Эльдар Абакиров: Быйыл мигранттардан экономикага 1.5 млрд долларга аз акча келет, анын ордун эмне менен жабабыз, маселе ошондо

Эльдар Абакиров: Быйыл мигранттардан экономикага 1.5 млрд долларга аз акча келет, анын ордун эмне менен жабабыз, маселе ошондо

Кечээ, 16-мартта Бишкекте «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форум өттү. Форумда КРнын экономикасы, кризис, валютанын наркы, агрардык өнөр жай тармагындагы абал, геосаясий кырдаал жана жаңы мүмкүнчүлүктөр туурасындагы темалар ортого коюлду.

Форумдун алкагында, Экономика министринин мурдагы орун басары, ишкер Эльдар Абакиров Кыргызстандын экономикасындагы азыркы кырдаал тууралуу оюн бөлүштү.

Абакировдун айтымында, Кыргызстан акырындан туруктуу абалга келе жатат, бирок бул жылдагы кризисте сырттан келген акчанын көлөмү азаят.

«2008-жылдагы экономикалык кризисте мигранттардан келген акча 400 млн долларга азайган экен. 2014-жылдагы кризисте 500 млн доллардан азыраак, ковид кризисинде болсо, 600-700 млн доллардан төмөн көлөмдө келиптир, учурдагы кризисте болсо миллиарддан ашат деген ойдомун.

Кыргызстандын экономикасы өтө жөнөкөй – былтыры 2.7 млрд доллар Россиядан акча келди, 1.5 млрд долларга экспорт кылдык, 400 млн доллары Россияга экспорттон, 400 млн доллары алтын сатуудан түшкөн. Бул жылы 1-1.5 млрд долларга азыраак акча келет экономикага, маселе, ал акчанын ордун кайдан табабыз, эмне менен алмаштырабыз.   

Мен өзүмдүн башымдан эки кризисти өткөрдүм. Биринчи кризисте, Казакстанда банкта иштечүмүн, ошол 2008-жылдагы кризис Казакстанга катту тийди. Ошондо менин байкаганым боюнча, элде акча бар эле, бирок дүйнөлүк банктар Казакстандын рейтингин түшүрүп салган болчу, анын аркасында банктардын карызы 2 эсе түшүп кетти, тагыраак айтканда, 100 сомдук облигация 40-50 сомго төмөндөдү. Анан мен банктын төрагасына сунуш кылдым, ошол акчаны элден чогултуп, карызды жаап салалы дедим. Төрага кабыл алды, ошентип депозит боюнча ставка 10% болсо, 13-14%га көтөрдүк, 4 айда элден акча чогултуп, карызды жаап салдык.

Биз облигацияларды сатуунун аркасында 30 млрд сомдон ашык киреше көрдүк. Ошол кризисте биздин банк мамлекеттин эч бир жардамы жок кризистен чыгып кетти. Демек, мүмкүнчүлүктөр бар, болгону эмне түшүп кетти, эмне көтөрүлүп жатат, карызды кантип азайтса болот, анализ жасаш керек.

2014-жылдагы кризисте болсо, биз курулуш компанияны иштетчүбүз, ондон ашык чоң объекттерибиз бар болчу. Азыр курулушка каттуу сокку болот, анткени бул нан-чай эмес күнүгө ичип-жегидей, үйдү кийин алса деле болот. Аны биз 2014-жылкы кризисте сезгенбиз. Ошондо кеңешип, 3-4 объектти куруудан баш тартканбыз, бирок карасак, бизден ага чейин сатып алгандар сотко бергени жатышыптыр, анан биз 2 жолу чоң кредит алдык. Ошол кредиттин күчү менен жарым жылда курулуштун баарын бүтүрүп салдык.

Андан соң, көйгөйлүү, акчасын убагында төлөбөгөн кардарлардын батирлерин сатып, кредиттерди жаптык. 4 жыл дегенде араң жаптык, бирок сотко жеткен жокпуз, бүтпөй калган объектибиз калган жок. Киреше алган жокпуз, бирок кризистен чыгып кеттик. Биз батирлерди Россиянын шаарларындагы базарларга барып сатчубуз. Азыр заман өзгөрдү, кыргызстандык курулуш компаниялары Москванын IT, финансы, соода компанияларына, офистерге офис сатып алууну сунушташса болот.

Кризистен чыгып кетүүдө учурда өкмөттүн ролу аябай чоң. Мисалы, Баткенди каттуу жарнамалап, мамлекетке жылына 500 доллар төлөгүлө дагы, каалаган ишмердигиңерди жүргүзө бергиле деп коюш керек. Ал жерде салыктын ставкасы нөлгө барабар.

Кыргызстанга келбей калган 1-1.5 млрд долларды жабышыбыз керек. Баткен, Талас, Нарын, Кара-Колго медфакультеттерди ачып, ар бир шаарга 3 миңден пакистандык, индус студенттерди алып келели. Анткени 10 миң студент 150 млн доллар алып келет экономикага. Бир студент окуусун төлөп, тамак-аш жеп, батирде туруп, жылына 15 миң доллар таштайт. Эгерде 10 миң айтишник чакыра алсак, алардын орточо айлыгы 1.5 миң доллар, бул 180 миң долларга жетет. Ушундай жолдор менен мигранттардан келе турган акчанын ордун жабышыбыз керек.  

Мисалы, ошол эле лыжа базаларын айта турган болсок, россиялыктар Швейцарияга барып эс алышчу, ошолордун өкүлчүлүктөрүн бизде ачып, туристтерди бул жака тартыш керек.

Кризис каттуу экенин да кабыл алышыбыз керек. Сом долларга карата 105 сом экенин эске алсак, мисалы, акча массасы Кыргызстанда 100 млрд сом болсо, азыр 126 млрд сом болду. Мисалы, бир бөтөлкө суу 5 сом болсо, азыр 6 сом турат, айырмадагы 1 сомду Улуттук банк басып чыгарат. Каалайбы, каалабайбы, экономикага киргизет.

Маселе, кантип киргизет, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүп коебу же Кыргызстанга валюта ташый турган экспортерлор аркылуубу, өкмөттүн планында бар. Азыр өндүрүшчүлөрдө эң чоң маселе – бул кэш. Ташып келүүчүлөр мурдагыдай аванс менен товар бербейт, 100% акча сурап калды. Андыктан өндүрүшчүлөргө тез арада акча керек.

Мен ойлойм, ошол 126 млрд сомду экспортерлорго бере алсак, 3 маселени чечебиз. Биринчиден, алар банкрот болбой калат, экинчиден, салык төлөшөт, үчүнчүдөн, жумуш менен камсыздоочу ишканалар жоголбойт», – дейт Абакиров.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэриясынын жаңы имараты 9 кабаттуу болот

Бишкек мэриясынын жаңы имараты 9 кабаттуу болот

Бишкек мэриясынын жаңы имараты тогуз кабаттуу болорун бүгүн шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында маалымдалды. Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрүнүн айтымында, жер алдындагы бөлүгүндө эки деңгээлдүү унаа токтотуучу жай каралып, ал алдын ала эсеп боюнча 80 автоунаага ылайыкталат. Жаңы имаратка кайсы түзүмдөр жайгаштырылаары

Ошто 100 жыл мурун курулган мектептин ордуна жаңысы курулат

Ошто 100 жыл мурун курулган мектептин ордуна жаңысы курулат

Ош шаарындагы 100 жыл мурун курулган №3 М.В.Ломоносов мектебинин эски имараты буздурулуп, ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп салынат. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоорду каржылоо республикалык бюджеттен каралып, курулуш иштерин 2026-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Белгилей кетсек, эски мектеп 1926-жылы курулган, учурда авариялык абалда.

Баткен облусуна 43 жол куруу техникасы тапшырылды

Баткен облусуна 43 жол куруу техникасы тапшырылды

Бүгүн Баткен облусуна 43 жол куруу техникалары тапшырылганын президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Техникалар Япониянын JICA агенттигинин колдоосу менен сатып алынып, "Баткен облусунун унаа жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу" долбоорунун алкагында Япониянын JICA агенттигинин колдоосу менен берилди. Ошондой эле Баткен районунда саатына 35 тонна өндүрүмдүүлүккө ээ

Сүт алуучулар эми сүттү майлуулугуна жараша бекитилген тариф менен алышат

Сүт алуучулар эми сүттү майлуулугуна жараша бекитилген тариф менен алышат

Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштери боюнча маалымат берип жатып, уй багуунун чыгымдары акталбай жаткандыгы жана сүттүн баасынын туруксуздугу боюнча депутаттын суроосуна жооп берди.  Анын айтымында, 2025-жылдын соңунан тарта сүт өндүрүүчүлөр менен аны кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы сүттүн сапатына жараша баа