Айсулуу Мамашова: Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен элдин эмес, банктардын кызыкчылыгын коргоп жатат

Айсулуу Мамашова: Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен элдин эмес, банктардын кызыкчылыгын коргоп жатат

Кечээ, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Улуттук банктын эсептик ченин 8%га көтөргөнү карапайым калкка терс таасирин тийгизет деген пикирин айтты. Эскерте кетсек, Улуттук банк ушул жылдын 29-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 50 базистик пунктка 8%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алган болчу.

Айсулуу Мамашова Economist.kg басылмасына жогоруда айтылган терс таасирлери калкка кандай таасир этерин жана бул банктар үчүн кандай пайда алып келери тууралуу айтып берди. Анын билдиргенине ылайык, эсептик чен көтөрүлсө, кредиттердин пайызы да көтөрүлөт.

«Эгерде эсептик чен көтөрүлсө, анда аз пайыздар жоголот, тагыраак айтканда, бүгүнкү күндө 8%дан аз ставкалар бир да банкта болбойт. Бул банктар үчүн жыргал нерсе. Инфляция болгон сайын банктар ушундай жолдор менен өздөрүн коргошот, бирок жөнөкөй калк үчүн бул өтө туура эмес. Азыр кымбатчылык учурда экономикага стимул бергендин ордуна Улуттук банк эмнегедир банктардын кызыкчылыктарын коргоп, ушул эсептик ченди көтөрүп жатат. Бул элге эч кандай пайдасы жок, мунун пайдасын бир гана банктар көрөт.

Ошондуктан Улуттук банк элдин кызыкчылыгын эмес, банктардын кызыкчылыгын коргоп жатат. Бул экономиканын өсүшүнө өтө терс жактарын көрсөтүшү мүмкүн. Кредиттер мурда деле эл үчүн жеткиликтүү эмес эле, мындан кийин, тилекке каршы, мындан да жеткиликтүүлүгү азаят», – деди ал.

Мамашованын айтымында, акчанын кымбатташы экспортерлор үчүн да таасирин тийгизбей койбойт.

«Биздин өлкө импортко көз каранды болгондуктан, дүйнөдө баалар көтөрүлгөн сайын, бизде да көтөрүлүп жатат. Эсептик чендин көтөрүлүшүнүн биздин экспортерлорубуз үчүн да жаман жактары бар. Анткени акча кымбаттайт, жарандарыбыз кымбат кредиттерди алышат, ошондо элестетиңиз, мурда 6.5-7 болсо азыр 1.5%га көтөрүлсө, банктар да эсептик чен көтөрүлдү деген шылтоо менен пайыздарын көтөрүп коюшу мүмкүн», – деди Мамашова.  

Белгилей кетсек, Улуттук банк 2021-жылы 13 интервенция жасап, эл аралык резервден 561.7 млн доллар короткон. Мамашова бул көрүнүштү жаман көрсөткүч деп баалады.

«Мен билгенден акыркы жумада эле 100 млн доллар интервенцияга чыгарышты, бул өтө туура эмес, жаман көрсөткүч, анткени бул банктын резервинен кетип жаткандыктан, бул акчаны кайра ордуна коюш керек.

Бүгүнкү күндө бир жумада 100 млн доллар кетиргендик – экономикабыз иштебейт дегенди билдирет. Ким бул акчаны алып жатат, кимге мынча доллар керек экен деген сыяктуу менде аябай чоң суроо жаралып жатат. Анткени экономикабыз анча чоң сумманы дароо керектебейт. Ушул мага белгисиз болуп жатат», – деди ал.

Белгилей кетсек, Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен сомдун наркын көтөрөт, жыйынтыгында, коммерциялык банктар да пайыздарын көтөрүүгө аргасыз болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, сомдун баркы көтөрүлүп, элдерге акча кымбаттайт. Кошумча, бериле турган кредиттерге кошумча пайыздар кошулат.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Кыргызстанды 2030-жылга чейин аймактык хабга айландырууну көздөйт

МинКаб Кыргызстанды 2030-жылга чейин аймактык хабга айландырууну көздөйт

Кыргызстандын геостратегиялык жайгашуусу өлкөгө финансылык, соода жана логистикалык агымдар үчүн ири аймактык хабга айланууга мүмкүнчүлүк берери 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасында белгиленген. Максатка жетүү боюнча негизги көрсөткүчтөр: * темир жол транспорту аркылуу жүк ташууну жылына 15 млн тоннага чейин көбөйтүү; * республикалык маанидеги автожолдордун кеминде 50%ын куруу жана оңдоо; * кампалык

"Үмүт үйүнө" 2 млн сомдон ашык камсыздандыруу сертификаты тапшырылды

"Үмүт үйүнө" 2 млн сомдон ашык камсыздандыруу сертификаты тапшырылды

11-февралда Бишкек шаарынын мэриясында "Үмүт үйү" социалдык стационардык мекемесинин директоруна 2 020 311,73 сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу сертификаты тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Сертификатты Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков тапшырышты. Мэр мүлктү өз убагында камсыздандыруунун маанилүүлүгүн

Башкы прокуратура жана ЕККУ адам сатууга каршы аракеттерди күчөтүүнү талкуулады

Башкы прокуратура жана ЕККУ адам сатууга каршы аракеттерди күчөтүүнү талкуулады

КРнын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Атайын өкүлү жана координатору Кэри Джонстон менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жолугушууда адам сатууга каршы аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Анын ичинде мындай кылмыштарды аныктоо жана иликтөө механизмдерин өркүндөтүү, жабырлануучулардын укуктарын коргоо жана

Былтыр Алматыга келген туристтер 2 миллионго жакындаган

Былтыр Алматыга келген туристтер 2 миллионго жакындаган

2025-жылы Алматыга туристтердин агымы көбөйгөнүн Казинформ кабарлады.  Өткөн жылдын алгачкы тогуз айында шаарга дээрлик 1,87 млн адам келген, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8%га көп. Алардын ичинен 563 миңден ашыгы чет элдик туристтер, ал эми дагы 1,3 миллиону ички саякатчылар болгон. Шаардын туризм башкармалыгынын маалыматы боюнча, тармакка