Канат Эшатов: Казакстандагы кырдаал КРгы күйүүчү майдын баасына таасирин тийгизбейт

Канат Эшатов: Казакстандагы кырдаал КРгы күйүүчү майдын баасына таасирин тийгизбейт

Казакстандагы кырдаал Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын (КММ) баасына эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов «Биринчи радиого» билдирди.

Анын айтымында, Казакстан аркылуу КРга КММ ташуу штаттык режимде жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, Казакстандын өзүндө курч кырдаалдан улам суюлтулган газга, бензинге жана дизель майына бааларды 180 күнгө убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.

«Казакстандагы кырдаал Кыргызстандагы мунай заттарына эч кандай таасири жок. Анткени биз Казакстандан эч кандай мунай затын сатып албайбыз, толугу менен бизге Россиядан келет. Ал эми Казакстандын бийлиги бүгүнкү күндө транзит токтоосуз өткөрүлүп турат деп кепилдик берип жатат», – деди Эшатов.

Эскерте кетсек, КРда үстөмдүк позицияны ээлеген күйүүчү май ташыган 3 субъект бар, алар – «Газпром», «Ростнефть» жана «Ред Петролеум».

Салыштыруу

Россияда күйүүчү май рыногун жөнгө салуу үчүн демпфинг механизми колдонулат. Эгерде бензинге жана дизелдик отунга экспорттук баалар шарттуу ички баадан жогору болсо, анда мамлекет бул айырманын бир бөлүгүн өндүрүүчүлөргө компенсациялайт. Болбосо мунай компаниялары айырманы бюджетке которот.

Казакстанда мунай өндүрүлүп, ал кайра иштетүүчү заводдордо иштетилет, бул республиканын мунай продукциясына болгон муктаждыгын жабууга мүмкүндүк берет. Ал эми дизелдик отунга болгон талаптын бир бөлүгү (болжол менен 30%) өлкө тарабынан, негизинен Россиядан келген импорт аркылуу жабылат. Казакстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго мунай жеткирүү базар баасында эмес, наркы боюнча жүргүзүлөт.

Беларусияда мамлекеттик үлүшү бар 2 ири мунайды кайра иштетүүчү завод бар: «Мозыр» мунайды кайра иштетүүчү заводу жана «Нафтан» ААК. Бул нефтини кайра иштетүүчү заводдордун өндүрүштүк кубаттуулугу республиканын мунай заттарына болгон муктаждыгын жабат. Мындан тышкары, республика мунай заттарын экспорттойт. 2020-жылы экспорттун көлөмү 8.49 млн тоннаны түзгөн.

Армения Кыргызстан сыяктуу импортко көз каранды өлкө. 2020-жылы Арменияда импорттун көлөмү 20.5% га көбөйгөн. Армениянын негизги импортерлору – Россия (69%), жана Иран (23.3%) болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэриясынын жаңы имараты 9 кабаттуу болот

Бишкек мэриясынын жаңы имараты 9 кабаттуу болот

Бишкек мэриясынын жаңы имараты тогуз кабаттуу болорун бүгүн шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында маалымдалды. Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрүнүн айтымында, жер алдындагы бөлүгүндө эки деңгээлдүү унаа токтотуучу жай каралып, ал алдын ала эсеп боюнча 80 автоунаага ылайыкталат. Жаңы имаратка кайсы түзүмдөр жайгаштырылаары

Ошто 100 жыл мурун курулган мектептин ордуна жаңысы курулат

Ошто 100 жыл мурун курулган мектептин ордуна жаңысы курулат

Ош шаарындагы 100 жыл мурун курулган №3 М.В.Ломоносов мектебинин эски имараты буздурулуп, ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп салынат. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоорду каржылоо республикалык бюджеттен каралып, курулуш иштерин 2026-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Белгилей кетсек, эски мектеп 1926-жылы курулган, учурда авариялык абалда.

Баткен облусуна 43 жол куруу техникасы тапшырылды

Баткен облусуна 43 жол куруу техникасы тапшырылды

Бүгүн Баткен облусуна 43 жол куруу техникалары тапшырылганын президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Техникалар Япониянын JICA агенттигинин колдоосу менен сатып алынып, "Баткен облусунун унаа жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу" долбоорунун алкагында Япониянын JICA агенттигинин колдоосу менен берилди. Ошондой эле Баткен районунда саатына 35 тонна өндүрүмдүүлүккө ээ

Сүт алуучулар эми сүттү майлуулугуна жараша бекитилген тариф менен алышат

Сүт алуучулар эми сүттү майлуулугуна жараша бекитилген тариф менен алышат

Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштери боюнча маалымат берип жатып, уй багуунун чыгымдары акталбай жаткандыгы жана сүттүн баасынын туруксуздугу боюнча депутаттын суроосуна жооп берди.  Анын айтымында, 2025-жылдын соңунан тарта сүт өндүрүүчүлөр менен аны кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы сүттүн сапатына жараша баа