Мөмө-жемиштерди инновациялык күн кургаткыч менен кургаткан Рано Чекированын ийгилик баяны

Бүгүнкү ийгилик баяны Жалал-Абад облусунун Каба айылындагы ишкер айым Рано Чекирова тууралуу болмокчу. Ал мөмө-жемиштерди чогултуу жана кургатуу үчүн бириккен топтун лидерлеринин бири.
Анын өзү тууралуу жана киреше булактары тууралуу баяндарын өзүнүн сөзү менен беребиз.
«Мен Каба айылынын тургунумун. 24 жашымда жаш мугалим болуп иштеп жүргөн кезимде жаңгакты дүңүнөн сатып алам деп келип, ушул жерге келин болуп калдым. Турмушка чыккандан кийин үй тиричилиги менен алек болдум. Элеттин аялдарындай эле короодон чогулткан бир аз мөмө-жемишти үйдүн чатырында кургатып жүрдүм. Биздин айылдын жашоочулары негизинен жаңгак терип, мал багуу менен алектенишет, бирок түшүм алынбай калган жылдар да болуп калат жана районубузда жайыттар да азайып баратат. Жыл өткөн сайын үй-бүлөмдү, чоңоюп бараткан кызымды калтырып, Россияга иштеп кетишим мен үчүн кыйын боло баштады.

Күндөрдүн биринде биздин айылга кыргыз-герман долбоорунун адистери келип, биздин жамаатка аймактан бардык кошуналар колдоно ала турган күн кургаткычты орнотууну сунушташты. Менден мөмө-жемишти чоң көлөмдө кургатуу үчүн адамдарды кургатуу тобуна бириктире аламбы деп сурашканда, мен: «Кабатыр болбоңуз, менин чатырым кенен! Орун бар, баарына орун жетет!», – деп жооп бердим.
Күн кургаткычы мурда чатырга кантип кургатканыбызды унуттураарын ошондо билбептирмин. Кургаткычтын өзү да электр кубатына туташтырылган, ал кургатууга кеткен убакытты кыскартып, биз үчүн иш процессин жөнөкөйлөштүрдү.
Айылыбыздын тургундары менен биз дароо эле айырмасын байкадык: мурда үйдүн чатырында чаңга аралашып кара өрүктү бир жума кургатсак, күн кургаткычында таза жана жумшак бойдон калып 3-4 күндө эле кургап калат экен. Жайында кошуналарым менен пастила жасаш үчүн ар бири 80 литрден алты казан бышырып, эки күндө кургатып алчубуз.
Мени айылыбыздагы кургатуучу топтун жетекчиси кылып шайлаган соң, Жалал-Абадда азык-түлүк коопсуздугу боюнча уюштурулган окууга катыштым, ал жерден азыкты даярдоо, кургатуу процессине байкоо жүргүзүү, даяр продукцияны сактоо боюнча керектүү билим алдым. Мурда биз кургатылган азыкты түз эле полиэтиленге ыргытсак, азыр аларды кагаз баштыктарга салып сактайбыз, бул дагы алардын табигый түсү жана даамынын сакталышына өбөлгө түзөт экен.
Тренингдерде бизге дары чөптөрдүн касиети жөнүндө да айтып беришти, биз башка катышуучулар менен бирге сүрөттөрдү карап эле: «Ой, бул чөп Кабада өсөт да! Бул болсо Ооган-Талаада, Чарбакта да бар. Муну чайга да кошобуз!» – деп айтып берип жаттым.
Жадакалса бир чөптүн аталышын да билип алдым – «машра кымыздыгы» – аны мен мурда Москвадагы кофеканаларда иштеп жүргөндө көрүп калчумун. Ошондой эле дары чөптөрүн жылдын кайсы мезгилинде алар өскөн жерине зыян келтирбей чогултса болорун, биздин базарда эмнеге суроо-талап бар экенин үйрөтүштү.
Кургатуу топторунун башка жетекчилерине бала кезимде чоң энем менен бирге ар кандай чөптөрдү: кийик от, уйгак, каакым, бака жалбырак, сары чай чөп чогултканымды эстеп айтып бердим. Энем экөөбүз тоого чыгып төрт саат бою ал жерден чөп чогултуп, чоң энемдин жөнөкөй жана турмушта кереги тийе турган билими менин кулагыма күмүш сырга болуп калган эле.
Кургаткыч боюнча бардык керектүү маалыматты алып, биз кошуналар менен өз алдынча иштөө графигин түздүк, убакытты да макулдашып алдык. Ортобузда эч кандай таарыныч жаралган жок, анткени кургаткычтын торлору бошогондо мен дароо кошуналарга кабар берчүмүн.
Бири-бирибизге мөмө-жемиштерди туурап, кургаткычка салып, баарын кайра таңгактаганга жардам берип турдук. Балдарыбыз да кол алышып турушту, жаныбыздан чыгышкан жок. Пайдалуу шам-шумун да кургаткычка дароо кол сунуп жеп турушчу.
Бир жолу кошуна келиндер менен чогуу төркүнүм Ноокен районундагы мектептердин бирине эки кап кургатылган алмурут, алма, алча алып бардык эле, дароо эле кийинки жылга буюртма алдык. Алар ишкер айымдарды колдойбуз деп кургатылган мөмө-жемишти бизден алып, жаңы окуу жылы бою балдарга компот жасап беребиз дешти.
Ошондой эле биз жекече мобилдик Вотсап тобун түзүп алганбыз, анда биз жаңылыктан, сатып алуучулардын номурларын салып турабыз, ошондой эле кыргыз-герман долбоорунан тренингдерге чакыруулар жөнөтүлөт.
Тренинг аркылуу биз көп нерсени үйрөндүк, эми биз жаңы сатып алуучуларды издеп, башка райондордо жана аймактарда бизди тааныгандай кылып продукциябызга этикетка заказ кылабыз.
Жалал-Абад облусунун ар кайсы районуна барганда кызымды ээрчитип алам, Россияга иштегени кетип калган учурлардагы толуп калган сагынычыбызды жазганга аракет кылам. Жолдо жүрүп кызым мага продукциябыздын жарнамасы үчүн социалдык тармакты кантип колдонууну үйрөтөт дагы, азыр болсо жаңы этикетканы экөөбүз чогуу ойлоп чыгалы деп жатабыз.




Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан Жалал-Абад облусундагы жаңгак токойлорун жана жайыттарын башкарууга жергиликтүү жамаатты катыштыруу менен биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча кыргыз-герман долбоору жергиликтүү тургундарга киреше алуунун альтернативдүү жолдорун өздөштүрүүгө колдоо көрсөтүп келет. Жергиликтүү кызыкдар топтор үчүн күн кургаткычтар орнотулуп, окутуулар жүргүзүлүп, пайдалуу кеңештер берилет.
Бир гана Рано Чекированын үй-бүлөсү күн кургаткычты иштетип, төрт айда 700 кг алма, 30 кг алмурут, 150 кг кара өрүк жана 180 кг ар кандай дары чөптөрдү кургатышкан. Бул продукцияны сатып, бул үй-бүлө 78 800 сомдук кошумча киреше ала алышты.
Айтмакчы, кургатуучу топтор тарабынан даярдалган жана сатылган бардык продукциянын жалпы наркы 2019-жылы дээрлик 3 млн 500 миң сом, 2020-жылы 1 млн 500 миң сом жана 2021-жылы 2 млн 700 миң сомду түздү.
16-ноябрда Базар-Коргон районунда өткөн Жаңгак фестивалында кургатуучу топтордун продукциялары коюлган чатырлар өзгөчө орунду ээлеп, жергиликтүү жана чет элдик сатып алуучулардын кызыгуусун жаратты. Фестивалдын алкагында өткөн илимий-практикалык конференцияда жыгачтан тышкары токой продуктуларын чогултуу жана кайра иштетүү, ошондой эле жергиликтүү калктын альтернативдүү киреше булагы катары туризмди өнүктүрүү темалары талкууланды.