Кыргызстандын инвестициялык климаты учурда кандай? – тегерек столдогу талкуу

Кыргызстандын инвестициялык климаты учурда кандай? – тегерек столдогу талкуу

Инвесторлордун Кыргызстанга карата кандайдыр бир деңгээлде кооптонуу менен жасаган этият мамилеси өлкөнүн экономикасына из калтырган саясий туруксуздуктан улам болууда. Коомдук-саясий ишмердүүлүк масштабдан чыгып кеткенде, инвесторлор чочулап башташат, анткени мындай учурда бизнести коргоого мамлекет тарабынан кепилдик жок. Мындай кезде бизнесмендер ким жакшы кепилдик берсе, ошого добуш бере башташат. Дегеле, бизнес так, туруктуу эрежелерди жакшы көрөт.

Мындай негизги тезистерди 14-декабрда Economist.kg финансылык басылмасы уюштурган «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк барбы?» деп аталган тегерек столдо бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү айтышты.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков белгилегендей, быйылкы өкмөттүн саясаты бир топ белгисиздикти жаратты. Жалпысынан алганда, инвесторлор кандайдыр бир деңгээлде тынчсыздануу менен этият мамиле жасоодо. Экономикалык туруксуздукка коомдук-саясий туруксуздук жана тынымсыз шайлоо процесстери шарт түздү. Терс факторлордун катарында ал мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн ылдамдыгын да белгиледи.

– Окуяларга өтө бай саясий турмуш экономикалык стабилдүүлүккө өз изин калтырат, анткени бардык шайлоо алдында ири инвестициялардын басаңдашы байкалат. Олуттуу саясий процесстердин алдында инвесторлор ар дайым өз ишмердүүлүгүн жайлатып, андан кийин эмне болоорун, кандай шартта иштей ала тургандыгын, тоскоолдуктар тууралуу ойлошот.
Парламент конституциялык реформа, гильотин принциби боюнча мыйзамдарды инвентаризациялоо, кылмыш-укуктук реформа, экономикага өзгөчө кырдаалдарды киргизүү боюнча бир топ белгилүү мыйзам чыгаруу демилгелерин кабыл алды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча көп айтып жатып, президентти каршы пикир менен кайтарууга көндүрө алдык. Андан кийин экономиканын айрым тармактарында, өзгөчө тоо-кен тармагында салыктын жогорулашы тууралуу мыйзам долбоорлору көтөрүлдү. Жакында сууларды пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн жаңы ставкалары киргизилди, – деди ал.

Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) президенти Медет Назаралиев инвестиция жөнүндө сөз болгондо жарандыр эмнегедир дайыма чет элдик инвестицияларды түшүнөрүн айтат. Ал эми чет элдик инвестиция Кыргызстанга качан гана ата мекендик инвестиция иштей баштаганда келет:

– Ири инвесторлор менен баарлашып отуруп, инвесторлор ички рыногу өнүккөн, жарандары өздөрүнүн компаниярына ишенип, инвестиция салган өлкөлөргө гана келишээрин түшүндүк. Буга «Манас» аэропортунун акциялары абдан жакшы мисал боло алат. Мисалы, анын баасы жыл башында 330 сом болсо, учурда 870 сомго чейин көтөрүлдү. Бул абдан жакшы мисал.
Биз көп жылдан бери ушундай өтүмдүү компаниялар баалуу кагаздардын кошумча эмиссиясын ишке ашырууга аракет кылып келебиз. Биринчиден, жарандарыбыз инвестиция салып, пайда табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Экинчиден, бир эле «Манас» аэропортунун эмес, башка компаниялардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн да жакшы. Ички рынок акцияларды сатып алууга даяр турганда, тыштан инвестиция издөөнүн кереги жок, – деди ал.

КФБнын президентинин айтымында, бүгүнкү күндө акчасы бар кыргызстандыктар инвестиция салып, жогорку пайыздык үстөк менен киреше таба турган инструменттерди издеп жатып, криптовалютанын, каржы пирамидаларынын тузагына түшүүдө.

– Себеби рынокто ликвиддүү инструменттер жок. Жарандардын акчасын коргоо үчүн инструменттерди сунуштоо зарыл. Коңшу мамлекеттерди карап көрсөк, Өзбекстан ички инвесторлор пайда болушу үчүн капитал рыногун өнүктүрүү максатында ата мекендик IPOго 15 мыкты мамлекеттик компанияны даярдаган. Казакстан да бир топ алдыга кетти, алардын  чейин үч компаниясы Лондон биржасында катталды.

Бизнес-акыйкатчынын орун басары Сергей Пономарев белгилегендей, «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк барбы?» деген суроого жооп берүү үчүн биз ички, тышкы чөйрөнү талдап, бизнеске эмне жагарын, эмне жакпай турганын көрүшүбүз керек. Бизнес жөнөкөй эле аксиомаларды –  туруктуулукту, бизнести коргоонун кепилдигин, так жана туруктуу эрежелерди жакшы көрөт.

– Бизнес тынчтыкты жакшы көрөт: коомдук жана саясий ишмердүүлүк масштабдан чыгып кеткенде, инвесторлор чочулап башташат. Бул учурда бизнести коргоого кепилдик жок болот. Эгерде бизнести коргоо мүмкүн болбосо, кандай инвестициялык жагымдуулук жөнүндө сөз кылууга болот? Бизнесмендер жогорку кепилдиктерди бергендерге добуш бере башташат. Бизнес так, туруктуу эрежелерди жакшы көрөт. Маселен, экономикадагы өзгөчө кырдаалдар жөнүндөгү чуулгандуу мыйзам долбоорун эстеп көрөлүчү. Бул жерде так, туруктуу эрежелер барбы? Ооба, президент каршы пикирлерди угуп, кайра кайтарды – долбоор азыр бекитилип жатат, жаңы парламент аны кайра талкуулайт окшойт. Мыйзам долбоору кандай формада кабыл алынат жана ал дегеле кабыл алынабы, азырынча белгисиз. Анан эртең экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизип, эртеси өкмөт эч ким менен эч нерсе макулдашпай туруп, бизнес жүргүзүү эрежелерин өзгөртүп жатканда инвесторлор келмек беле? Мыйзам долбоорлорун талдоолорду эске алуу менен деталдуу иштеп чыгуу керек, ошондо өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна мүмкүнчүлүк түзүлөт, – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-Америкалык кызматташтык талкууланды

Кыргыз-Америкалык кызматташтык талкууланды

Бүгүн КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КРгы Америка Кошмо Штаттарынын Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Жолугушууда тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди жана “С5+1” форматындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Ж.Кулубаев КРсы АКШ менен саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүгө өзгөчө маани

Топографиялык сүрөткө тарттыруу эмнеге маанилүү?

Топографиялык сүрөткө тарттыруу эмнеге маанилүү?

Эгер сиз Бишкектен жер тилкесине ээ болуп, курулуш баштоону пландап жатсаңыз — эң биринчи кадам топографиялык сүрөткө тарттыруу болушу керек. Бул — сиздин объектиңиздин так жайгашкан жерин аныктап, жер астындагы инженердик тармактарды (түтүктөр, кабелдер ж.б.) көрсөтүүгө жардам берген маанилүү кадам. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. Бишкектеги жер тилкелеринин топографиялык пландарын Шаар

7-ноябрь иш күнү болот

7-ноябрь иш күнү болот

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, 7 жана 8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү — мамлекеттик майрам күндөрү болуп саналат. Ошол эле учурда, эмгек мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, бул күндөр иш күндөрү болуп эсептелет, бирок бир саатка кыскартылат.  Ал эми 8-ноябрь 6 күндүк иш

Кыргызстанда 9 айда эт продукцияларынын импорту өскөн

Кыргызстанда 9 айда эт продукцияларынын импорту өскөн

Кыргызстанга 9 айда эт продукцияларынын негизги түрлөрүнүн импорту өскөнү ЕАЭБ жана үчүчүнчү өлкөлөр боюнча жыйынтыкталган отчетунда көрсөтүлдү. 9 айы ичинде Кыргызстанга: –    үй канаттуулар эти  – 80,9 миң тоона; –    уй эти – 1,54 миң  тонна; –    чочко эти – 0,86 миң тонна; –    кой эти – 0,46 миң тонна.  Цифралар көрсөтүп тургандай Кыргызстанга