Пандемиядагы ийгиликтүү ишкердүүлүк. Чыгармачыл өнөр-жайдагы тажрыйба

Пандемиядагы ийгиликтүү ишкердүүлүк. Чыгармачыл өнөр-жайдагы тажрыйба

Пандемия бизнеске өзүнүн шарттарын койду. Аман калып жана базарда туруштук берүү үчүн көп компаниялар өзгөрүүгө туура келди. Кээ бир компаниялар бул жаатта ийгиликке жетип, 2020-жылды жакшы жыйынтыктар менен аякташты.

Чыгармачыл өнөр-жайдын өкүлдөрү пандемия жана каттуу локдаун  убагында өнүгүүгө оптималдуу чечимдерди кабыл ала билишээрин көрсөтүштү. Келечектин кесиби – бул чыгармачылык кесип. Эгер Кыргызстанды дээрлик эч нерсе өндүрбөгөн, чоң инвестицияларды алып келбеген өлкө катары карай турган болсок, анда жападан жалгыз эле тармак – бул чыгармачыл кызматтарды экспорттоо болуп эсептелет. 

Capital медиа компаниясы чыгармачыл өнөр-жайдагы ийгиликтүү мисалдарга сереп салды.

Covid доорунда дизайндагы кайра жаратуулар

Photon architect design lab архитектуралык лабороториясынын негиздөөчүсү Светлана Мясникова 2020-жылы анын бизнеси 2019-жылдан да жакшы жыйынтыктарга жетишкенин айтты. Пандемия HoReCa бизнесине жаңы шарттарды койду. COVID доорунда социалдык чекти сактоо, бөлүнүү адамдардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн биринчи планга чыкты.

Пандемия коомчулук үчүн кайрадан ойлонуп чыгуунун, тынчтыктын убагы болду, көптөр өздөрү үчүн жаңы нерселерди ачышты. Бул дүйнөдө кандай экологиялык из калтырышаары тууралуу ойлонуп калышты.

Буга бир мисал болуп, Photon лабороториясы үстүнөн иштеген Бишкектеги бир мекеме эсептелет.

– Бул мекеменин концепциясы – эко-френдли, бул мейкиндикте ар кандай түрдүү сценарийлерди койдук. Долбоордун ажырагыс бөлүгү болуп – кирип бара жатканда сөзсүз өтө турган санитардык блок эсептелет. Андан ары адамдар бул элементтердин баарын кантип колдонуш керектиги тууралуу навигация беребиз. Биринчи зона – алып кетүүчү зона болуп эсептелет, экинчи зонада болсо, адамдар үчүн максималдуу ыңгайлуу болгон кофейня жайгашкан. Үчүнчү зона – ритейл зонасы, ал жерде экологиялык таза, пайдалуу азыктар менен кызыктуу адабият китептери бар. Төртүнчү зонада ашкана жайгашып, бул жерден биз көп күтпөстөн пайдалуу тамактарды алып кете алабыз. Учурда бул айрыкча актуалдуу болуп эсептелет.   

Аралыктан иштөө жана билим алуу

Meduza студиясынын негиздөөчүсү жана дизайнери, Photon architect design lab лабороториясынын өнөктөшү Дмитрий Бондарев командасы менен коронавирус пандемиясы убагында өздөрүнүн негизги жумушуна жакыныраак башка иш-аракеттерди карап башташкан. Жыйынтыгында, студия билим берүү жаатына кетип, өзүнүн курсун ачкан.

Академия Prisma – бул окутуу платформасы. Сайтта көрсөтүлгөндөй бул чыгармачыл кесипкөйлөрдү даярдаган инновациялык академия. Академияда дизайн, архитектура, сүрөт чыгаруу, видео тартуу, маркетингдеги санариптик кесип, стартап системасы багытында окутат.

Пандемия убагында өзгөчө чыгармачыл кесиптер тармагында жумушун жоготкондор көп болду. Андыктан биз ушундай абалдагы адамдарды окууга тарталы деп чечтик. Биринчиден, көп адамдарда бош убакыт пайда болду, андыктан ушул убакытка арнап атайын окутуу программаларын ачтык. Экинчиден, негизенен эле онлайн системасына карап жылыш керек, айрыкча, билим берүү тармагында да. Азыр адамдар бул инструментти көбүрөөк колдонуп башташты. Учурда ар бир адамдын эле интернетке чыкканга мүмкүндүк берген смартфону же ноутбугу бар жана бул мүмкүнчүлүктү сөзсүз колдонуш керек.

Светлана Мясникова:
  • Келечектин кесиби – бул чыгармачыл кесиптер, эгер Кыргызстанды алып карай турган болсок, биз дээрлик, эч нерсе өндүрбөйбүз. Республикага алгылыктуу киреше алып келген тармак аз. Биз азыр активдүү өндүрө турган нерсе – бул чыгармачыл кызматтарды экспорттоо.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын