Оштогу "Барбол" кондитердик компаниясынын негиздөөчүсү Канатбек Акаев: Өзбекстандын таттуулары рынокту ээлеп алышты

Оштогу "Барбол" кондитердик компаниясынын негиздөөчүсү Канатбек Акаев: Өзбекстандын таттуулары рынокту ээлеп алышты

Оштогу "Барбол" компаниясы өлкөнүн түштүгүндө кондитертик цехтерди, жыйырмадан ашык фирмалык дүкөндөрүн ачып, 3 жүздөн ашык жаранды жумуш менен камсыз кылып келет. Торт, токоч, кекс, печенье сыяктуу шириндиктердин түрлөрүн жана кара буудайдан жасалган нандарды өндүргөн ишкананы Оштун "Куликовскийи" десек болот.

"Барбол" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Канатбек Акаев ИШКЕР MEDIA менен маектешип, бизнесиндеги ийгиликтер менен көйгөйлөрү, эмне үчүн Өзбекстандын шириндиктери Кыргызстандын рыногун ээлеп алганын, ата мекендик өндүрүшчүлөргө эмнеси менен коркунуч жаратып жатканын, өлкөдө бизнеске коюлган баа саясаты тууралуу кызыктуу пикирлери менен бөлүштү.

Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, каякта туулгансыз, каякта окудуңуз?

— Мен Ноокатта мектепти бүткөндөн кийин президенттин "XXI кылымдын кадрлары" программасынын алкагында азыркы Сербияда окудум. 2004-жылдан 2010-жылга чейин Тажикстандын Хожент шаарында кондитердик товарларды сатып иштеп жүрдүм. Ошол жылдары бир тажик досум печенье чыгарган цех ачып калды, өзүм өндүрүшкө кызыгат элем, ал мага көп нерсени үйрөттү. Андан кийин ошол досумдун жардамы менен 2008-жылдары Ошко келип кондитердик цех ачып баштап калдым.

— Канча каражат менен баштадыңыз, башында канча адам иштеп жүрдү?

— 100 миң доллардай каражат менен баштадым, башында отуздай адам иштечү.

— Бизнесиңиз чоңоюп келе жатканда эң чоң кандай көйгөйгө туш болуп жаттыңыз?

— Кыргызстанда жакшы технолог таппай, тапкандары кондитер тармагын жакшы билишпей, жасаган азыктары жакшы сатылбай, адис маселесинен кыйналдым. Кийин Россиядан, Украинадан, Голландиядан технологдор менен кызматташып, алар Ошко келип бизге жардамдашып жүрүп, өзүбүздөн эки технолог даярдадык.

— Азыр канча адамды жумуш менен камсыз кыласыз?

— Азыр "Барболдо" иштегендердин саны 300 адамдан ашат.

— Негизинен кайсы азыкка талап көп жана ассортиментиңизде эмнелер бар? Сиздер колдонгон азыктар ата мекендикиби же чет жактан алып келесиздерби?

— Бизде пряник, кекс, печеньенин, торттун түрлөрү чыгат. Азыр бар азыктардын эле түрлөрүн көбөйтүп жатабыз. Баарына эле талап көп, бирок эгерде кайсы бир продукция жакшы сатылбаса аны чыгарууну токтотуп, анын ордуна башка бир жаңы азыкты чыгарууну пландай баштайбыз. Ошондой эле ата мекендик чийки заттарды колдонууга аракеттенебиз, мисалы, ун Кыргызстандан эле чыгат, ал эми шекерди өзүбүздүн эле Кошой-Канттыкын алабыз. Маргаринди Россиядан алып келген дистрибьютерлерден алабыз.

— Сиздерде Жаңы Жылдан башка кайсы убактарда сезон жакшы болот?

— Тортторго Жаңы Жылда, 8-мартта сезон болот. Негизинен шириндик чыгарганыбыз үчүн жай мезгилинде июнь-июль айларында бизде соода жок. Печеньелерге күзүндө, кышында, кеч жазга чейин суроо-талап боло берет.

— Канча фирмалык дүкөнүңүз бар жана канча цех иштейт?

— 21 фирмалык дүкөнүбүз бар. Торт жасаган цех, кондитердик цех жана нан чыгарган цехтерибиз бар. Цехтерди ачуу аябагандай эле чоң каражатты талап кылат, он жылдан ашык иштеп жатканыбызга карабай эле арендада жүрөбүз.

— Бишкекте ачуу пландарыңыздар барбы?

— Оштон эле азыктарды чыгарып, Бишкекте кампа ачсак деген пландарыбыз бар. Өзүбүздө иштеп кеткен эки балабыз Бишкекке барып, салык органдарынан каттоодон өтүп, азыр даярдык көрүшүүдө. Баары даяр болсо башында печенье, пряник, кекстерди жөнөтөбүз. Баары жолго коюлгандан кийин тортторду да жөнөтө баштайбыз.

— Чет өлкөдөн, коңшу мамлекеттерден кирип жаткан таттуулар сиздерге атаандашпы? Баалар салыштырмалуу кандай?

— Сырттан кирип жаткан таттуулардын баары биз үчүн чоң конкурент. Россиядан, Өзбекстандан кирип жаткан таттуулар биздин рынокту ээлеп алышкан. Биз аларга атаандаш боло албай жатабыз.

Өзбекстанда өндүрүшкө аябагандай колдоо жакшы, газ, жумуш күчү арзан, салыктык жеңилдиктер берилген, ошондуктан алар чыгарган шириндиктердин баасы арзан. Мен Өзбекстанга көп каттадым, сапаты төмөндөрү деле бар, бирок кондитердик тармак аябагандай алдыга кеткен. Россияныкынан да күчтүү кондитерлери көбөйгөн. Өзбекстан тараптан көп коркунуч бар, алар биздин рынокту дагы көбүрөөк ээлеп алышы мүмкүн. Учурда алар Казакстандын, Россиянын рыногуна кирип жатышат.

Россиядан келип жаткан "Яшкино" сыяктууларга атаандаш болуу да кыйын болуп жатат. Өзбекстандан арзан баада көп келген үчүн биздикин кымбат дегендер бар. Өзбекстанда баары арзан, анан калса, мамлекет бизнеске жер, имарат маселесин чечип берген үчүн алардын азыктары арзан болуп, бат өнүгүп жатышат.

Ал эми шекер сыяктуу чийки заттар Россияда арзан, чыгарган азыктарынын да өз наркы төмөн болуп, натыйжада, бизге келип эле атаандаш болуп калып жатышат. Биз алардын баасына туруштук бере албай жатабыз. Биз аларга карап арзандата турган болсок, өзүн өзү актабай ишкана жабылып калышы мүмкүн.

— Мөөнөтү өтүп кеткен тортторду эмне кыласыздар?

— Тортторго туура сактоо боюнча беш күн берилет, төртүнчү күнү 20% арзандатуу боюнча акция кылабыз. Андан да сатылбай калгандарды ишканада 3 жүздөн ашык адам иштейт да, 50% арзандатуу менен аларга сатып жиберебиз.

— Башка өлкөлөргө экспорт тууралуу ойлондуңуздарбы же ал пайдасызбы?

— Ооба, экспорт боюнча ойлорубуз бар. Биринчи азыр биз Бишкекке жеткирип башташыбыз керек. Бирок сыртка экспорт боюнча өздүк наркы кымбат болуп калат.

Жогоруда айткандай Өзбекстан бизден 10 жыл алдыга кетишкен, заманбап жабдыктарды коюшкан. Биз беш жылдан кийин чыгарабыз деген продукцияларды алар мурда эле чыгарып коюшкан. Бирок тортту экспорттоо боюнча потенциал бар деп ойлойм. Анткени каймак бизде Кыргызстандыкы болгон үчүн даамы жакшы, ошого Казакстан, Өзбекстанга сатсак болот, бирок кайра келип эле биздики Өзбекстан үчүн кымбатыраак болуп калышы мүмкүн.

Бизде азыр кадр проблемасы бар, көбү эле Россияга кетип калышкан. Бизнес ачканда көбүрөк досума карап ачкан эле, бирок азыр ача турган болсом, тигүү тармагында ачмакмын. Себеби, анын экспортко потенциалы көбүрөөк.

Биздики тамак-аш болгон үчүн көңүлдү көп талап кылат. Анан калса, мөөнөтү, коопсуздук маселеси бар.

— Дегеле бул канчалык кирешелүү бизнес? Салык же мамлекет тараптан жолтоо болгон көйгөйлөр барбы?

— Биздеги эң чоң көйгөй учурда социалдык төлөмдөрдүн эң чоң тарифи. Биз жумуш берүүчүлөр кызматкерге берген айлыктан 17% төлөйбүз. Бул аябай жогору деп эсептейм. Ага кошумча 10% киреше салыгы, 10% социалдык төлөм бар. Кирешенин көбү эле ушуларга кетип, жер тилкесин алып, фабрика салганга каражат артпайт. Ошондуктан 15-16 жылдап арендада жүрөбүз. Президент көзөмөлгө алып, тарифтик саясатын өзгөртпөсө, көптөгөн бизнестердин көмүскөдөн чыгышына кыйын болуп калат.

Экономика

«Кепилдик фонду» акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрөт – күн тартиби

«Кепилдик фонду» акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрөт – күн тартиби

«Кепилдик фонду» ААКсы 2024-жылдын 26-апрелинде акционерлеринин жылдык жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирет. Маалыматка ылайык, акционерлердин жылдык жалпы чогулушуна катышууга укугу

Чүй районунун бюджетинде 17.2 млн сом каржы бузуулары аныкталды

Чүй районунун бюджетинде 17.2 млн сом каржы бузуулары аныкталды

Эсептөө палатасы, 2022-жылга карата Чүй областынын Чүй районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик

Дагы Экономика

Бизнес

Дагы Бизнес

Бийлик

Министрлер Кабинети саламаттыкты сактоо системасын стратегиялык өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет

Министрлер Кабинети саламаттыкты сактоо системасын стратегиялык өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет

Саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү өлкөбүз үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат жана минкаб аны стратегиялык жактан өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.

Дагы Бийлик

Коом

Чүйдө жер мунапысынын алкагында дачалардын көйгөйлөрүн чечүү иштери башталды

Чүйдө жер мунапысынын алкагында дачалардын көйгөйлөрүн чечүү иштери башталды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев дача кооперативдеринин башчылары менен жолугушуп, аймактагы жер мунапысынын жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу

Дагы Коом

Гранттар жана кредиттер

Кыргызстан менен Корея кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкуулады

Кыргызстан менен Корея кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кореянын элчиси Ли Вонджэ менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө

Швейцария Саламаттык сактоо министрлигине  43 млн сомдук компьютердик жабдууларды берди

Швейцария Саламаттык сактоо министрлигине 43 млн сомдук компьютердик жабдууларды берди

Бүгүн Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун техникалык жактан жабдууну колдоо максатында КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге 320

Дагы Гранттар жана кредиттер

Энергетика

Дагы Энергетика

Транспорт

Таласта кызматкерлер жол куруу учурунда мамлекетке 7 млн сом зыян келтиришкен

Таласта кызматкерлер жол куруу учурунда мамлекетке 7 млн сом зыян келтиришкен

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Келтирилген

Күйүүчү-майлоочу майлардын запасы жетиштүү — Экономика министрлиги

Күйүүчү-майлоочу майлардын запасы жетиштүү — Экономика министрлиги

Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда баалардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2024-жылдын 8-январына

Дагы Транспорт

Бизнес маек

Биржанын туура тандалган бизнес-модели колдонуучулардын каражаттарын сактап калат –эксперт криптотармагы тууралуу айтып берет

Биржанын туура тандалган бизнес-модели колдонуучулардын каражаттарын сактап калат –эксперт криптотармагы тууралуу айтып берет

Дээрлик бир жыл мурун крипто индустриясы катуу кризисти башынан өткөргөн. FTX крипто биржасы кыйрагандан кийин криптовалюталардын курсу жана колдонуучулардын ишеним

Кыргызстанда бут кийим чыгаруу тармагы өнүксө дейм — "Таазим" брендинин негиздөөчүсү Нурсултан Муратов

Кыргызстанда бут кийим чыгаруу тармагы өнүксө дейм — "Таазим" брендинин негиздөөчүсү Нурсултан Муратов

ИШКЕР MEDIA аймактардагы чакан бизнести ар дайым колдоп, алардын ийгилиги менен көйгөйлөрүн чагылдырууну улантат. Бул жолу колго бут кийим тигүү

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү аябай бай — шырдактарды жалаң чет өлкөгө саткан ишкер Мансур Абылаев

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү аябай бай — шырдактарды жалаң чет өлкөгө саткан ишкер Мансур Абылаев

Kyrgyz Handmade деп чыккан көз жоосун алган шырдактарды, улуттук буюмдарды алгач сайтынан көрүп суктанып жүрдүк. Анткени сапаты, кооздугу, оймолору чынында

Мамлекет оюндун эрежелерин эле так белгилеп койсо таланттуу ишкерлер көбөйөт — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

Мамлекет оюндун эрежелерин эле так белгилеп койсо таланттуу ишкерлер көбөйөт — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

2006-жылы прогрессивдүү ишкерлердин демилгеси менен түзүлүп, бардык облустарда кеңселерин ачып, учурда Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин миңдеген өкүлүнүн башын бириктирип,

Дагы Бизнес маек

Кызыктуулар

Кыргызстанга Казакстандан жараксыз документтер менен 22 тонна беде үрөнүн алып келүүгө аракет кылышкан

Кыргызстанга Казакстандан жараксыз документтер менен 22 тонна беде үрөнүн алып келүүгө аракет кылышкан

Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдовар" көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жерде Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Казакстандан Кыргызстанга беде үрөнүн ташып келүүдө

Дагы Кызыктуулар

Абдан жакшы! Сиз ийгиликтүү катталдыңыз.

Кайра кош келиңиз! Сиз ийгиликтүү кирдиңиз.

Сиз ИШКЕР MEDIA - Кыргыз тилиндеги биринчи улуттук бизнес сайты сайтына ийгиликтүү жазылдыңыз.

Ийгилик! Кирүү үчүн сыйкырдуу шилтеме үчүн электрондук почтаңызды текшериңиз.

Ийгилик! Төлөм маалыматыңыз жаңыртылды.

Эсебиңиз жаңыртылган жок.