Шайлоо учурунда дебатка катышпагандарга чара көрүү сунушталды

Шайлоо учурунда дебатка катышпагандарга чара көрүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкерлердин каржылык чыгымдарын кыскартууну сунуштады. Ал шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча сунуштарын парламенттин тиешелүү комитетине жөнөткөнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Сунуштардын арасында шайлоо фондунун эң жогорку көлөмүн 20 миллион сомдон 10 миллион сомго чейин кыскартуу жана шайлоо күрөөсүн 300 миң сомдон 150 миң сомго чейин, башкача айтканда 50 пайызга азайтуу каралган.Мындан тышкары, бир шайлоо округунда үгүтчү бир гана талапкер менен иштей ала турган тартипти киргизүү сунушталууда.

Дагы бир жаңылык катары шайлоо алдындагы дебаттарга катышуудан баш тарткан талапкерлер үчүн жоопкерчиликке тартуу сунушу айтылды. Демилгенин автору мындай тажрыйба бир катар чет мамлекеттерде колдонуларын белгилеген.

Депутаттын пикиринде, сунушталган өзгөртүүлөр шайлоого катышкан талапкерлер үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, каржылык басымды азайтып, кирешесинин деңгээлине карабастан жарандардын шайлоо өнөктүгүнө катышуусуна кеңири шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media
"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media