Эмнеге азык-түлүк кымбаттап жатат, айлыктар качан көтөрүлөт жана экономикабыз эмне болот — Экономика министри менен маек

Эмнеге азык-түлүк кымбаттап жатат, айлыктар качан көтөрүлөт жана экономикабыз эмне болот — Экономика министри менен маек

Пандемия акырындык менен басаңдап, дүйнөлүк экономика соккулардан эми өзүнө келүүдө. Кыргызстан да башына түшкөн экономикалык соккудан оңоло баштады, бирок пандемиядан тышкары дүйнөдө болуп жаткан көптөгөн башка окуялар биздин экономикага да таасирин тийгизүүдө.

Кыргызстандын экономикасынын абалы кандай, импорттон көз карандылык качан жоюлат жана жылдын аягына чейин азык-түлүктүн баасы кандай болот? Бул суроолорго Economist.kg басылмасынын башкы редактору Азиза Бердибаева экономика жана соода министри Данияр Амангелдиевден жооп алды.

— Дүйнөлүк экономика пандемиядан кийин кайра өзүнө келүүдө, Кыргызстан да ушул багытта иштеп жатат. Бирок, азык-түлүктүн баасы дагы эле асмандап баратат. Эмнеге?

— Биринчиден, Кыргызстандын экономикасы чакан жана азык-түлүк рыногунда дүйнөлүк оюнчу эмес экенин белгилей кетүү керек. Ошондуктан биз импорттон, тышкы оюнчулардан, тышкы факторлордон абдан көз карандыбыз. Азык-түлүк толугу менен биржалык товарлар болуп саналат жана биржа көтөрүлгөндө, өлкөнүн ичинде бааларды кармасак дагы, аларды салыктык маневр жасабаган өлкөлөр “жууп” кетет.

Мисалы, биз бааны турукташтыруу үчүн дээрлик бардык социалдык маанилүү товарларга импорттук КНСти нөлгө түшүрдүк. Ага жараша импорттолуучу бардык продукцияларга, чийки заттарга: б.а. буудай, май, кумшекерге КНС салынбайт. Мындан тышкары, ички сатуу үчүн КНС да нөлгө түшүрүлгөн.

Демек, товардын баасын болжол менен 20-25%га арзандаттык. Биз бул бааларды көзөмөлгө алышыбыз керек, алар азыр дүйнөлүк азык-түлүк рыногу өсүп жаткан темпте өспөшү керек.

Мындан тышкары, биз 70%га импортко көз карандыбыз, ошондуктан инфляциябыз да импорттолгон. Ушундан улам продукциялар кымбаттап жатат. Бирок биз бир катар чараларды көрдүк. Биринчиден, импорттун ордун толтуруу программасын түздүк, башкача айтканда, жылдын башында кризиске каршы планга айыл чарбасын колдоо чараларын киргиздик. Азыр буудайдын элиталык сорттору алынып келинген, жакында өзүбүз түшүм алабыз.

Биз айыл чарбасында болжол менен 2% өсүү болот деп болжолдоп жатабыз, бул өткөн жылкы терс көрсөткүчкө салыштырмалуу жакшы көрсөткүч.

Ошондой эле күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташын токтотуу үчүн эки нефтетрейдерге жардам көрсөттүк. Эмне үчүн кичине компанияларды эмес, эки ири компанияны колдодуңар, деп катуу сындашты. Бирок биздин алдыбызда чакан бизнести колдоо эмес, рынокту толтуруу милдети турган.

Биздин бизнести колдоо үчүн бааны мамлекеттик жөнгө салууну колдонгон жокпуз, башкача айтканда, бааны жумшак жөнгө салуу жүрдү – базарлардагы бааларды көзөмөлдөп турдук. Менимче, калк кымбатчылыкты көрүп, мамлекет эмне үчүн эч нерсе кылбай жатат деп таң калат. Чындыгында, бул андай эмес, базарлардагы, ири соода түйүндөрүндөгү соодагерлер мамлекеттик жөнгө салууну түзүк эле сезип жатышат деп ойлойм, анткени биз социалдык маанидеги товарларга мониторинг жүргүзүп, таасир этүү ыкмаларын колдонуп жатабыз. Ошондой эле ири тармактар ​​менен жакшы келишим бар: алар рынокто баалардын өзгөрүү темптерин кармап турууга аракет кылышат.

Баалар анчалык кескин өспөйт деп болжолдоп жатабыз, анткени жалпысынан алганда ЕАЭБ өлкөлөрүндө товарлардын айрым түрлөрү боюнча жакшы түшүм күтүлүп жатат.

Биздеги инфляция импорттолуп келгенин эске алсак, калктын реалдуу кирешелеринин баркы жок болуп калганын түшүнөбүз. Кризиске карабастан, бюджетти ирилештирип, дээрлик бардык тармактарда эмгек акыны көтөрүү чечими кабыл алынды. Президент айлыкты олуттуу өлчөмдө көтөрүү милдетин койду. Мурда педагогикалык стажды же сааттарды кыскарта коюп, ар кандай маневрлер жасалчу. Азыр айлыктын таза өсүшү болжол менен 60%га жетти, кээ бир тармактарда айлык акысы 100%га чейин көтөрүлдү. Башкача айтканда, эмгек акысы көтөрүлгөнүн эл сезгендей болду.

— Бизде баалар өсүп жатат жана өсө берет, орточо айлык 22 миң сомду гана түзөт. Бул акчага үй-бүлөнү эмес, бир адамдын жашашы кыйын. Эмне үчүн бизде айлык мынчалык аз жана ал качан өсөт?

— Ооба, бүгүнкү күндө орточо айлык акы аз, анткени биздин экономикалык өсүш темпибиз ошондой. Ошондуктан продукциянын кошумча наркын көбөйтүү боюнча план түзүп жатабыз.

Менин оюмча, өткөн жылдын биринчи кварталында биздин экономика жакшы өсүш темпин көрсөтүп, реалдуу экономикалык өсүү темпи 5.7%ды түздү. ЭВФтин алдын ала болжолу кыйла төмөн – 0.5% диапазонундагы көрсөткүч болчу.

Жыл аягында экономикалык өсүш темпи 3.7% болот деп болжолдоп жатабыз. Жагдайларды эске түйүп, алдыбызга өтө бийик максаттарды койгон жокпуз. Албетте, биз өсүү темпи жок дегенде 5-6% болот деп пландаганбыз, бирок, ошентсе да чындыкка тике карап, бүгүнкү күндүн реалдуулуктары менен жашашыбыз керек.

Эмгек акынын өсүшү үчүн экономикалык өсүштүн темпи жогорулашы керек, бул үчүн биз азыр өнөр жайды жана экспортту абдан активдүү өнүктүрөбүз.

– Экономика жылбаса, айлык акы өспөйт. Экономикалык өсүштү стимулдаштырууга дагы кандай чаралар көрүлүп жатат?

– Бул үчүн биз азыр «Кыргызиндустрия» мамлекеттик ишканасын түзүп жатабыз, башкача айтканда, биз өнөр жайды өнүктүрө баштайбыз, эми өнөр жай тармагы тез өсмөкчү.

Бирок буга чейин көрүлгөн жана көрүлүп жаткан чаралар дароо натыйжа бербейт. Жылдын аягына чейин алар жок дегенде экономиканын туруктуулугун камсыз кылышы керек. Бүгүнкү күндө өнөр жай тармагында, тейлөө тармагында, атап айтканда, туризмде иштер жасалды.

Туризмди өнүктүрүү фондун түздүк, анткени туристтерди тартуу үчүн инфраструктураны түзө турган өзүнчө уюм керек. Биз кээ бир багыттарды колго алышыбыз керек. Өзүнчө бир аймакты алсак, алгач ал жакка ишкерлердин келишине шарт түзүп, инфраструктураны – жолдорду, эс алуу жайларын, ажатканаларды жана башка көптөгөн нерселерди өнүктүрүшүбүз керек.

Азыр бизде Туризм фондунун алкагында 30га жакын өнүгүү багыттары бар. Негизги максат – турист аэропортко түшкөндөн баштап, ыңгайлуулук жана маалымат менен камсыз болуусу.

Чыгармачыл экономика да азыр приоритеттүү багыттардын бири. Ошондой эле, жаңы Салык кодекси бизнестин жашоосун жеңилдетүү максатында иштелип чыккан. Эмнегедир баары нааразы болуп, Салык кодексин ККМдин киргизилиши менен байланыштырышат, бирок ККМдын жаңы кодекске таптакыр тиешеси жок.

Бирок кассалык машиналар боюнча бизнес үчүн да жакшыруулар жасалган – башкарууну жакшыртып, чыгымдарды кыскартып, ага бул кассалык машиналарды өзүбүз сатып алып, аларды бекер берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук.

Ошондой эле азыр айыл чарба техникасын жыйноо боюнча келишимге кол койгону жатабыз. Биз айыл чарба техникаларын жалаң импорттойбуз жана ошондуктан көптөгөн көйгөйлөрдү башыбыздан өткөрүп жатабыз. Азыр башкы милдет — айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү үчүн өзүбүздүн техникаларыбыз чыгарыла турган базаны түзүү.

Туризм фондун, «Кыргыз өнөр жайын», «Улуу көчмөндөрдүн мурасын” түзүүнү бардык тармактарда экономиканы жөнгө салууга мамлекеттин аракети катары көрүшөт, бирок андай эмес. Биз бизнести баштап берип, анан бизнес менен чогуу өнүгүүгө даярбыз.

Экономика өссө, мамлекет өссө, калктын реалдуу кирешелери да өсөт.

— Экспортту өнүктүрүү көп жылдардан бери талкууланып келет, бирок биз импортко көз каранды өлкөбүз, былтыр экспорт 506.8 млн долларды, импорт 2.5 млрд долларды түздү, эмне үчүн бул маселе көптөн бери чечилбей келет?

— Көйгөй биз экспортту өнүктүрүүнү токтотконубузда: сатууга жаңы рынокторду издөөнү токтоттук, өз продукциябызды сатууну токтоттук, башкача айтканда, импорттоо жана кайра сатуу биз үчүн арзаныраак болду – эбегейсиз зор экономикасы бар чоң коңшубуз жаныбызда турса, продукциянын кайсы түрү болбосун, өзүбүздө өндүрүүгө караганда ошолордон ташуу алда канча арзан болуп жатты.

Бирок азыр бизде импорттун ордун толтуруу программасы, өндүрүштүк кооперация түзүлүп, мурунку байланыштар калыбына келтирилип жатат. Мисалы, айыл чарба техникасын алалы. Эми бизде электромобилдерди чогултуу боюнча программа болот, биз машиналарды жыйноо маселесин талкуулап жатабыз — бул өнөр жай өндүрүшү болуп кетет.

Мындан тышкары, азыр биз фурнитура өндүрүүнү жолго коюп жатабыз. Бизде жеңил өнөр жай абдан өнүккөн. Аны колдоо боюнча өзүнчө программа бар. Бүгүнкү күндө алынып келинген фурнитураны ушул жерден чыгарууга аракет кылып жатабыз. Азыр «Кыргыз өнөр жайынын» алкагында жабдууларды сатып алып жатабыз. Жок дегенде топчу жана сыдырмалардан баштайлы деп, экспорттук продукцияны чыгаргыбыз келет. Кичинеден болсо да баштайлы, анткени азыр жадагалса ширеңке да чыгарбайбыз.

Ошондуктан азыр экспортту өнүктүрүү боюнча чоң программа ишке ашырылып жатат. Анын алкагында Президенттин жана министрлер кабинетинин төрагасынын колдоосу менен өндүрүшчүлөрүбүздүн экспортун стимулдаштыруу максатында келерки жылдын каражатын түптөп жатабыз.

Кандай стимулдар болмокчу? Продукцияларыбыз менен ири эл аралык көргөзмөлөргө катышуу жана потенциалдуу рынокторду издөө. Менимче, бул көргөзмө-жарманке иш-чаралары экспортту көбөйтүүгө олуттуу жардам берет. Биринчи этапта биз азыр 5тен 10го чейин экспорттук продукцияны аныктап жатабыз, аларга жигердүү түрткү бере баштайбыз, булар: айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы, балким, машина куруу жана туризм да болот.

Биз стенддерди жасап, ишкерлердин катышуусунун 50%ын төлөйбүз. Балким, экспозицияны жана продукцияны жеткирүү үчүн транспорттук чыгымдарды көтөрөбүз, бул тууралуу азыр дагы сөз болот, бирок ансыз биздин ишканаларды алып чыгуу жана көрсөтүү мүмкүн эмес. Бул максаттарга 100 млн сомго жакын каражат бөлүүнү пландаштырып жатабыз.

– ККМ темасы азыр ишкерлер үчүн абдан кызыктуу. Мындан улам бир нече жолу митингге чыгышты. Чынында эле башка альтернатива жокпу?

– Салык салуунун дүйнөлүк принциби бар: башкача айтканда, импорттук алымдар жана товарлар. Товарлар ири дүңдөн, орто дүңдөн баштап, чакан жана чекене соодага чейин бир нече циклден өтөт. Ошол бардык этаптарда салык салынышы керек, салык салуу принцибинин өзү ошондой.

Мындан тышкары, товарлардын жылышын тактоо. Товарлардын акциздик тобу – алдын ала божомолдоого оңой жана эң көп көзөмөлдөнүүчү топ деп эсептелет, ал эми бизде бул топ көмүскөдө. Мисалы, алкоголдук ичимдиктерди алалы. Чыныгы көлөмү азайбаганына карабастан, түшкөн салык төлөмдөрү бир топ кыскарган. Бул дөөлөрдүн ортосундагы чоң тирешүү.

Бүгүнкү күнгө чейин биз чакан жана орто бизнес үчүн чоң жеңилдиктерди бердик. Президент 8 млн сомго чейин жүгүртүүсү бар ишкерлерди салык төлөөдөн толугу менен бошоторун билдирип жатып, бир гана нерсени өтүндү – ири жеткирүүчүлөрдү аныктоого мамлекетке жардам берүү.

Муну да туура эмес түшүнүштү. Бул менен азырынча эч ким иштей электе эле, ири жеткирүүчүлөр олуттуу лобби жасап жатышат.

Митингге келгендердин 60%га жакыны мунун аларга тиешеси жок экенин, б.а. алар үчүн бул жеңилдик экенин түшүнүшөт. Биз аларга аппаратты бекер орнотобуз, алардан бир гана баскычты басып, чек басып чыгаруу гана талап кылынат. Ошол эле учурда патент үчүн 4000 сом төлөштүн кереги жок деп жатабыз. Бул жеңилдик эмеспи?

Биздин алдыбызда мындай милдет турат – өтө чоң жеткирүүчүлөрдү көмүскөдөн алып чыгуу. Биздин өлкөдө байлар менен кедейлердин ортосунда чоң ажырым бар жана биз бул социалдык адилетсиздикти адилеттүү салык салуу аркылуу жок кылабыз.

Биз коомдун орто катмарын түзүшүбүз керек.

Бизде ийгиликтүү бизнесмендер көп, бул жакшы. Бирок алар патентте отурушат, жүгүртүүлөрү чоң болсо да, эч нерсе төлөөгө милдеттүү эмеспиз деп эсептешет. Албетте, алардын бизнеси – бул алардын жеке эмгеги жана ишкерлердин классы калыптанганына ыраазыбыз, алар рынокторду, товарларды ж.б. өздөрү табышат. Бирок, ошентсе да, салык төлөө бул мамлекеттин туруктуу бөлүгү болуп саналат.

– Украинадагы согуш, Россияга карата санкциялар – бул окуялар биздин экономикага канчалык таасир тийгизет?

– Алар бизге чоң таасир тийгизет. Валюта курсунун туруксуздугун баштан кечирдик, азыр рублдин туруксуздугун сезип жатабыз. Биздин импорттун 70%ы Россиядан келет – бул биздин негизги стратегиялык соода-экономикалык өнөктөшүбүз. Бүгүнкү күндө импорт алда канча арзан, бирок экспорт кымбаттап жатат. Башкача айтканда, рублдин бекемделиши биздин тигүүчүлөргө оң таасирин тийгизүүдө, алардын реалдуу кирешелери өсүүдө. Ал эми импорттук продукциянын кымбатташы калкка таасирин тийгизип жатат, бул азык-түлүктүн кымбаттап жатканына байланыштуу. Башкача айтканда, мунун баары учурда Россияга карата болуп жаткан санкциялардын кесепеттери.

Мындан тышкары, биз азык-түлүк тартыштыгына дуушар болуудабыз. Бул экономикабызга чоң таасирин тийгизет, инфляцияны бир топ жогорулатат жана калкыбыздын реалдуу кирешелеринин арзандап кетишине алып келет.

Азыр инфляция эки орундуу санга жетти. Биз аны 6-7%, балким 8% чегинде кармап турууну пландаганбыз, бирок бүгүнкү күндө инфляция жылдын аягына чейин 15%дык деңгээлде болот деп болжолдонууда.

– Абал мындан да начарлайбы?

– Бул санкциялардан улам, мисалы, бажы кирешебиз кыйла азайып жатат. Биз бир бажы мейкиндигине киребиз, импортко чектөөлөр киргизилгендиктен, тиешелүү түрдө импорттук бажы төлөмдөрү түшпөй жатат. Бул санкциялар абдан маанилүү. Биз эл аралык финансы институттарындагы кесиптештерибиз менен жолукканда, санкциялар олуттуу экенин, алардын кесепеттери дүйнөлүк державалар тарабынан эске алынбай жатканын дайыма айтып келебиз.

Бул конфликт эки боордош элдин ортосунда болуп жатканы бизди абдан өкүндүрөт. Бирок, бир жагынан алганда, бул санкциялар биздин өндүрүүчүлөргө рынокто өз ордун ээлөөгө жакшы мүмкүнчүлүк берет. Орус өнөктөштөр болсо азыр биргелешкен долбоорлорду баштоого даяр. “Ыйык жер бош турбайт” деп коёт эмеспи, андыктан биздин ишкерлер шашылыш түрдө бош орундарды ээлеши керек.

Read more

«Альянс Алтын» Талас районундагы өрттү өчүрүүгө жардам берди

«Альянс Алтын» Талас районундагы өрттү өчүрүүгө жардам берди

Талас районундагы Кара-Ой менен Сасык-Булак айылдарынын ортосундагы өрттү өчүрүүгө «Альянс Алтын» кен ишканасы жардам берди. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Такталгандай, Кара-Ой айылынын тургундары 20-мартта өздөрүнүн айылы менен Сасык-Булак айылынын ортосунда өрт чыкканын билдиришкен. Жарандардын айтымында, өрт бат эле куураган өсүмдүктөргө жайылып, Талас дарыясынын жанындагы алма бакка жеткен.

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластык жаш ишкер Бермет Мусаевага жеңилдетилген пайыз менен насыя берилди жана «Хонда стрим» үлгүсүндөгү автоууна гранттык түрдө тапшырылды. Каражат «Альянс Алтын өнүктүрүү фондунан» жумшалды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди. Ишкер айымга колдоо көрсөтүүгө «Альянс Алтын өнүктүрүү фондуна» республикалык «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк» коомдук фондунан кайрылуу түшкөн. Аталган кайрылууну

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, шылуундар WhatsApp аркылуу билдирүүлөрдү таратып, өздөрүн «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору же кызматкери катары тааныштырышууда. Алтын сатып алууну же компаниянын атынан каржылык операцияларга катышууну сунушташууда. «Булар алдамчылар! Ишенбеңиз! «Альянс Алтын» ЖЧКсы жеке адамдарга алтын сатпайт жана мессенджерлер аркылуу

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы Кыргызстандын экинчи ири алтын өндүрүүчү «Алтын Альянс» компаниясы өлкө бюджетине 9.3 млрд сом салык которду, анын ичинде декабрда 883 млн сом. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Компаниянын маалыматы боюнча, 2015-жылы долбоор башталгандан бери компаниянын жалпы салык төлөмдөрү 24.3 млрд сомдон ашты. Көрсөтүлгөн мезгилде Талас алтын кен