Адвокаттар боюнча арыз-даттанууларды кароодо кемчиликтер табылды

Адвокаттар боюнча арыз-даттанууларды кароодо кемчиликтер табылды

Юстиция министрлиги Адвокатура менен биргеликте №126 буйруктун алкагында Этика боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүнө жана адвокаттарга карата колдонулуп жаткан тартип өндүрүшүнө талдоо жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Талдоо жарандардын, мамлекеттик органдардын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын адвокаттардын аракеттерине байланыштуу кайрылууларынын негизинде жүргүзүлдү.

Изилдөөнүн жыйынтыгында бирдей мамиленин жоктугу, жол-жоболордун жетиштүү деңгээлде так аныкталбагандыгы, ар түрдүү колдонулушу жана кээ бир учурларда кайрылууларды формалдуу негиздер менен кароо фактылары аныкталды. Ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүүдө жана архивдик материалдарды сактоодо кемчиликтер бар экени белгиленди.

Министрлик Адвокатуранын өз алдынча башкаруу системасында этика боюнча комиссиянын ишин сактап калуу маанилүү экенин белгилеп, анын ишмердүүлүгү ачык-айкын, бирдиктүү жана натыйжалуу болушу керектигин билдирди.

Талдоонун жыйынтыгына ылайык, Юстиция министрлиги Адвокатура менен биргеликте комиссиянын ишинин методологиясын өркүндөтүү, тартиптик жол-жоболорду тактоо жана кайрылууларды кароонун бирдиктүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча чараларды көрүүнү сунуштады.

Министрлик белгилегендей, аныкталган маселелер биринчи кезекте Адвокатуранын кесиптик өз алдынча башкаруу механизмдери аркылуу жөнгө салынышы керек.

Эгерде учурдагы көйгөйлөр чечилбесе, этика боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарын министрликтин карамагына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү демилгелөө маселеси да каралат.

Министрлик бул багыттагы биргелешкен иштер кайрылууларды кароонун сапатын жогорулатып, жарандардын жана адвокаттардын укуктарын коргоону күчөтүп, адвокатура институтуна болгон коомдук ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media
Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media
ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media