Sun Planet Organic – Кыргызстандын жер жемишин өздүк бренд менен дүйнөгө экспорттогон жаш ишкер Бекназар Асановдун баяны

Кыргызстандын жер-жемиштерин эл аралык стандарттарга ылайыктап, сертификатталган органик азыктарын КМШ, Европа жана Араб Эмираттарына экспорттогон, 350 адамды иш менен камсыз кылган жаш ишкер, Sun Planet Organic компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана башкы директору Бекназар Асанов Economist.kg басылмасына ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.
– Алгачкы суроом, бизнесиңизди кантип баштап калдыңыз?
– Баарыбызга эле белгилүү болсо керек, дүйнө жүзү боюнча жапайы жаңгактын чоң үлүшү бизде. Жалпысынан Жалал-Абад облусунда 600 миң га жерде жаңгак, мисте, кара өрүк, жер жаңгак өсөт, аябай жаңгакка бай, түшүмдүү аймак. Кыргызстандын эң чоң байлыгы – бул токой жаңгагы. Бул дүйнөлүк рынокто Кыргызстанга чоң артыкчылык берип келет. Ушул артыкчылыкты эске алып, Кыргызстаныбыздын азыктарын бүгүн өздүк бренд (селфбренд) менен сатуудабыз.
Жогоруда айтып өткөндөй, биздин жарандар көбүрөк пайда көрсүн деген ниетте 2400 фермердин башын бириктирип, Sun Planet Organic кооперативин түзгөнбүз. Биз кара өрүктү, жаңгакты жана башка азыктарды фермерлерден 2-3 эсе кымбатыраак сатып алып, өзүбүз чагып, тазалап, таңгактап туруп экспортко жөнөтөбүз.
Албетте, аталган процесстин баары автоматташкан, заманбап жабдуулар менен жабдылган заводубузда жүрөт. Даярдалган соң, азыктарыбызды, дүкөндөгү текчеге жеткиче бир чынжырча менен көзөмөлдөп турабыз. Антпесек, биз ээлик кылган эл аралык деңгээлдеги сертификаттарга жооп бербей калабыз. Европага ылайыкталган сертификаттар учурда бизде гана бар жана бул чоң милдетти бийик көтөрүп, азыктарыбызга бир кыл кошпой таза жасап, жеткирип беришибиз – бир эле компаниянын эмес, бүтүндөй мамлекеттин жүзү десем болот.



– Тактап айтканда, Кыргызстандын өзүнүн азыгын экспортко чыгарат турбайсызбы?
– Ооба, Кыргызстандын азыгын гана чыгарабыз. Биздин Sun Planet Organic компаниябыз 6 жылдык тарыхы менен бүгүнкү күндө өлкө боюнча алдыңкы экспортчулардан болуп саналат. Албетте, аталган көрсөткүчкө оңой жеткен жокпуз, анткени экспортко ылайык текшерүүлөр өтө көп убакытты, мээнетти алып коет. Жолубуздагы кыйынчылыктарды жеңип, учурда азыктарыбызды Германия, Голландия, Бельгияга экспорттоп келебиз.
Ал эми Бириккен Араб Эмираттарына жана Франция мамлекетине жакынкы аралыкта экспорттоо үчүн жаңы келишимдер түзүлүп, процесс ишке кирди. Мындан тышкары, Швейцариянын бир компаниясы кызыгып жатат. Себеби, Европанын башка мамлекеттеринде бизге ишеним жогору. Алыскы чыгыш мамлекеттеринен Японияга экспорттоо боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Белгилеп кете турчу нерсе, бүгүнкү күндө бизден башка эч ким Европанын жана Араб мамлекеттеринин рыногуна чыга элек. FSSC 22000 (Food Safety System Certification), Fairtrade Certificat, Organic standart, Naturland, Control Union Certifications, ISO, «ХACCП» сыяктуу сертификаттарын алып, эл аралык стандартка ылайык, азыктарыбызды даярдап жана коргоп келебиз.
Бул аракеттерибиз мамлекет, чоң бизнес ассоциациялар жана Эл аралык уюмдар тарабынан бааланып келгендиги бизди кубандырбай койбойт. Атап айтканда, 2018-жылы «Мыкты экспортчу» наамына татысак, кийинки 2019-жылы болсо, «Жылдын Мыкты жаш ишкери» наамын алдык. 2020-жыл дагы биз үчун жемиштүү жылдардан болгон, анткени Экономика министрлигинен «ECO тармагында мыкты бизнесмен» аттуу дагы бир ийгиликти багындырдык.
– Sun Planet Organic компаниясынын азыктары кандай дүкөндөрдө сатылат?
– Азыктарыбыз Россиянын «Ашан», «Азбука Вкуса», «Лента», «Перекрёсток», «ВкуссВилл», «Глобус», «МарияРа» сыяктуу ири дүкөндөрүндө сатылат жана алардын 5000 сатуу түйүнүнө жеткирип беребиз, ал эми Европанын бир канча ири дистрибьютордук компаниялары менен иш алып барабыз.
– Экспортко чыккан азыктардын ассортименти кандай?
– Ассортиментте жаңгак, мисте, өрүк, жер жаңгак, кара өрүк, ит мурун, бадам бар. Кара кайналынын данегинен май чыгарабыз. 13 миң га жерибиз органик деген сертификациядан өткөн. Ал жерде өскөн токой, жапайы алмаларын Турцияга чай чыгарган заводго жөнөтөбүз. Бал менен бир канча Туркиянын жана Германиянын шаарларын камсыздайбыз.
– Сиздин компанияңыз кайрымдуулук иштерин көп жасайт. Жардам сурап кайрылышабы же бул кандайдыр бир сиздин ички идеологияңызбы?
– Негизи «Оң колуң берген садаканы, сол колуң билбеши керек» деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, көп кайрымдуулук иштерибизди айтпай, көргөзбөй кылууга аракет кылабыз. Ал эми кээ бирлери шыктандыруу ирээтинде, же башка ишкерлерди дагы чакыруу таризде кеңири коомчулукка тарап кетет. Нурсултан Кубанов аттуу жаш жеке ишкер досумдун демилгесин колдоп, билимге инвестиция жасоону туура көрдүк. Бул иштер уланып келе жатат. Келечекте биздин жаштарыбыз дагы чет жактардан билимге сугарылып, эл, жер көрүп, жаңы идеялардын арты менен ишканаларды ачып, мамлекетибиздин экономикасын көтөрсүн деген тилек арбын.
– Бизнесиңизди канча каражат менен баштадыңыз эле?
– Башында 1-2 тонна азык менен эле баштаганбыз. Сезондо 300-400 адамды жумуш менен камсыз кылабыз. Бизде сезон 6 айга чейин созулат. Жумуш кете берет токтобой.
– Токтобой деп айтып калдыңыз, пандемия учурунда кандай кыйынчылыктарга туш келдиңиздер?
– Пандемия, албетте, таасирин тийгизди, бирок убактылуу. Жеке биздин компанияга таасири көп билинген жок. Анткени бизде бир температурада кармай турчу сактоочу кампаларыбыз жана муздаткычтарыбыз бар. Ал эми пандемия 3-4 айга созулду. Жаратканыбызга шүгүр, фермердик иштер ортолоп калганда пандемия башталды, ал эми үрөн чогултуу учурунда аяктады.
– Жаңы Салык кодекси сиздин ишмердүүлүгүңүзгө кандай таасир этиши мүмкүн? Дегеле, бул тууралуу кандай ойдосуз?
– Көз карашым түз эле. Эл аралык деңгээлде ишмердүүлүк менен алектенген адам катары айткым келет, эгер биз өнүгүү жолуна түшөбүз десек, салык төлөшүбүз керек. Албетте, көп ишкерлердин каршы болуп жатканын дагы түшүнөм, мамлекет тарабынан дагы шарттар түзүлүүсү абзел. Ишкерлер бул мамлекеттин «чөнтөгү», мамказынаны толтурушат, иш орундарын түзүшөт, жалпак тил менен айтканда, ишкерлер булар мамлекеттин жергиликтүү инвесторлору. Бирок, дагы бир жолу айткым келет, көмүскөдөгү экономикабызды ачыкка чыгарып, жаңы жолго өтүшүбүз керек.
– Коңшу Казакстандагы абал сиздин, дегеле экспортчулардын жумушуна терс таасирин тийгизген жокпу?
– Кандай гана апаат келбесин, бизнеске эле эмес, жалпы социалдык-экономикалык абалга таасирин тийгизет. Болгондо дагы коңшу өлкө. Биздин чек араларыбыз бир, экономикалык тамырлар бир. Ошондуктан мындай кырдаал бизде дагы, коңшу мамлекеттерде дагы орун албашына тилектешмин.
– Жаш ишкерлерге кандай кеңештерди берет элеңиз?
– Ишкерликке кызыккан же жаңыдан алек болуп жаткан жаштарга кеңештерим: бир аракет менен эле токтобош керек. Ишкер адам идея менен ооруп, анын күнгөй-тескейине, ысык-суугуна чыдайм жана ийгиликке жетишем деп тилек кылып, эмгекке, амалкөйлүккө жана ийкемдүүлүккө өзүн көндүрүүсү зарыл. Мындан тышкары өнүгөм десе, адамдар менен диалог курууну өздөштүрүп, өзүн-өзү билимге дагы бөлүүсү көп жетишкендиктерди ээрчитип келет десем жаңылбайм.








