Абдыгуловдун тушунда каржы системасында эмнелер өзгөрдү – сереп

Абдыгуловдун тушунда каржы системасында эмнелер өзгөрдү – сереп

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2014-жылдан бери иштеген кызматынан кетти. Бул мезгилде өлкөнүн финансы секторунда көптөгөн өзгөрүүлөр болду.

Economist.kg Улуттук банктын 2014-2021-жылдар аралыгындагы жумуштарынын эң маанилүү көрсөткүчтөрүн эске салат.

  • Акыркы сегиз жылдын ичинде орточо 4.5%ды түзгөн инфляциянын деңгээлин кармап тура алды
  • 2014-жылы акча-кредит саясатынын жаңы алкагына өтүп, жаңы «овернайт» инструменттери жана 7 күндүк кредит киргизилди
  • Сомдун алмашуу курсу 2014-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде (Россияга карата санкцияларды киргизүү + COVID-19 пандемиясы) ЕАЭБдин көпчүлүк өлкөлөрүнүн валюталарына салыштырмалуу туруктуу болду
  • 2014-жылдан 2021-жылга чейин АКШ долларына карата алсыроо төмөнкүдөй болгон:
    • кыргыз сому – 1.72 эсе
    • орусиялык рубль – 2.23 эсе
    • казак тенгеси – 2.75 эсе
  • Эл аралык дүң резервдердин өсүшү 2014-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде 1.5 эседен ашык болду. 2014-жылдын май айынын аягында бул көрсөткүч 2.2 млрд долларды 2021-жылдын 27-сентябрына карата 3.2 млрд доллар болгон.
  • Банк секторунун долларлашуу деңгээли тарыхый минимумга жетти: кредиттик портфелдин долларлашуусу 2014-жылдын июнунан 2021-жылдын июлуна чейин 52%дан 30%га, депозиттик базанын долларлашуусу 52%дан 42%га чейин төмөндөгөн.
  • Улуттук банк «Керемет» банктын кошумча капиталдаштыруусун 7.9 млрд сомго жана «Кепилдик фондун» 3.5 млрд сомго камсыздаган.
  • Кредиттик портфелдин жалпы көлөмү 2014-жылдын июлунан 2021-жылдын июлуна чейинки мезгилде 2.5 эседен ашык көбөйгөн. Сомдук насыялар 3.8 эседен ашып, эң жогорку ставкаларда өскөн.
  • 2014-жылдын июлунан 2021-жылдын июлуна чейинки мезгилде коммерциялык банктардын кредиттик портфелинин жалпы наркы 4.7 пунктка төмөндөп, жылдык 14.1%ды түзгөн. Улуттук валютадагы кредиттик портфелдин наркы көрсөтүлгөн мезгилде 5.9 пунктка төмөндөп, учурда жылдык 16.2%ды түзөт. Чет өлкө валютасындагы кредит портфели боюнча чен белгиленген мөөнөттө 6.5 пункттан ашык төмөндөдү жана учурда жылдык 9%дан ашты.
  • Чыгарылган «Элкарт» төлөм карталарынын саны 2014-жылдагы 221.4 миң картадан 2021-жылдын биринчи жарымынын аягында 2.2 миллиондон ашык төлөм карттарына чейин көбөйгөн.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 29 -сентябрда Толкунбек Абдыгуловдун Улуттук банктын төрагалыгынан кеткенин кабыл алды. 62 депутат «макул», 4 депутат «каршы» деп добуш беришкен.

Ал эми буга чейинки парламент жыйынында Абдыгулов келечектеги пландары тууралуу бөлүшүп, Эл аралык валюта фондунун кеңешчиси болоорун айткан.

Улуттук банктын төрагалыгы кызматына болсо мурдагы «Кыргыз лото» мамлекеттик компаниясынын директорунун орун басары Кубанычбек Бөкөнтаев дайындалды. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Эске салсак, Кубанычбек Бөкөнтаев «Мамлекеттик лотерея компаниясынын»  директорунун орун басары болуп иштеп турган учурда «Кыргыз лото» 25 млн сом чыгашага учураган.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын