Кыргызстандын жарандары канткенде экономикалык өсүштүн локомотиви боло алат? Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви менен маек

Кыргызстандын жарандары канткенде экономикалык өсүштүн локомотиви боло алат? Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви менен маек

Дүйнөлүк банктын эсебине ылайык, Кыргызстанда кыздар менен балдар 11 жылдык окуу жайын аяктаган кезде алардын алган билиминин сапаты Сингапурдун сегиз жылдык билимге ээ болгон өспүрүмдөрүнүн билиминин деңгээлине барабар болгон. Ошол эле учурда адам капиталы КРнын туруктуу өсүшүн камсыз кыла турган жалгыз нерсе.

Мындай пикир өткөн аптада Бишкекте инсандык өнүгүү форумунун негизги темасы болду. Бул тууралуу Economist.kg Дүйнөлүк банктын КРгы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви менен маектешти. Накви басылмага берген маегинде Кыргызстанга адам капиталын өнүктүрүүдө кандай жардам бере аларын, ошондой эле Дүйнөлүк банктын бул багыттагы долбоорлору тууралуу айтып берди.

Маектин толук версиясын видеодон көрсөңүз болот.

Форумда кандай макулдашуулар болду? Кандай жыйынтыкка келдиңиз?

— Бул форум өкмөттүн адамдык өнүгүү жаатындагы жарыяланган артыкчылыктуу багытына ылайык уюштурулду. Экономика, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагында COVID-19 пандемиясынан келип чыккан соккуларды, ошондой эле калктын жакыр катмарын эске алуу менен, азыркы шарттарда дал ушул тармакка көңүл буруу зарыл экенин түшүндүк.

Форумдун алкагында социалдык коргоо чараларын кеңейтүү боюнча жаңы программаларды талкуулап, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча макулдаштык.

— Дүйнөлүк банк бул багытта ишке ашыра турган программаларды айттыңыз. Бул долбоорлордун көлөмү жана шарттары тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

Учурда бизде үч долбоор ишке ашып жатат.

  • Ооруканаларды даярдоого колдоо көрсөткөн негизги COVID-19 илдетине реакция кылуу долбоору жана вакциналарды сатып алуу үчүн 20 млн долларлык бул долбоорго кошумча каржылоо бергени турат. Бул долбоор ишке ашыруунун алдыңкы баскычында десек болот.
  • Саламаттыкты сактоону жакшыртуу программасы боюнча болжол менен 37 млн доллар.
  • 50 млн долларлык билим берүү долбоору өлкөдө мектепке чейинки билим берүү кызматтарын кеңейтүү үчүн даярдалууда. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу багытында мектеп имараттарын калыбына келтирүү жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоор да бар.

Мындан тышкары, биз талкууларды баштадык жана жогорку билим берүү тармагында долбоорлорду даярдоонун алдыңкы баскычында турабыз. Биз университеттердин сапатын көзөмөлдөө системасын жалпы жакшыртууну камсыз кылууну, ошондой эле чет өлкөлүк университеттер жана өлкөдө ишканалар менен өнөктөштүктө беш инновациялык борборлорду түзүүдө өкмөткө колдоо көрсөтүүнү каалайбыз.

Биздин аймакта COVID-19 пандемиясынан тышкары, көпчүлүгү Россияда иштеген эмгек мигранттарынын киреше булактарына коркунуч туудурган конфликт чыгып жатат. Мигранттарды жумуш менен камсыз кылуу, аларды кайра даярдоо үчүн колдоо көрсөтүү, ошондой эле КРда же өлкөнүн чегинен тышкары эмгек рыногун даярдоо керек.

Социалдык коргоо долбоору өлкөдөгү жакыр жана аярлуу катмарды социалдык жактан коргоо системасынын пайдубалын түзөт. Биз баштапкы долбоорду каржылоону 25 млн доллар деп үмүттөнүүдөбүз, ал июль же август айларында Дүйнөлүк банктын директорлор кеңешине сунушталып, сентябрда кыргыз өкмөтү тарабынан бекитилет, андан кийин биз аны тез арада ишке ашырууга даярдайбыз.

— Сиздин оюңузча, бийлик кандай тармактарды өнүктүрүшү зарыл?

Саламаттыкты сактоо тармагында, менимче, келечектеги пандемияга даярдыгыбызды күчөтүшүбүз керек. Бул мындан аркы кызматташуунун багыттарынын бири. Экинчиден, саламаттыкты сактоо тармагында өкмөт калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн базалык пакетин өркүндөтүү боюнча иш алып барууда, ал эми Дүйнөлүк банк бул пакетти так аныктоо үчүн министрлер кабинети менен иштешүүдө. Акырында, калкы өтө жаш өлкө үчүн саламаттыкты сактоо кызматтарынын кандай түрү оптималдуу экендигин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Билим берүү тармагында биз балдарга мектепке чейинки билим берүү ишин маанилүү деп эсептейбиз. Мына ушул жерден биз балдарга, ошондой эле алардын энелерине көптөгөн жеңилдиктерди берген мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшырта алабыз.

Балдарга мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин болушу энелердин эмгек рыногуна катышуусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзөт. Акыркы 30 жылдын ичинде өлкөдө аялдардын эмгек рыногуна катышуусу төмөндөп кетти жана бул тенденцияны артка кайтаруу зарыл. Эгерде КР тез өнүккөн экономикалык өсүштү кааласа, аялдардын эмгек рыногуна катышуусу маанилүү шарт болуп саналат.

Биз ошондой эле Билим берүү министрлиги менен иштеп жаткан университеттерде окутуунун сапатын жакшыртуучу, сапатты көзөмөлдөө механизмдерин аныктоо боюнча иш алып баруудабыз. Менимче, бул багыттар Дүйнөлүк банк менен өкмөттүн ортосунда макулдашылган приоритет катары иштейт.

— Мамлекет менен кызматташууда жана адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча долбоорлор аркылуу кандай натыйжаларга жетүүнү каалайсыз?

— Биз өкмөт менен сүйлөшкөндө, алар өлкөдөгү ар бир баланын эң мыкты билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тутумуна ээ болушун каалап жатканын байкадык. Ошондуктан мен Дүйнөлүк банктын буга көмөктөшүү үчүн өз билимин беришин каалайт элем. Албетте, биз кандайдыр бир каржылоону камсыздай алабыз, бирок менин оюмча, биздин эң маанилүү салымыбыз – бул дүйнө жүзү боюнча ишибиздин алкагында алган билимибиз.

КРнын калкы өлкөнүн өсүшүнүн кыймылдаткычы болуусу үчүн бардык жерде билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун жана социалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга басым жасоосу зарыл деп ойлойм.

Алтын жана эмгек мигранттарынын которгон акчалары өлкөнүн динамикалык өсүшүн камсыз кылуу үчүн жетишсиз негиз болуп саналат. КРнын туруктуу өсүшүнүн бирден-бир фактору – бул анын адамдык капиталы.

Ошондуктан адамдарга, алардын билимине жана ден соолугуна инвестиция салуу, ошондой эле Сингапурдагы, Европа өлкөлөрүндөгү жана Япониядагы университеттердин бүтүрүүчүлөрүнө салыштырмалуу алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу – өкмөттүн алдында турган максат жана Дүйнөлүк Банктын максаты. Биз ал максаттарга жетүү үчүн өкмөткө колдон келген бардык жардамыбызды беребиз.

Read more

«Альянс Алтын» Талас районундагы өрттү өчүрүүгө жардам берди

«Альянс Алтын» Талас районундагы өрттү өчүрүүгө жардам берди

Талас районундагы Кара-Ой менен Сасык-Булак айылдарынын ортосундагы өрттү өчүрүүгө «Альянс Алтын» кен ишканасы жардам берди. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Такталгандай, Кара-Ой айылынын тургундары 20-мартта өздөрүнүн айылы менен Сасык-Булак айылынын ортосунда өрт чыкканын билдиришкен. Жарандардын айтымында, өрт бат эле куураган өсүмдүктөргө жайылып, Талас дарыясынын жанындагы алма бакка жеткен.

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластык жаш ишкер Бермет Мусаевага жеңилдетилген пайыз менен насыя берилди жана «Хонда стрим» үлгүсүндөгү автоууна гранттык түрдө тапшырылды. Каражат «Альянс Алтын өнүктүрүү фондунан» жумшалды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди. Ишкер айымга колдоо көрсөтүүгө «Альянс Алтын өнүктүрүү фондуна» республикалык «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк» коомдук фондунан кайрылуу түшкөн. Аталган кайрылууну

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, шылуундар WhatsApp аркылуу билдирүүлөрдү таратып, өздөрүн «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору же кызматкери катары тааныштырышууда. Алтын сатып алууну же компаниянын атынан каржылык операцияларга катышууну сунушташууда. «Булар алдамчылар! Ишенбеңиз! «Альянс Алтын» ЖЧКсы жеке адамдарга алтын сатпайт жана мессенджерлер аркылуу

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы Кыргызстандын экинчи ири алтын өндүрүүчү «Алтын Альянс» компаниясы өлкө бюджетине 9.3 млрд сом салык которду, анын ичинде декабрда 883 млн сом. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Компаниянын маалыматы боюнча, 2015-жылы долбоор башталгандан бери компаниянын жалпы салык төлөмдөрү 24.3 млрд сомдон ашты. Көрсөтүлгөн мезгилде Талас алтын кен