Медет Назаралиев: Жарандардын акчасы бар, бирок рынокто кирешелүү акча табуунун инструменттери жок

Медет Назаралиев: Жарандардын акчасы бар, бирок рынокто кирешелүү акча табуунун инструменттери жок

Жарандардын акчасы бар, бирок рынокто кирешелүү акча табуунун инструменттери жок. Андыктан алар ар кандай криптовалюта, каржы пирамидасы сыяктуу капкандарга түшүп калып жатышат. Жарандардын акчасын коргоо үчүн аларга коопсуз инструменттерди сунушташ керек.

Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Economist.kg басылмасы уюштурган «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү барбы?» аттуу тегерек столдо Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) төрагасы Медет Назаралиев билдирди.

«Биринчиден, сырттан инвестиция издеп кереги жок, учурда инфраструктураны жакшыртуу менен келечекте жакшы киреше алууга болот жана ошондо ички инвестиция дагы иштейт. Экинчиден, бул жарандардын акчасын коопсуз сактоо болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө жарандардын акчасы бар, бирок алар аны чоң пайыз менен салып, киреше алуунун инструменттерин издеп келишет. Ушул эле жол менен ар кандай криптовалюта, каржы пирамидасы сыяктуу капкандарга түшүп калып жатышат. Анткени рынокто кирешелүү акча табуу инструменттери жок. Жарандардын акчасын коргоо үчүн аларга коопсуз инструменттерди сунушташ керек», деди ал.

КФБнын президентинин айтымында, тыштан инвесторлор ички өнүккөн рынокко, өзүнүн жарандары өзүнүн компанияларына ишенген жерлерге гана келишет.

Ошондой эле Назаралиев «Манас» аэропортунун акцияларынын тез өсүп жатканын өлкөдө кирешелүү компаниялардын дээрлик жоктугу менен түшүндүрдү. Назаралиев билдиргендей, жарандар акцияларды сатып алышса, аэропорттун инфраструктурасын жакшыртуу менен алар келечекте кошумча инвестицияларды тартып, киреше алышмак.

«Манас» аэропортунун капитализациясы жылдын башында 9 млрд сомдун айланасында болуп, бир акциясы 330 сом болчу. Бүгүн, кечээ акыркы бүтүмдөрү жабылды, учурда анын капитализациясы 24 млрд сомдон ашык болуп, акциясы 870 сомго чыкты. Бул бүгүн ата мекендик рынокто кирешелүү компаниялардын акциялары жок дегенди билдирет. Аэропорт фонддо кирешеси өсүп жаткан жалгыз компания болуп саналат. Алар жыл аягында 3 млрд сомдон ашык киреше алууну күтүп жатышат», деди ал.

КФБнын башчысы Өзбекстандын мисалында ички инвестицияны өнүктүрүү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Өзбекстан капиталды өстүрүү, ички инвестицияны өнүктүрүү үчүн эң мыкты мамлекеттик 15 компанияны ички инвесторлордун пайда болуусу үчүн иштеп чыккан. Ал эми Казакстан андан да өйдө кетип, учурда үч компаниясы Лондондун биржасында катталган.

Назаралиев мамлекет портфелдик инвестицияларды тартуу менен өлкөгө жаңы инвестицияларды тарта алат жана ушундай ыкмалар менен инвестиция тартуунун жаңы жолдорун караш керектигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын