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, баш мыйзамдын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Айзада Субакожоева мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары болуп дайындалды.
Эске салсак, Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик президент тарабынан түзүлүп, анын жетекчиси болуп Фархад Иминов дайындалган.