Италиялык кулпунайларды Кыргызстанда өстүргөн бизнесмен Алишер Кадыркуловдун баяны

Италиялык кулпунайларды Кыргызстанда өстүргөн бизнесмен Алишер Кадыркуловдун баяны

Ошто «Клубника Кыргызстан» деген фирма ачып, Европага барып кулпунай өстүрүү тууралуу окуп, Италиядан анын түшүмдү мол берген алдыңкы сортторун алып келип эгип, кыргызстандыктарды кулпунай менен камсыздаган Алишер Кадыркулов учурда 300гө жакын адамга бул тармакты үйрөтүп, өлкөнүн айыл чарба тармагын көтөрүүгө салым кошуп келет.

Алишер Кадыркулов Economist.kg басылмасына кулпунай өстүрүү ишинин артыкчылыктарын, түшүмдү мол берген сортторун жана аянты Ысык-Көл облусундай эле болгон Голландия бир жылда айыл чарба азыктарынын экспортун 100 млрд долларга жеткиргенин, ошондой эле төрт мезгили бар Кыргызстанда бул тармактын потенциалы жогору экендиги тууралуу айтып берди.

Бул ишти баштап калуума өлкөбүздөгү экономикалык каатчылыктан улам көп кыргызстандыктар сыяктуу эле Россияда иштеп жүргөндүгүм себеп болду. Ал жакта деле оңой болуп кеткен жок, жети шаарында иштедим. Акыркы жети жылда чет элдик фирмада жетекчилик кызматта эмгектендим. Бирок мекенден алыс жакта жүргөндө балдарым ал жактын салт-санаасын сиңирип баштаганын байкап, Кыргызстанга көчүп келдик.

2015-жылы Табылды Эгембердиевдин маегин окуп калдым. Анын ишкерлик тууралуу айткандарынан аябай таасирлендим.

Анан кантип иш баштасам болот деп изденип жүрүп, 3 багытты тандап алдым: туризм, айыл чарба, мал чарбачылык.

Алардын ичинен айыл чарбасы биз үчүн ыңгайлуу болгонун көрүп, жумушумду баштадым. Ошентип Ош шаарынан 3 гектарга жакын жер сатып алдык. Негизги каражатыбыз жер сатып алуу менен теплицага кетти. Жерди бөлүп сатып алгандыктан, аны 4 жылда төлөп бүттүк.

Теплица курууга 30 миң доллардан ашык акча кетти. Башында помидор отургузуп, андан банкрот болдук. Банкрот болгонубуздун биринчи себеби, помидор өстүрүү боюнча жакшы маалыматыбыздын жоктугу, экинчиси, жергиликтүү помидор өстүргөндөр бизге тажрыйбасы менен бөлүшкүсү келбегендиги, билгендерин башкаларга үйрөтүүнү каалабагандыгы болду. Албетте, помидор тууралуу жакшы билбей туруп, баштап алган биринчи күнөө өзүмдө.

Банкрот болгон соң эмне кылсам деп ойлоно баштадым, аркамды карасам Россия, алдымды карасам балдарым. «Баштасаң коркпо, корксоң баштаба» деген макалдын негизинде кайрадан аракет көрө баштадым. Элден өзгөчөлөнүп эмне өстүрсөм болот деп изденип отуруп, клубника жаатында иш кылууну туура көрдүм. Помидордо кетирген катачылыктарды эске алуу менен Кыргызстандагы кулпунайдын эң көп эгилген жерлерине – Чүй, Сузак, Баткенге барып жүрүп, кулпунай өстүрүүнүн сырларын өздөштүрдүм.

Биздин өзгөчөлүгүбүз – Кыргызстандагы өстүрүлгөн сортторун экпедик. Европадан эң жакшы деген түшүмдүү сортторун алып келдик.

Башында 10 сотыхтай жерге алып келип эгип көрдүк, карасак, жакшы болду. Ошентип 2017-жылы баштадык, быйыл төртүнчү сезон болуп жатат. Жазда апрель айларында кулпунайларыбыз бышып калат.

Канчалык кирешелүү? Мисалы, өткөн жылы жаз алдында кулпунайдын килограммын 800-900 сомдон сатып баштадык, мындай сатык бир жума болот, андан соң 600-500 сом болуп төмөндөп отуруп, 180 сомго түшөт. Бул эски кулпунайларга караганда баасына жана түшүмүнө салыштырмалуу дагы 3-4 эсе кирешелүү болот.

Эски сорттогу кулпунайлар киреше деле бербей калат. 1 гектардан эски кулпунайдан 5-6 тонна гана түшүм ала аласың. Биз сунуштаган кулпунай 1 гектардан 10-15, кээде, 20 тоннага чейин түшүм берет.

Ошондуктан, элдерге алдыңкы сорттогу кулпунайларды эгип, түшүмдүүлүгүн арттыргыла деп үйрөтүп жатабыз. Экинчиси, биз интенсивдүү технология менен өстүрөбүз, тамчылатма системасын колдонобуз, бул жерде элдер чөп отоо, чабуу деген көйгөйлөрдөн да кутулат.

Суусун, дарысын убагында берсе, киреше алып келчү жумуш. Бул менен ички жана тышкы миграцияны кандайдыр бир деңгээлде токтотсо болот деп ишенич менен айта алам.

Европага барып кулпунай өстүрүү жөнүндө үйрөнүп келдим. Ал жактын тажрыйбасын көрүп, кулпунай менен көптөгөн иштерди кылсак болот экен деген жыйынтык чыгардым.

Мисал катары, Голландия мамлекетинин аянты биздин Ысык-Көл менен бирдей аянтта, бирок алардын айыл чарбадагы бир жылдык экспорту 100 млрд долларды түзөт экен.

Эми Ысык-Көл облусу эле ушундай суммага экспорт кылып жатканын элестетиңиз. Голландиянын климаты жаанчыл, нымдуу келет. Ошолор 100 млрд доллар айыл чарбадан киреше таап жатса, биздин 4 мезгилибиз бар өлкөбүздө эмнеге болбосун деген ойдо апрелден баштап Кыргызстанды түрө кыдырып, кулпунай эгүүнүн пайдасы жана сырлары тууралуу семинарларды баштайлы деп турабыз. Дагы бир чоң артыкчылыгы – Кыргызстанда теплицалар салыктан бошотулган, бул кулпунай өстүрүүгө чоң түрткү берет.

Россиядан таап келген каражатыбызды бизнеске салдык. Компаниябызды «Клубника Кыргызстан» дегенибиздин себеби, келечекте, республикадан сыртка чыгып, башка өлкөлөргө да экспорттоону көздөп жатабыз.

Биздин өзгөчөлүгүбүз – кулпунай жаатында маалымат алам же көрүп кетем деп кызыккандар үчүн теплицабыздын эшиги ар дайым ачык. Кулпунай эгүүгө кызыккандар теплицага келип, консультация алып кетсе болот. Андан тышкары, кулпунай өстүрөт элем дегендерге бир жыл бекер консультация беребиз. Бир жылда алар кантип жерди даярдап, кулпунайды тиккендден тартып, бышканга чейин кеңири сабактарды алышат.

Көчөттөрдү жөн эле сатып койбой, түшүм алганга чейин үйрөтүп, көрсөтүп турабыз.

Эң чоң максатыбыз эле миграция агымын токтотуп, элдер үй-бүлөсү, балдары менен мекенинде бактылуу өмүр сүрүшсө экен деген тилегибиз. Ошондуктан колубуздан келген жардамыбызды бергенге аракет кылып жатабыз.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын