Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда.

Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер, жаштар жана аялдар башкарган демилгелер, кол өнөрчүлөр, бейөкмөт уюмдар катыша алышат.

Багыттар - дары чөптөр, мөмө-жемиш, сүт азыктары, балчылык, жүн жана кол өнөрчүлүк, агротуризм жана башка.

Тандалгандар инкубациядан өтүп, 15 миңден 50 миң долларга чейин грант жана акселерация алат.

Өтүнмө берүү: https://fao-grants.smapply.io24-сентябрда, саат 14:00дө программа боюнча вебинар өтөт. Суроо-жооп сессиялары 30-сентябрь, 7 жана 14-октябрда. Байланыш: MP-BIA@fao.org

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media