Абылгазы Калбаев КРгы бизнес жана «Нукура» конфеттери тууралуу

Абылгазы Калбаев КРгы бизнес жана «Нукура» конфеттери тууралуу

Economist.kg финансылык басылмасы жаңы башталган бизнестер тууралуу тааныштырууну улантат. Бул жолу кум шекер кошулбаган, Кыргызстандын түштүк жергесиндеги кургатылган жер-жемиштерден жасалган таттуу «Нукура» конфеттери тууралуу болмокчу.

«Нукура» брендинин негиздөөчүсү Абылгазы Калбаев Economist.kg сайтына өндүрүштөгү кыйынчылыктар, ишканасы, КРда бизнес баштоонун оң жана терс жактары тууралуу айтып берди.

Эмне үчүн дал ушул өндүрүш тармагын тандап алдыңыз? Бул бизнесте көп инвестицияны талап кылган тармак эмеспи.

– Биз алгач кургатылган жемиштерди экспорттоо максатында компанияны ачкан элек. Кийинчерээк бир катар тоскоолдуктарга туш келдик, анткени чоң көлөмдү чогултуу кыйын болуп жатты, экинчиден, биздеги кургатылган жемиштердин сорту бирдей эмес жана көрүнүшү да жакшы эмес экен. Анан мага ошол кургатылган жемиштерден подукт чыгаруу идеясы келди. Негизи бул тармак чындыгында эле көп инвестицияны, акчаны жана убакытты талап кылган чөйрө экен.

– Компанияңыз, сиздер өндүргөн продукт тууралуу айтып берсеңиз.

– Интернеттен карап көрсөм, чет өлкөлөрдө кургатылган жемиштерден конфет жасашат экен. Мен интернеттен бир нече рецепт таап, ошонун негизинде жасап көрдүм, бирок алардын даамы мени канаатандырган жок. Андан соң 2-3 айдын аралыгында өзүмдүн рецептимди иштеп чыктым. Алгач момпосуйдун 2 түрүн ойлоп таптым, учурда 4 түрү бар, жакын арада ассортиментти онго чейин жеткирүү планыбызда бар. Азыркы учурда компанияны чоңойтуу иштери менен алекбиз. Жакын арада чет өлкөлүк кардарлар менен чоң келишим түзүүгө даярданып жатабыз.

«Нукура» конфеттери биздин рынокто жаңылык болуп эсептелет, себеби биздин продукция 100% натуралдык компоненттерден жасалат, эч кандай зыяндуу кошулмасы жок, кумшекер кошулбайт. Эн негизгиси, ден-соолукка пайдалуу. Биздин негизги максат –пайдалуу шириндиктерди баарына жеткиликтүү кылуу. Негизи натуралдуу азыктар кымбат болот деп ойлошот. Бирок биз өзүбүз кургатылган жемиштерди жана жаңгактарды өндүргөндүктөн өтө деле кымбат болбойт экен. Ошону менен бирге биздин технологиябыз, бизнес модель продукцияны кымбат эмес кылып өндүрүүгө мүмкүнчүлүк жаратты.

– Азыр канча адамды жумуш менен камсыз кыласыз?

– Азыркы учурда компанияда 15 адам иштейт жана алардын сегизи Баткенде цехте иштешет. Жаңы цехтин курулушу бүтсө, 50гө чукул адамды жумуш менен камсыз кыла алабыз деп турабыз.

– Эмне үчүн цех Бишкекте эмес, Баткенде?

– Биздин цех Баткен шаарына жакын Бужум айылында жайгашкан. Биз алгач цехти Бишкек шаарында ачкан элек, бирок кийинчерээк Баткенге көчүрүп  салдык, себеби, ал жакта жумушсуздук маселеси бар. Биз бир аз болсо да салым кошуп,  элдердин бир аз бөлүгүн жумуш менен камсыз кылгыбыз келди. Чындыгында бизге логистика жагынан кыйын жана бул жакта өндүрүүчүлөргө эч кандай шарттар каралган эмес. Мен жакында цехти чонойтуу максатында имарат издедим, бирок таба албадым. Бизде цехке өтө ылайыктуу чоң-чоң ресторандарыбыз бар экен, бирок тилекке каршы, биздин эл керексиз чыгашаларга үйрөнүп калган. Мен ар дайым той кылгандарды көргөндө, ушул жерди сонун өндүрүүчү цех кылса болот экен деп суктануу менен караймын. Азыр болсо биз өзүбүз цехти чоңойтуп, куруп жатабыз.

Чийки заттарды Баткенден эле аласыздарбы же башка жактан да ташып келесиздерби?

– Өрүк Баткенден, кайналы, балды Оштон, жаңгакты Жалал-Абаддан, жер жаңгак, мейизди болсо коңшу өлкөлөрдөн алабыз. Ал эми какао Европадан келет.

Азыр өндүргөн продуктту Кыргызстандан сырткары кайсы өлкөлөргө экспорттоп жатасыздар?

– Продукция азыркы учурда Москва шаарында сатылып жатат. Жакын арада буюрса, араб өлкөлөрүнө жана Европа мамлекеттерине экспортоо жолунда турабыз.

Ишканаңызды ачкандан тартып, кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз? Дегеле, КРда бизнес баштоонун оң жана терс жактары кандай?

Менин байкаганым, бизде жаш болсоң бул жаш, тажрыйбасы жок алдаса болот дегендей мамиле жасашат. Бир нече жолу мага «биздин соода маркабыз менен өзүңдүн момпосуйуңду өндүрүп бер» деп сунуш кылышты. «Биз менен иштесең чоң көлөм болот, сен өзүң көп сата албайсың» деген учурлар да болот. Мен аларга «мен өзүбүздүн брендди өнүктүрүүгө кызыктармын, чыгарып жаткан продукциямдын чоң мүмкүнчүлүктөрүн көрүп турамын» деп жооп берип келем. Менин оюмча, бизде продукт өндүрүүгө өтө чоң мүмкүнчүлүктөр бар, себеби, бул тармакта алектенгендер өтө аз жана конкуренция да көп эмес.

Бизнести канча каражат менен баштадыңыз?

– Биз алгач бизнесибизди өнөктөш менен 120 миң сом менен баштаган элек. Баштаганыбызга 2 жылдай болуп калды. Азыркы учурда 4 млн сомго жакын акча короттук жана дагы 4 млн сом инвестиция кылууга даяр инвестор бар. Өндүрүштүн көлөмү чоңойгон сайын, көп каражат талап кылынат экен.

– Жаңы бизнес баштап жаткандарга эмне деп кеңеш берет элеңиз?

– Мени азыркы деңгээлге жеткирген – бул менин кыялдарым жана өзүмдүн идеяларыма болгон ишенич. Эң негизгиси бул кыялдануу, себеби ишкер адам – бул кыялкеч адам. Эгерде бир нерсе кылуу жолуна түшсөңүз, артка кайтпаңыз, өзүңүзгө толук ишениңиз деп айтаар элем.

Read more

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас районунун Беш-Таш айылында быйыл күзүндө Арашан бренди менен ичүүчү минералдык суу чыгаруучу кичи завод иштей баштайт. Долбоор Талас районунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Башкармалыкта белгиленгендей, ишкананын курулушуна 10,1 млн сом каралса, анын 7 млн сому жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн.

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын Борбордук анализ жана аналитикалык лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына ылайыктуулугу боюнча аккредитациялык сертификатка ээ болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Компания белгилегендей, бул стандарт сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына талаптарды белгилейт жана алардын масштабына карабастан лабораториялык сыноолорду жүргүзгөн бардык уюмдарга жайылтылат. Аккредитация

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

2025-жылдын 23-июлунда «Альянс Алтын» компаниянын расмий штаттык курамына 1000-кызматкер кабыл алынды. Бул тууралуу ишкана билдирди. Такталгандай, жаңы кызматкер Сасык-Булак айылынын (Шумкар-Уя айыл аймагы) тургуну Сыргак уулу Бекболсун болду. Ал 18-июлда ишкананын Автотранспорт башкармалыгынын Автоунааларды оңдоо кызматына нөөмөтчү автослесарь болуп жумушка орношкон. Бул символикалык сан кызматкерлердин катары көбөйүп жатканын гана эмес,

Таласта аймакты өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды — «Альянс Алтын» ишке ашырууга жардам берет

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустун социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын кабыл алды. Ишке ашырууну министрлер кабинети «Альянс Алтын» компаниясы менен биргеликте ишке ашырат. Бул тууралуу облус жетекчиси Эрмат Жумаев билдирди. Долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө стимул болот деген ишенимин билдирди. «Акыркы 10 жылда «Альянс