1000 сомдон башталган өндүрүш, кантип чоң ишканага айланды? «Маткасымов» компаниясынын негиздөөчүсү Убай Маткасымов менен маек

1000 сомдон башталган өндүрүш, кантип чоң ишканага айланды? «Маткасымов» компаниясынын негиздөөчүсү Убай Маткасымов менен маек

2014-жылы негизделген «Маткасымов» компаниясы алгач антенна чыгарууга адистешкен болсо, учурда үтүктөө тактасы, телевизорлорго кронштейн, антенналардын түрлөрү, кийим кургаткычтар, электр жана газ панелдери сыяктуу бир топ тиричилик буюмдарын чыгарып келет. Пандемия мезгилинде өндүрүштө антисептикалык диспенсерлерди, коомдук жайларда адамдарды дезинфекциялоо үчүн тоннелдерди, рециркулятор сыяктуу продукцияларды чыгарып, кайрымдуулук катарында мамлекеттик ооруканаларга берди.

Economist.kg сайты өндүргөн продукциясынын 50%ын экспортко чыгарган, элүүдөй адамды жумуш менен камсыз кылган «Маткасымов» компаниясынын негиздөөчүсү Убай Маткасымов менен өндүрүштөгү кыйынчылыктар, пандемия учурундагы ийгиликтери тууралуу маектешти.

– Компанияңыздын атын эмне үчүн Маткасымов деп атагансыз?

– Европа жана башка өлкөлөрдө негиздөөчү өндүрүш компаниялардын атын өзүнүн атынан же фамилиясынан атап, бренд кармаса, анда ишенич жаратат. Бул өзүнүн өмүрүн ошол брендге багыштап койгонго барабар. Анткени атын булгабаш үчүн, бренддин кадырын түшүрбөгөнгө, сапаттуулукка басым жасайт. Андыктан мен дагы атамдын фамилиясын бренд кылып койгонмун.

– Ишканаңызды 2014-жылы ачкан болсоңуз, ага чейин эмне менен алектенчүсүз?

– Казакстанда соодагер болуп иштечүмүн, бут кийим сатчубуз. Кийин ал жакты толук жыйыштырып келип, Бишкекте Аламедин базарында иштеп жүрдүм.

– Эмнеге бизнесте ушул тармакты тандап алдыңыз?

– Кичинемден өндүрүшкө, кол эмгекке шыгым бар эле. Дал ошол кезде Кыргызстан да санарипке өтүп жаткан мезгили болчу. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап, биз да өндүрүш баштадык.

– Алгач антенна чыгаруудан баштаптырсыздар, учурда үй-тиричилик буюмдарын да өндүрөт экенсиз. Ассортиментти көбөйтүүдө эмнелерге көңүл бурасыз?

– Көп ишкерлердин катачылыгы – бул реинвестиция кылбагандыгында. Биз да аны кайталабайлы деп, үй, машина албастан, антеннадан түшкөн кирешени кайра эле өндүрүшкө сала бердик. Бул бизге ассортиментти көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк берди.

– Өндүрүштү канча каражат менен баштадыңыз?

–  Башында 1000 сом менен баштагам, жөнөкөй эле кычкач, балка менен иштечүбүз. Бирок кийинчерээк өндүрүш кеңейип, жаңы жабдууларды талап кылып баштаганда, Оштогу үйүбүздү сатууга туура келди.

– Сиздер чыгарган продукция Кыргызсандын рыногунда канчалык суроо-талапка ээ?

– Кыргызстандын рыногунда бизнес кылган Европада бизнес кылганга караганда жеңил. Анткени конкуренция аз. Ооба, Кытайдан келет, бирок биз жергиликтүү элдин суроо-талабын аларга салыштырмалуу жакшыраак билебиз. Биздин өнүмдөр азыр импорттук товарлардын ордун басып атат десем болот, анткени биздин продукция салыштырмалуу кыйла сапаттуу.

– Өндүрүштү канча адам менен баштадыңыздар жана учурда канча адамды жумуш менен камсыз кыласыз? Кадр маселесинде кандай көйгөйлөр бар?

– Башында мен жалгыз эле жасап баштагам, барган сайын бир-экиден адам алып отуруп, азыр компанияда 50 адам эмгектенет. Биз алгач радиузелдер, дос-тааныштар аркылуу жумушчуларды катар эле алып жүрдүк. Бирок барган сайын ар ким өз тармагын жакшы билиш керек экен деген жыйынтыкка келип, ошонун негизинде ала баштадык. Бирок мен кадр маселесинде байкаганым – адамдын диплому анчалык деле мааниге ээ эмес экен, анын жөндөмдүүлүгү, шыгы, каалоосу биринчи орунга чыгат экен.

– Өндүргөн продукцияларыңыз Казакстан, Россияга экспортко чыгабы? Ал жакка чоң көлөмдө жибериш үчүн кандай шарттар керек?

– Биздин продукциянын 50%дан көбү экспортко кетет. Казакстанда өзүбүздүн филиалыбыз бар. Башкысы, ал жакта дагы Маткасымов деген фамилия көп учурагандыктан, алар өздөрүнүн продукциясы экен деп ойлошот. Продукцияны коңшу өлкөлөрдүн рыногуна чоң көлөмдө алып чыгуу үчүн КНСти кайтаруу маселеси тынчсыздандырып келет. Бизде чийки заттын 50%ы сырттан келет жана аны салык менен алабыз. Товарды экспортко чыгарганда болсо КНС жок сатабыз, тагыраак айтканда, биздин төлөмдөр кошулбай калып, биз аны кайтара албай калып жатабыз. Ошол маселе каралса, бизге кыйла жеңилдик болмок.

Бирок биз бул көйгөйгө көп көңүл бурбастан, чийки затты Кыргызстандын ичинен тапканга аракет кылуудабыз. Мисалы, үтүктөөчү тактайдын тетиктерине керектелүүчү пластиктерди тиричиликте колдонулуп, таштандыга кетүүчү бөтөлкө сыяктуу буюмдарды сатып алып, аны иштеп чыгып, калыпка салып өндүрүшкө колдонуудабыз. Бир эле мисал, биздин цехтеги бир адамдан 1 айда 1000 долларлык пластик буюм чыгат экен. Ал эми цехтен чыккан картон болсо, цехтин чыгымдарын, ашпозчу, жыйноочу жумушчулардын айлык акыларын жаап кетет.

– Пандемия учурунда көп жардам көрсөтүпсүздөр. Сиз үчүн кайрымдуулук канчалык мааниге ээ?

– Пандемия менен бирге жаңы доор башталды. Биздин профилибиздин кандай пайдасы тиет деп изденип, ошого жараша өндүрүштү ыңгайлаштыра баштадык. Натыйжада, чыканак жана педаль менен колдонулуучу антисептикалык диспенсерлерди, коомдук жайларда адамдарды дезинфекциялоо үчүн тоннелдерди, рециркулятор сыяктуу 3-4 түрдүү продукт чыгардык. Ошондой эле чыгарган өнүмдөрүбүздү мамлекеттик ооруканаларга, стационарларга кайрымдуулук катары бердик.

– Covid-19 сиздин компаниянын ишмердүүлүгүнө кандай таасир этти?

– Негизи эле, акыркы бир жыл биздин ишкана үчүн ийгиликтүү, кирешелүү жыл болду. Анткени пандемия учурунда эч кандай кадр кыскартуулар болбой, өндүрүш токтобой туруктуу иштедик, шартка ыңгайлашканга аракеттендик. Сырттан инвесторлор бизди байкап калып, өндүрүшкө инвестиция салышты. Натыйжада, азыр курулуш иштери жүрүп жатат, буюрса, жылдын аягында чоң ишкана ачылат.

– Демек, пандемия ишканага кошумча киреше алып келди?

– Ооба. Биз бул учурда кошумча жумушчуларды алдык.

– Сиздин бизнесиңиз канчалык мезгилден көз каранды?

– Бизде мезгилдүүлүк бар, негизи 50 киши иштесе, апрель-май айларында 20га чейин түшөт. Бирок азыр сатуу бөлүмү ушул кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып, бул мезгилде шашлык бышырчу мангалдарды чыгардык. Ушул сыяктуу товарларды чыгарганыбыз  – жумуш орундарын жоготууга жеткирбеди.

– Компаниянын негизги багыты кандай?

– Биздин негизги багытыбыз – бренд менен продукциябызды чыгаруу. Биз рынокко бир продукцияны киргизүүдөн мурда, аны Түркиядан же Кытайдын заводдорунан «Маткасымов» деген бренд менен жасатып келип, киргизип көрөбүз. Эгер сатыкка чыкканда дагы суроо-талап көбөйүп баштаса, анализ жүргүзүп туруп, өндүрүшкө киргизебиз. Мисалы, антеннанын жалгыз өзүн сатыш кыйын, андыктан жанында кронштейн, пульт сыяктуу телевизордун аксессуарлары болсо, сатык кете берет. Андыктан бир товар жанына кошумча товардын турушун талап кылат. Бизде өндүрүшкө караганда маркетинг күчтүүрөөк, ошондуктан дагы конкуренцияга туруштук берип келебиз.

Биздин 2027-жылга карата стратегиябыз бар. Алардын баарын так жазып койгонбуз, аны бүт жумушчулар билишет жана эскертүү катары бардык цехтерге сүрөттөрү менен илип койгонбуз. Кошумча, баарынын кулагына тааныш болсун деп, бүт жакка англис тилиндеги сөздөрдү колдонобуз.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги кафелердин бири кирешесин жашырып жүргөнүн Салык кызматы аныктады

Бишкектеги кафелердин бири кирешесин жашырып жүргөнүн Салык кызматы аныктады

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарындагы фискалдык программалык камсыздоо (ФПК) — сатуу жөнүндө маалыматтарды салык органдарына өткөрүп берүүчү система  менен иштеген кафелерге текшерүү иштерин жүргүздү. Анын жүрүшүндө «Кульджа ХОГО» кафе тармагындагы олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бир менчик ээсине таандык үч мекемеде «көмүскө» эсеп жүргүзүү

Өлкөнүн IT тармагынын бир жылдык кирешеси 17 млрд сомду түздү

Өлкөнүн IT тармагынын бир жылдык кирешеси 17 млрд сомду түздү

Жогорку технологиялар паркы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча резидент компаниялардын жалпы кирешеси 17,1 млрд сомду түзгөнүн билдирди. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 50%га көп. Аталган мекеменин резиденттеринин экспорту 2025-жылы 16,3 млрд сомду түзүп, бул жалпы кирешенин 95,3%ын түзөт. Салыштырмалуу, 2024-жылы экспорт 10,67 млрд сомго жетип, жалпы кирешенин 93,

Криптовалюта рыногу бюджетке 701,9 млн сом алып келди

Криптовалюта рыногу бюджетке 701,9 млн сом алып келди

Өткөн жылы Кыргызстандын виртуалдык активдер рыногунан бюджетке 701,9 миллион сом салык түрүндө түшкөнүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди. Салыктын негизги бөлүгүн виртуалдык актив кызмат көрсөтүүчүлөрү — алмашуу жайлары жана криптобиржалар камсыз кылган. 2025-жылы алар 495,76 млн сом төлөшкөн, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик эки эсе көп.

Кыргызстан криптовалюта рыногунун жүгүртүүсү 31 млрд доллардан ашты

Кыргызстан криптовалюта рыногунун жүгүртүүсү 31 млрд доллардан ашты

Өткөн жылы виртуалдык активдер рыногундагы жалпы жүгүртүү 31 млрд доллардан ашканын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын отчетунда айтылат. 2025-жылы крипторыноктогу операциялардын көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн. Ал эми мыйзамдуу сектор жаңыдан калыптана баштаган 2022-жылы жүгүртүү болгону 8 млн долларды түзгөн. Транзакциялардын жалпы саны 2,1 миллиондон ашкан.