Эмнеге программист боло албай жатам? Эксперт каталарды талдайт

Эмнеге программист боло албай жатам? Эксперт каталарды талдайт
Photo by Christina @ wocintechchat.com / Unsplash

IT тармагы кеңейип, барган сайын көп сандагы адистерди катарына алууда. Бул тиричиликтеги көп процесстердин технологияга өтүп баратышы менен түшүндүрүлөт жана анда эмгектенген күчтүү адистердин эмгеги жакшы төлөнүүдө.

Учурда Кыргызстанда көптөгөн IT-мектептер жана курстар бар, бирок талапка карабастан, бардык бүтүрүүчүлөр эле жакшы жумушка орношо алышпайт.

Frontend иштеп-чыгуучу Адылбек Жороев програмисттерди окутуу менен алектенет жана ал өзүнүн тажрыйбасына таянып, адамдарга жаңы кесипти үйрөнүүгө эмне тоскоол болоорун айтып берди. Ал бийик технологиялар паркына онлайн-лекция өтүп, программисттик кесипти кантип өздөштүрүү боюнча пикирин билдирди.

Адылбек Жороев акыркы жылдары москвалык компаниялар менен иштейт жана программисттерди окуткан Devele.Devele компаниясынын мүчөсү.

Эмне үчүн үйрөнө албай жатам?

«Эгерде бирөө бир апааттан жалгыз аман калса, анын кантип тирүү калганын эмес, башкалардын өлүмүнүн себептерин табыш керек», – деп айтылат тирүү калуунун теориясын үйрөнүүдө.

Бизге дайыма эле ийгиликтүү адамдарды мисал келтире беришет. Чынына келгенде ийгиликке жетпей калгандардын катасын билиш керек, анткени ар бир ийгилик – уникалдуу, а каталар – окшош. Эгерде сиз башкалар жасаган катадан качсаңыз, ал сизди ийгиликке жакындатат.

Программист боло албай калуунун себептерин ички жана сырткы деп экиге бөлсө болот.

Ички себептери

Баштоодон коркобуз. Чынында бул эң кеңири жайылган тоскоолдук, адамдар жаңы нерселерден коркушат.

Көп жылдарын башка кесипке арнашкан. Университетте башка кесипти окуп, анан кайра дагы жаңыдан билим алып, башка кесипти аркалап кетүү туура эмес деп эсептеген тааныштарым бар.

Мага баштаганга кеч эмеспи. Эгерде сиз 70 тен ашып калбасаңыз эле эч качан кеч эмес. Чынында жаштарды жумушка көп чакырышат бирок бул анчалык маанилүү эмес. 40-50 жашта деле баштаса болот.

Программисттик кесип азыр жөн гана хайп болууда. Эгерде сиз бул хайп убактылуу жана жакында бүтөт деп ойлосоңуз жаңылышасыз. Бүт баары онлайнга өтүүдө жана бул барган сайын күчөйт. Програмисттик эми башталууда, кайыкка отуруп калганга жетишиңиз.

Кайрадан окуучу болуу. Өз кесиби менен кандайдыр бир ийгиликтерге жеткен адам, кайрадан нөлдөн баштагысы келбейт. Адамдын эгосу ага кайрадан окуучу, стажер болууга каршы турат. Анткени ал «сиз» деп кайрылганга көнүп калган, айтаарым, бул планда бираз жөнөкөй болуш керек.

Математиканы билиш керек. Бул миф. Эң татаал деген программалоодо гана математика колдонулат. Сайт иштеп чыгууга көбүрөөк логика керектелет. Бул жерде 6-класстын алгебрасы ага салыштырмалуу татаалыраак.

Сизде жаңы нерсени үйрөнүү адатынын жоктугу. Бул бүт профессияларга тиешелүү. Дүйнө таанымыңыз канчалык кең болсо, ошончо көп чечимдерди көрөсүз. Сиз психология, философиядан тартып, бүт нерсени окуганга жөндөмдүүлүгүңүз бар. Окуган сайын мээ ийкемдүү болуп, адам ийгиликке жетиши оңойлойт.

Окуп жаткандардын кетирген катачылыктары

Биз өзүбүздү ашыкча баалайбыз же баалай албайбыз. Кээде окуудагы оңой тапшырмаларды ансыз деле түшүктүү деп көңүл бурбай коебуз. Бирок бираз татаалыраак тапшырмаларга келгенде, чече албай калабыз. Кийин мотивация жоголуп, адам окуусун таштап салат.

Жок, сиз өзгөчө эмессиз. Кээ бир нерселер мага оңой келет деген ойду башыңызга тагып алгансыз. Сизге укмуш жөндөмдүү сапаттарыңызды канчалык көп айтышпасын, машыкканды жана окуганды токтотпоңуз.

Бардык тапшырманы бир отурганда бүтүрүп кое албайсыз. Сабактар жөн жеринен бир канча темаларга бөлүнгөн эмес. Баарын кабыл алып жана түшүнгөнгө убакыт керек, анткени биздин мээ ошондой түзүлгөн. Эгерде бир жолкусунда бир канча сабакты окуп салсаңыз, мээ өздөштүрө албай калат.

Сурагандан коркпоңуз. Мейли, адамдар сиздин акылсыз суроолоруңузга күлүшсүн, бирок жыйынтыгында сиз тапшырманы аткарган болосуз. Дайыма залда теманы түшүнбөй, бирок сурагандан тартынган сөзсүз бирөө болот.

Күмөн саноо дайыма ийгиликсиздикке алып келет. Күмөн саноо көбөйгөн сайын, аракет азаят. Статистика көрсөткөндөй, канча аракет көп болгон сайын, көздөгөнгө жетүүгө шанс көбүрөөк болот.

Робот сыяктуу ойлонуп, робот сыяктуу жасап көрө бериңиз. Тоскоолдуктар жөнүндө ойлонбоңуз, кырдаалга түз карап, андан чыгуунун жолун табыш керек. Робот тапшырманы эч кандай ашыкча ойсуз эле аткарып баштайт.

Туура эмес максаттар. Көп учурда программисттике келгендердин көпчүлүгү жакшы акча табууну көздөп келишет да, өсүү тууралуу унутуп калышат. Дайыма жаңы жөндөмдүүлүктөрүңүздү өөрчүткөнү аракет кылыңыз, сизди кадыр-баркыңыз аркылуу баалашат.

Сырткы себептер

Туура эмес чөйрө. Ким менен жүрсөң, ошол адамдай эле болосуң. Биз – өзүбүздүн чөйрөбүздүн пародиясыбыз. Эгер айланаңызда мотивациясы жок адамдар болсо, сиз каалаган нерселерге умтулган адамдардан турган чөйрөнү табышыңыз керек. Же жөн гана сизге жаккан түрдүү коомчулуктарга, каналдарга, блогдорго жазылып алыңыз.  ЖТПна жазылыңыз жана сиз менен бир толкунда болгон адамдардын группаларын таап баарлашыңыз.

Өз алдынча аракет. Мен деле өзүм окуганмын, бирок програмисттик – татаал кесип, өз алдыңча үйрөнүү кыйыныраак. Мен буга көп жылдарымды кетирдим, интернеттен издеп, окуп жүрүп, ордумда көпкө чейин туруп калдым.

Туура эмес курс тандап алгансыз. Бизде курстар аябай эле көп, бирок алардын көбүнүн программасы эски, аны ар жарым жыл сайын жаңылап туруш керек. Анткени бул аябай тездик менен өсүп бараткан тармак. Бизде 85% жөн гана пайдубалын үйрөтөт, бирок жумуш берүүчүлөргө кайра окута турган адистер керек эмес. Кээде ошол эле курстун бүтүрүүчүлөрү кайра эле мугалим болуп кирип алышат, бирок сизди окутууга алардын билими жетпейт.

Учурда курстардын миңдеген бүтүрүүчүлөрү бул тармактагы адситерге талап жогору экенине карбай жумуш издеп жүрүшөт. Алар билими, тажрыйбасы жетпеген үчүн иш таппай жатышат. Бул нерсени деле түшүнүү керек. Андыктан окууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын