Россиялыктардын агылып келиши Кыргызстандын экономикасына кандай таасир этет?
Калкты каттоо департаментинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 8 айында Кыргызстанда 170 миң Россия жараны катталган. Бул каттоодон өткөндөрдүн расмий саны гана, бирок чек арадан канчасы өткөнү тууралуу КР Чек ара кызматы маалымат бере элек.
Россиялыктардын жапырылып агылып келиши Закавказье жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө 21-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө мобилизация жарыялагандан бери кескин көбөйгөн. Мындай көрүнүш Кыргызстандын экономикасына кандай таасирин тийгизерин Economist.kg иликтеп, эксперттердин оюн билүүнү чечти.
Кыргызстандын экономикасы жана кошумча суроо-талап
Экономика эксперти Азамат Акенеевдин айтымында, азыр Россия жарандарынын келиши көптөгөн кооптонуу жаратууда. Бирок, азыркы кырдаалдын жакшы жактары терс жактарынан алда канча көп.
«Экономика жагынан карасак, бул адамдардын көбү мигрант, биротоло көчкөндөр же качкындар эмес. Классификация боюнча алар үчүн «туристтер» деген сөз ылайыктуураак. Булар туруктуу жашоо үчүн эмес, белгилүү бир мөөнөткө акчасы менен келген адамдар, эмгек рыногунда атаандаштык жаратпайт», – дейт ал.
Акенеев ошондой эле келгиндер кыймылсыз мүлктү ижарага алуу, мейманкана номерлери, кызмат көрсөтүүлөр жана товарларга суроо-талап жаратып, мунун айынан баалар жогорулашын баса белгиледи. Бирок мындай суроо-талапты бардык эле туристтер жаратат.
«Өлкөгө келген ар бир турист бир нерсе жейт, бирок аны тейлегендер андан пайда көрөт. Кошумча суроо-талаптын эсебинен ишканалар иштеп, коомдук тамактануу, мейманканалар акча табышат, ал эми турак-жайды ижарага бергендер кирешесин көбөйтөт. Көптөр жергиликтүүлөр үчүн баалар кымбаттап жатканын айтып даттанып жатышат. Анда туризмди таптакыр таштайлы. Бирок бизде андай максат жок, туурабы? Ошондуктан мен орустардын бизге келишинен эч кандай өзгөчө кемчиликтерди көрбөй эле», – дейт эксперт.
Ал ошондой эле келгендердин көбү Кыргызстанда калбайт, маянасы жогору, жашоо деңгээли жогору башка мамлекеттерди тандайт деген оюн билдирди.
«Албетте, жогорку квалификациялуу, керектүү кесиптердин ээлерине бул жерде калып, бизде иштешине шарт түзүп берсек жакшы болмок. Ушул келген адистердин баарын өз өлкөбүздө калтырууга аракет кылсак, биз үчүн абдан пайдалуу болмок деп ойлойм», – деп жыйынтыктады ал.
Кыймылсыз мүлк баалары
House.kg сервисинин талдоочуларынын маалыматы боюнча, 21-сентябрдан кийин Россиядан келген колдонуучулардын сайтка кириши 10%дан 37%га чейин өскөн. Ал эми батир бергендердин жаңы сунуштарынын орточо баасы 135 долларга өскөн.
Ошондой эле, мурда чыккан жарыялардын ээлеринин 15%ы акыркы жуманын ичинде ижара акысын орточо эсеп менен 162 долларга көбөйткөн.
«Эмарк Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматовдун айтымында, ижара акысы чындап эле дээрлик эки эсеге кымбаттаган. Ал эми сатылып жаткан турак жайларды алсак, эксперт эскирээк батирлердин баасы кескин көтөрүлдү деп эсептейт.
«Жаңы үйлөрдүн баасы да көтөрүлөт, бирок жайыраак. Акыркы жылдары көптөгөн факторлор пайда болду: пандемия, Россиядагы жана Украинадагы кырдаал. Ал эми болжолдоолор боюнча кыймылсыз мүлктүн кымбатташы уланат. Чыгымдар өсүп, логистикалык система да бузулду, анткени учурда өлкөлөрдүн экономикасы өзгөрүп, жаңыча түзүлүп жатат», – деди Акматов.
Ал ошондой эле россиялыктардын биздин өлкө тууралуу маалыматы жетишсиз болгондуктан, учурда көпчүлүгү Бишкекке гана келип жатканын белгиледи. Бирок, мисалы, Ысык-Көлдө токтой турган коттедждер көп. Ошто болсо азыр курулуш гүлдөп жатат. Ал жакта баалар борбордогудан бир топ төмөн.
Мындан тышкары, Акматовдун айтымында, курулуш материалдары орточо эсеп менен бир чарчы метрине 150 долларга кымбаттаган. Кыргызстан аларды негизинен Россиядан сатып алгандыктан, бааларга Россияга каршы киргизилген санкциялар таасир эткен.
«Учурда биздин батир берүүчүлөр орустарга кымбатыраак ижарага берүү үчүн жергиликтүү тургундарды батирлерден кууп жатат деген маалымат бар. Бул өтө туура эмес. Убактылуу кирешеге азгырылбай, узак мөөнөттүү пайда жөнүндө ойлонушубуз керек. Анан да бааны себепсиз көтөргөн болбойт, орустарга кандай сонун өлкөбүз бар экенин көрсөтүшүбүз керек. Алар Кыргызстанды транзиттик чекит катары эмес, келечекте кала турган жай катары карап, ресурстарын бизге салгыдай кылыш керек».
Ошондой эле курулуш компаниясынын жетекчиси россиялыктардын келиши Кыргызстандын экономикасынын жанданышына оң таасирин тийгизет деп кошумчалады. Ал эми ар бир келгинге тиешелүү көңүл бурулушу үчүн чек арада көбүрөөк адистерди коюш керек. Анткени алардын арасында потенциалдуу инвестор болушу мүмкүн, аны Кыргызстанда алып калууга аракет кылыш керек.
«Аларды биздин өлкөгө инвестиция салгыдай кылышыбыз керек. Бизде мүмкүнчүлүктөр көп: арзан жумушчу күч, арзан электр энергиясы, ыңгайлуу салык ставкалары. Биз Кыргызстан Россия менен Европанын ортосунда ортомчу боло аларын көрсөтүүгө аракет кылышыбыз керек», – деп жыйынтыктады ал.
IT-чөйрө жана компаниялардын Кыргызстанга көчүшү
Кыргызстанда Россиядан көчүп келгендер чындап эле көп экенин Жогорку технологиялар паркынын аткаруучу директору Чубак Темиров ырастады.
«Март айынан бери биз Россия, Беларусь жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн 50дөн ашык компания жана жеке ишкерлерди каттоодон өткөрдүк. Кээ бирлери үй-бүлөсү менен көчүп келишти, кызматкерлерин көчүрүп келишти. Агым чоң эле. Бул Кыргызстанга оң таасирин тийгизет: алар чет өлкөдөн, АКШдан, Европадан жана башка өлкөлөрдөн акча табышат, ошондой эле өз кызматын экспорттоп, экономикага акча салып, Паркка 1% жана башка салыктарды төлөшөт», – деди ал.
Мындан тышкары, Темиров бул экономиканын башка тармактарына да мультипликативдик таасирин тийгизерин баса белгиледи. Мыкты мээ күчүнүн келиши алардын билимин жана тажрыйбасын бөлүшүүгө, ишканаларды ачууга, жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.
«Негизинен жогорку квалификациялуу адистер келишет. Кээ бир эл аралык компаниялар да келип жатат, бул абдан чоң тажрыйба келип жатат деген сөз. Алар биздин компаниялар менен чогуу иштешип, биздин компанияларга экспортко чыгууга жардам бере алышат. Алар ички жана чет элдик рынок менен жакшы иштей алышат.
Акылдуу жана квалификациялуу кадрлардын агымы Кыргызстандын IT тармагына чоң түрткү берет. Ал эми Паркты мисалга алсак, биздин саныбыз дээрлик 200 компанияга жакындап калды, 2022-жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу оборотту эки эсеге көбөйттүк», — деди Чубак Темиров.