Кыргызстанда үч кооптуу айыл чарба каражатын сатууга тыюу салынды

Кыргызстанда үч кооптуу айыл чарба каражатын сатууга тыюу салынды

Кыргызстандын аймагында үч өзгөчө кооптуу пестицидди сатууга жана жүгүртүүгө расмий түрдө тыюу салынды. Тиешелүү чечим Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин тапшырмасынын негизинде кабыл алынды.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти алгач пестициддерди жеткирүүчүлөр менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, аталган каражаттардын курамын, коопсуздугун жана эл аралык талаптарга шайкештигин талкуулады.

Андан соң өлкөнүн бардык аймактарындагы пестициддерди жана минералдык жер семирткичтерди саткан соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүлүп, жүгүртүүдөгү каражаттарга талдоо жасалган.

Анын жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында өзгөчө кооптуу пестициддерди жүгүртүүгө тыюу салуу тууралуу №111 буйрук кабыл алынды.

Тыюу салынган активдүү заттардын тизмесине бета-цифлутрин, бромоксинил октаноат жана фенамифос кирди.

Министрликтин маалыматына караганда, бул чечим жарандардын ден соолугун коргоого, айлана-чөйрөгө тийгизилүүчү зыянды азайтууга, айыл чарба өндүрүшүнүн коопсуздугун жогорулатууга жана эл аралык экологиялык милдеттенмелди аткарууга багытталган.

Тактап кетсек, пестицид — бул айыл чарбасында өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, отоо чөптөрдөн жана ар кандай оорулардан коргоо үчүн колдонулуучу химиялык же биологиялык каражат.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

25-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, логистикалык инфраструктураны жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланды. Тараптар жетишилген макулдашууларды

Ишкер Media
Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 3-раунду өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн ТИМ, энергетика, каржы, суу ресурстары тармагынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан делегацияны энергетика министринин орун басары Салават

Ишкер Media