Декреттик өргүүдө отуруп как жасап баштап, эки жылда аны Японияга чейин экспортко чыгарган Самара Кушубакованын баяны

Декреттик өргүүдө отуруп как жасап баштап, эки жылда аны Японияга чейин экспортко чыгарган Самара Кушубакованын баяны

Пандемияда декреттик өргүүдө отурган Самара Кушубакова балдарынын ден соолугун ойлоп, жашылча-жемиштен как жасап баштаган. Балдарына, кошуналарына, туугандарына да жаккан какка акырындап башкалар да буюртма берип башташкан. Ошентип ал эки жылдын ичинде ассортиментин 25ке жеткирип, Бишкекте өзүнүн «Арча» деп аталган дүкөнүн ачып, андан сырткары, Япония, Россия, Казакстанга экспорттой баштаган.

Nakta Kak брендинин негиздөөчүсү Economist.kg басылмасына ашкабак менен кызылчадан кантип кант кошулбай как жасаларын, табигый азыктын пайдасы жана өндүрүш иши тууралуу кенен айтып берди.

– Айтып берсеңиз, эмне болуп как жасап баштадыңыз?

– Как жасоону 2 жыл мурда пандемия учурунда баштагам. Ошол учурда 3 балама бир убакта денесинин ар кайсы жерине сыздоок чыгып кетти. Врачтарга алпарсам, витаминдин жетишсиздигинен болгонун айтышты. Педиатр балдардын рационун тез өзгөртүш керектигин, «Кириешки», сормо кант сыяктуу азыктар зыяндуу экенин, анын ордуна жашылча-жемиш беришим керектигин айтты. Анан жашылчадан салат жасасам эч эле жебей коюшту. Ойлонуп отуруп, чоң апамдын жасаган кактарын эстеп, дүкөндөрдөн издесем, жөнөкөй эле алманын, кайналынын кактары бар экен. Интернеттен карап, ашкабактан, кызылчадан как жасап баштадым. Балдарыма берсем, аябай жагып, сурап жеп башташты. Кошунам келип калды эле, ага да пайдалуу экенин айтып, берсем «мага да жасап берчи» деп калды. Кийин уксам, анын балдарына да аябай жагып, кайра сурашыптыр. Акырындан ооз тийип башташкан жакындарыма да жагып калды. Ал убакта декретте отургандыктан, каражатым жок эле, андыктан жасап берчи деген туугандарыма продуктусуна акчасын алып, жасап баштадым. Акырындап отуруп, мени тааныбаган эле адамдар буюртма бере башташты.

– Кызылча менен ашкабакты кантип жасайсыз? Бышырасызбы?

– Ооба, аларды бышырып туруп, курамына алма кошом. Кум шекер таптакыр кошулбайт. Башында 8 түрүн жасачумун: лимон, имбирь, кызылча, ашкабак, анар, чычырканак, алма, кайналы. Ал эми бүгүнкү күндө ассортимент 25ке жетти. Мисалы, малина, клубниканы тоңдуруп алып, аны кышында деле жасап сатабыз. Адатта, балдар кышкысын малинанын вареньесин гана жешет, ал эми биздин форматта абдан ыңгайлуу, мектепке да салып кетсе болот, анан калса, малина бул антивирустук жемиш, абдан пайдалуу келет. Азыр Кыргызстандын аймагында эмне өссө, ошолорду алып келип, жасап жатабыз.

– Как жасоонун технологиясын кайдан үйрөнүп келдиңиз?

– Эки жылдык изденүүлөрүмдүн негизинде үйрөндүм. Интернеттен башка өлкөлөрдө кантип жасай тургандарын көрдүм, өзүм ар кандай вариантта жасап көрдүм дагы, эң жакшы оптималдуу пропорцияларды таптым. Айтканга оңой болгону менен көп эмгек сарптадым. Азыр эми чычырканактыкын жасап жатабыз, бул деген таптаза витамин С. Анын өзүн жей албайсың, кыйгыл болот, ал эми аны алма менен аралаштырсаң, жештүү болот. Ашкабакты болсо данектери менен жасаганга өттүк, себеби, ичтеги курттардан арылууга (глисты), ичеги-карындын иштешине абдан пайдалуу.  Балдар «чипсы» дегенди жакшы көрөт эмеспи, ага альтернатива кылып, алмадан, алмуруттан, помидордон чипсы жасайбыз.

– Продукцияңыздар каякта сатылат?

– Бишкекте 30 дүкөндө, Ош, Жалал-Абад шаарларында өнөктөштөрүбүздүн дүң соода түйүндөрүндө сатылат, андан тышкары, Ак Үйдүн жанында өзүбүздүн «Арча» деген дүкөнүбүздү ачтык. Дүң дагы, чекене сатуу дагы бар.

– Канча каражат менен баштадыңыз бизнесиңизди?

– Эң биринчи жолу, өзүмдүн колумда болгон азыктардан эле баштагам. Кийин жолдошум жардам кылып, 40 миң сомго кургатуучу аппарат алып берди. Анан «Халык Банктан» пайызсыз кредит алып, чакан цех курдук. Эми болсо, аймактардан чогуу иштешүүгө өнөктөштөрдү издеп жатабыз. Кыргызстанда кайсы жерде эмне мөмө-жемиш өссө, ошол жерде ачкыбыз келип жатат. Мисалы, кайналыны Аксыдан, чычырканакты Нарындан алабыз. Ошол Нарындан эле цех ачып койсок, сонун болмок, себеби аны бул жака алып келип, биз кайра жасап отурбай, ал жактан эле жасап жөнөтүшсө, логистика дагы бираз арзан болот эле. Азыр биринчи Ноокаттан баштасакпы деп ойлоп жатабыз, анткени ал жердин көк алмасы абдан даамдуу, аны биз бул жака чоң көлөмдө алдыртабыз.

Жакында эле Евробиримдиктин «Жаш табышкер» долбоорунун алкагында грант утуп алдым, ага Ноокатта цех ачам деген тилек менен аппарат буюртма бердим, ошондуктан эми Ноокаттан өзүнүн бакчасы, азыгы бар, иштейм деген өнөктөш айым издеп жатам.

– Кыргызстандын ичинде эле сатасызбы же башка өлкөгө экспортко дагы чыгарасыздарбы?

– Японияга, Россияга, Казакстанга чыгарып баштадык. Японияга өнөктөштөрүбүз аркылуу чыгарабыз, ал эми калган эки өлкө ЕАЭБде болгон үчүн түз эле салабыз.

Өзүбүздөгү «Фрунзе», «Глобус» сыяктуу чоң соода түйүндөрү мени иштешүүгө чакырып жатат, бирок азыркы товарымдын көлөмү аларды камсыздаганга жетпей жатат.

– Сиздин өндүрүшүңүздүн көлөмү канча?

– Азыр 9 миң даана чыгып жатат, эгерде буюртма кылган аппараттарым келсе 18 миң даанага жетип калат. Ошондо жеткиришим мүмкүн. Буюрса, өндүрүшүмдү чоңойтуп, жаңы деңгээлге чыгып, айымдарды жумуш менен камсыз кылсам деп тилек кылып жатам. Биз азыгыбызга таптакыр кант кошпойпуз, пайдалуу, жагымдуу, табигый.

– Азыр цехиңизде канча адам иштейт?

– Азыр ал жерде үч адам иштейт, андан тышкары эки адам жеткирет жана жыйын-терин учурунда кошумча адам алабыз. Жакында Баткенден коогалаңдан качып келген кызды да жумушка алдым, учурда айлыгын алып, иштеп жатат. Балким, Баткенде да цех ачып калабыз деген ойдо ага баарын үйрөтүп, даярдап жатам. Ал жакта өрүк көп эмеспи. Колдоп берген адамдар болсо, чоң масштабга жетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Чет өлкөлүктөр даамдап көрүп эле, дароо көп сатып алышат, алар бул кандай пайдалуу экенин, табигыйлыгын түшүнүшөт.

– Киреше жагы кандай экен? Эсептеп көрдүңүзбү?

– Мен буга чейин кетирген чыгымдарымды жаптым. Канча чыгым кетсе, теңме-тең киреше түшөт. Болгону цехти салганда алган кредитим жабыла элек, учурда төлөп жүрөм. Жеке ишкер катары катталгам, андыктан салык төлөйм, Соцфондго төлөйм.

Эгерде жашылча-жемиштин баары өзүңдө өссө, анда жакшы пайда тапса болот. Быйыл Көлдөгү жерде жаткан өрүктөрдү көрүп, ыйлап эле кала бердик, колубуздан келишинче жасадык, бирок бизде тоңдуруп сактай турган жайыбыз кичине болгондуктан, көп ала алган жокпуз да. Андан сырткары, коон, дарбыздарды да кургаттык. Биздин жайында даярдап койгон азыгыбыз аз болуп калды, анткени беш эле аппаратыбыз бар. Баткендик кызды да коон, дарбызды кургатып бер, кышы менен сатып чыгабыз деп айтып жатам. Кардарларыбыз бар, бирок көлөм кичине болуп жатат. Учурда долбоорлорго катышып, инвестицияларды тартканга аракет кылып жатам.

Учурдан пайдаланып мамлекетке, чет өлкөлүк уюмдарга ыраазычылык билдиргим келет, ишкер айымдарды колдоп жатышат. Айымдарга да кыялдарыңарга ишенгиле, окугула, гранттык долбоорлорго катышкыла деп айткым келет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-Америкалык кызматташтык талкууланды

Кыргыз-Америкалык кызматташтык талкууланды

Бүгүн КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КРгы Америка Кошмо Штаттарынын Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Жолугушууда тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди жана “С5+1” форматындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Ж.Кулубаев КРсы АКШ менен саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүгө өзгөчө маани

Топографиялык сүрөткө тарттыруу эмнеге маанилүү?

Топографиялык сүрөткө тарттыруу эмнеге маанилүү?

Эгер сиз Бишкектен жер тилкесине ээ болуп, курулуш баштоону пландап жатсаңыз — эң биринчи кадам топографиялык сүрөткө тарттыруу болушу керек. Бул — сиздин объектиңиздин так жайгашкан жерин аныктап, жер астындагы инженердик тармактарды (түтүктөр, кабелдер ж.б.) көрсөтүүгө жардам берген маанилүү кадам. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. Бишкектеги жер тилкелеринин топографиялык пландарын Шаар

7-ноябрь иш күнү болот

7-ноябрь иш күнү болот

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, 7 жана 8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү — мамлекеттик майрам күндөрү болуп саналат. Ошол эле учурда, эмгек мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, бул күндөр иш күндөрү болуп эсептелет, бирок бир саатка кыскартылат.  Ал эми 8-ноябрь 6 күндүк иш

Кыргызстанда 9 айда эт продукцияларынын импорту өскөн

Кыргызстанда 9 айда эт продукцияларынын импорту өскөн

Кыргызстанга 9 айда эт продукцияларынын негизги түрлөрүнүн импорту өскөнү ЕАЭБ жана үчүчүнчү өлкөлөр боюнча жыйынтыкталган отчетунда көрсөтүлдү. 9 айы ичинде Кыргызстанга: –    үй канаттуулар эти  – 80,9 миң тоона; –    уй эти – 1,54 миң  тонна; –    чочко эти – 0,86 миң тонна; –    кой эти – 0,46 миң тонна.  Цифралар көрсөтүп тургандай Кыргызстанга