Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты
Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты.
Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат.
Ошондой эле ал Ирилеш айылынын эли да бала бакчага муктаж экендигин кошумчалаган. Тамаша айылына 2026-жылы 275 орундуу мектеп салуу пландалганы менен иш али башталбаганын да айтты.
Отурумда депутат Азамжан Жалилов Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө бала бакча менен мектеп, ал эми Кароол айыл өкмөтүнө бала бакча салып берүүлөрүн өтүндү.
Депутат Айбек Алтынбеков Базар-Коргон районундагы №29 мектептин курулушу 2023-жылы башталганы менен али аяктай электигин кабарлады.