Кыргыз-өзбек агрардык байланыштары жаңы багыттар менен толукталууда

Кыргыз-өзбек агрардык байланыштары жаңы багыттар менен толукталууда

28-июлда Кыргыз-Өзбек бизнес-форумуна даярдык көрүүнүн алкагында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки өлкөнүн агроөнөр жай комплексиндеги кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Тараптар өсүмдүк, күрүч, картөшкө өстүрүү жана үрөнчүлүк тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көңүл бурушту.

Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун сыноо, селекциялык материалдар менен алмашуу жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багытындагы кызматташтыктын жүрүшү каралды.

Жолугушууда Кыргызстандын селекциясында чыгарылган беде үрөнүн жана ата мекендик өндүрүштөн алынган сертификатталган үрөндүк картөшкөнү Өзбекстанга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар фитосанитардык коопсуздук, чек арага жакын аймактарда чегирткеге каршы биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана айыл чарба тармагын минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселелерин көтөрүштү.

Кыргыз тарап Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди узак мөөнөттүү жана үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча келишимдин аракетин кайра жандандырууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media
ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

25-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, логистикалык инфраструктураны жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланды. Тараптар жетишилген макулдашууларды

Ишкер Media