Кантип маектешүүдөн ийгиликтүү өтүп, жумуш тапса болот?

Кантип маектешүүдөн ийгиликтүү өтүп, жумуш тапса болот?

Эмне үчүн кээ бир адистер тез эле жумуш таап, карьералык тепкичтен бат көтөрүлүшсө, башкалары бир ордунда жылдап отурушат? Кантип көп талап кылынган адиске айланып, кыялдагы жумушту тапса болот?

Рекрутер жана Make Nova агенттигинин башчысы Алина Макенова талапкерлердин компанияны тандоодо, резюме даярдоодо жана маектешүү учурунда кетирген каталары жөнүндө айтып берди. Мастер-класс ishtapp тиркемесинин эксперттери өткөргөн билим берүү иш-чараларынын циклинин алкагында өттү.

Максат баарын чечет

Статистикалык маалыматтарга ылайык, адамдардын 20%ы гана кайда жана ким болуп иштөөнү каалаарын жакшы билишет. Калган 80%ы кокустан жумуш таап, тажрыйба талап кылынбаган жерде иштеп калышат. Натыйжада, алар келечекте өз ордун таппай, карьерасын кура албай кыйналышат.

Жумуш издегендеги маанилүү нерсе – максатты аныктоо

Мисалы, сиз кеминде 500 адамдан турган ири компанияда каржы талдоочусу болуп иштегиңиз келет дейли. Андан кийин, сиз рынокто мындай компаниялардан канчоо бар жана алардын кайсынысына каржы талдоочулар керек экендиги жөнүндө изилдөө жүргүзөсүз.

Андан кийин гана резюмеңизди максаттуу жана натыйжалуу түрдө жөнөтсөңүз болот. Бул кызматка бош орун бар же жок экендигин билүү үчүн расмий же адистештирилген сайттарды караңыз. Эгер андай болбосо, анда компанияга кат менен кайрылсаңыз болот, жумуш берүүчүлөр мотивацияны абдан баалашат.

Резюме жөнөтүп жатканда эмнелерди эске алуу керек

Тандоо жасаган соң, ар бир компания үчүн өзүнчө резюме даярдаңыз. Резюмени компаниянын муктаждыктарына жана иш чөйрөсүнө ылайыкташтырыңыз. Резюмеңизде компанияга керектүү тажрыйбаны жана чеберчилигиңизди гана көрсөтөөрүңүздү унутпаңыз.

Эң негизгиси – кайсы позиция кызыктырганын жана сизге эмнеге ал мотивация берип жатканын каттын өзүндө түшүндүрүңүз. Биздин тажрыйбабызга ылайык, талапкерлердин 10%ы гана эмне үчүн тигил же бул компанияда иштегиси келгендиги жөнүндө коштомо кат жазышат.

Биздин почтага күн сайын ондогон резюмелер келип түшөт. Адатта, алар эч кандай кол тамгасыз, коштомо катсыз келет. Жыйынтыгында, эмне сурап жатканыңызды компания толук түшүнбөй, мындай кат жөн гана көз жаздымда калып кетет.

Резюме кандай болуш керек?

Азыр жакшы резюмени жасоо үчүн көптөгөн шаймандар бар. Мыкты резюме – бул бир же эки барактан турат. Бул сиздин бардык өнөрүңүздү, чеберчилигиңизди айкын көрсөтүшү керек.

Документтин айкын структурасы болушу маанилүү. Эмне үчүн жумушка сизди алуунун маанилүү экендиги айдан ачык болушу керек, сиздин иш тажрыйбаңыз, билимиңиз жана кошумча көндүмдөрүңүз абдан так чагылдырылуусу зарыл.

Биз ар дайым резюмеге көбүрөөк фактыларды жана цифраларды киргизүүнү сунуштайбыз. Сатууну канча пайызга көтөрдүңүз, кандай салым коштуңуз, кандай процесстерди оптималдаштыра алдыңыз – баарын көрсөтүңүз.

Резюмеңизди эң жакшысы PDF форматында жөнөтүңүз

Жумуш тажрыйба – резюменин абдан маанилүү бөлүгү. Эгер сиз, мисалы, студент болсоңуз жана азырынча иш тажрыйбаңыз жок болсо, анда практикаңызды, жайкы жумуштарыңызды, ыктыярдуулук жана көндүмдөрүңүздү санап бериңиз. Учурда ар тараптуу тажрыйбасы бар адистер жогорку бир гана адистештирилгендерге караганда жогору бааланган тенденция күч алууда. Андыктан официант же администратор болуп иштегениңизди айта кетсеңиз болот.

Маектешүүнү кантип ийгиликтүү өтсө болот?

Маектешүүдөн ийгиликтүү өтүүгө жардам берген айрым эрежелердин чек-листин түздүк.
  • Сиз компания тууралуу баарын билишиңиз керек. 95%га жакын жумуш издөөчүлөр даярданбай келишет.
  • Өз убагында келиңиз. Эгер кечигип жатсаңыз – эскертип коюңуз.
  • Болгонун болгондой айтыңыз. Мисалы, бир ай иштеген жерде жарым жыл иштедим деп айтсаңыз, ал тез эле ачыкка чыгып калат.
  • Мурдагы жумушуңуз тууралуу арызданбаңыз, келечекте бул компания тууралуу да жаман сөз айта тургандай таасир калтырат.
  • Компаниядагы карьерага байланыштуу пландарыңыз тууралуу айтып бериңиз. Эрежеге ылайык, компаниялар жумушчулардын жок дегенде 2-3 жыл иштешин каалашат.
  • Маек бүткөндөн кийин ал компанияга канчалык туура келип келбегендигиңиз тууралуу feedback алыңыз.

Күчтүү компанияларга умтулуңуз – анткени ал жерде ар дайым өсүү болот. Мындай уюмдарга 70% талаптарына ылайык адистерди жалдоону сунуштайбыз, калган 30%ы өсүш үчүн орундар болуп эсептелет.

Жумушту каяктан издеш керек?

Биз жумуш издөөнүн мааниси бар ресурстардын, тиркемелердин жана социалдык тармактардын тизмесин түздүк.

  • Ishtapp – жумуш издегендерге жана жумуш берүүчүлөргө бири-бирин табууга жардам берген тиркеме, биз буга чейин жигердүү колдонуп келе жаткан жаңы курал
  • Linkedin – бул жумуш издөө үчүн кесипкөй социалдык тармак
  • Facebook жана Twitter – адамдар бул социалдык тармакта көп жумуш табышат.
  • Github – бул программисттер жана дизайнерлер үчүн ресурс.
  • Телеграмдагы чаттар – жумуш орундар көп жайгаштырылган, жумуш табуунун эффективдүү куралы деп эсептелет (маркетологдордун, PR адистеринин ж.б.у.с.).

Эгерде сиз активдүү издөөдө болсоңуз, анда сөзсүз түрдө бардык каналдарды колдонушуңуз керек, пассивдүү позицияны тандоонун кажети жок –  резюмеңизди бир гана сайтка жүктөп, кимдир бирөө сизге бир нерсе сунуш кылат деп күтүп отура бербеңиз. Досторуңуздан, мурдагы жерлердеги кесиптештериңизден, тааныштарыңыздан сурашыңыз керек, ошондо бардык жердеги бош орундар тууралуу маалыматыңыз болот.

Жасалма интеллект колдонгон ishtapp жумуш издөө тиркемеси – кыргыз жана орус тилдеринде бар экендигин белгилей кетүү керек. Аны Жапон өкмөтүнүн колдоосу менен кыргызстандык Ulut Soft Llc компаниясы «ПРООНдун COVID-19га карата инклюзивдүү жана көп кырдуу колдоо жообу жана анын Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу» долбоорунун алкагында иштеп чыккан.

Тиркемеде жумушту Кыргызстандын бардык аймактарынан издөөнү камтыган система бар. Жумуш издегендер аккаунтту каттап, резюмесин кошо алышат, өзгөртүп, өчүрө алышат, бош орундарды ар кандай параметрлер боюнча издөөгө жана жумуш берүүчүлөр менен баарлашууга мүмкүнчүлүгү бар. Иш берүүчүлөр болсо профилдерди каттап, бош жумуш орундарын түзүп, түзөтүп жана жок кыла алышат.

Www.ishtapp.kg веб-сайтында резюмени башкаруу жана мониторинг жүргүзүү шарты, ошондой эле колдонуучунун маалыматынан алынган эмгек рыногунун аналитикасын түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле колдонуучуларга акысыз курстарга мүмкүнчүлүк берилет.

Тиркемени жүктөңүз:

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын