Чубак Темиров: IT тармагы өтө кирешелүү бирок тобокелдүү бизнес экенин түшүнүшпөйт

IT тармагы жогорку кирешелүү ошол эле учурда тобокелдүү бизнес экенин түшүнүшпөйт. Мындай пикирин бүгүн, 14-декабрда Economist.kg басылмасы уюштурган «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү барбы?» аттуу тегерек столдо Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө ички инвесторлор жок эмес, бар, бирок алар каражаттарын таптакыр башка тармактарга салышууда жана өлкөдө инвесторлук маданияты өнүгө элек.

«Бизде ички инвесторлор жок эмес, бар. Бирок алар акчаларын тойкана курууга, үй алуу сыяктуу башка жактарга салып жатышат. Алынган 20-30 квартиралары турат. Биздеги инвесторлук маданияты дагы да өнүгө элек. Биринчи кезекте инвесторлорду акчаны кайсы жака салыш керектиги тууралуу үйрөтүш керек.

Бизден акчаны IT тармагына кантип салыш керектиги тууралуу көп сурашат. Баары эле кыска мөөнөттүү кирешеге кызыгышат, азыр 100 сом салса, бир айдан кийин 1000 сом алууну күтүшөт. Алар бул жогорку кирешелүү ошол эле учурда тобокелдүү бизнес экенин түшүнүшпөйт. Биз инвесторлорду 100 сомду 10 компанияга салып, бирок алардын бирөөсүнөн гана пайда алууга даяр бол деген түшүнүккө жеткиришибиз керек», – деди ал.

Темировдун билдиргениндей, Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин кирешеси өсүп жатат, бирок бул негизинен буюртмалар болуп, алар биринчи кезекте аутсорсго иштешет. Алар каалагандай көбүрөөк компаниялардын негизделиши үчүн мамлекет тарабынан IT тармагына алгылыктуу колдоо керектигин ЖТПнын башчысы коңшу өлкөлөрдүн мисалында айтып өттү.

«Биз Өзбекстан, Казакстанга барганда көрүп жүрөбүз, аларда инфраструктура аябагандай өнүккөн, мамлекет аябай колдоо көрсөтүп келет. Мисалы, Өзбекстандын президенти шаардын борборунан IT шаарчанын курулушуна 6 га жер бөлүп берген. Ал курулуш иштери бүтүп, 2023-жылы толук ишке киришүүгө даярданып жатышат.

Биздин бийлик имарат бөлүп берген, бирок коңшу өлкөлөргө салыштыра турган болсок, шарттар жакшы эмес. Эгер мамлекеттин колдоосу тууралуу сөз кылсак, инвесторлор келгенде турган жерибизди, айтишниктерибизди көрсөтө тургандай болгон шарттарды түзүп берсе жакшы болмок», – деди ЖТПнын директору.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-Америкалык кызматташтык талкууланды

Кыргыз-Америкалык кызматташтык талкууланды

Бүгүн КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КРгы Америка Кошмо Штаттарынын Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Жолугушууда тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди жана “С5+1” форматындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Ж.Кулубаев КРсы АКШ менен саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүгө өзгөчө маани

Топографиялык сүрөткө тарттыруу эмнеге маанилүү?

Топографиялык сүрөткө тарттыруу эмнеге маанилүү?

Эгер сиз Бишкектен жер тилкесине ээ болуп, курулуш баштоону пландап жатсаңыз — эң биринчи кадам топографиялык сүрөткө тарттыруу болушу керек. Бул — сиздин объектиңиздин так жайгашкан жерин аныктап, жер астындагы инженердик тармактарды (түтүктөр, кабелдер ж.б.) көрсөтүүгө жардам берген маанилүү кадам. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. Бишкектеги жер тилкелеринин топографиялык пландарын Шаар

7-ноябрь иш күнү болот

7-ноябрь иш күнү болот

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, 7 жана 8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү — мамлекеттик майрам күндөрү болуп саналат. Ошол эле учурда, эмгек мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, бул күндөр иш күндөрү болуп эсептелет, бирок бир саатка кыскартылат.  Ал эми 8-ноябрь 6 күндүк иш

Кыргызстанда 9 айда эт продукцияларынын импорту өскөн

Кыргызстанда 9 айда эт продукцияларынын импорту өскөн

Кыргызстанга 9 айда эт продукцияларынын негизги түрлөрүнүн импорту өскөнү ЕАЭБ жана үчүчүнчү өлкөлөр боюнча жыйынтыкталган отчетунда көрсөтүлдү. 9 айы ичинде Кыргызстанга: –    үй канаттуулар эти  – 80,9 миң тоона; –    уй эти – 1,54 миң  тонна; –    чочко эти – 0,86 миң тонна; –    кой эти – 0,46 миң тонна.  Цифралар көрсөтүп тургандай Кыргызстанга