Бизнести масштабдаштыруунун жакшы жолу — бул франшиза — Нарындагы бир фаст-фуд түйүнүн бүт Кыргызстанга жайылткан Толкун Молдокматовдун баяны
ИШКЕР MEDIA ЖИА менен биргеликте чакан жана орто бизнес ээлери тууралуу баяндарын улантат. Бул жолу Нарындагы бир тез татым жайын өндүрүшкө айлантып, республиканын бардык аймактарына франшиза саткан Saffran Natural Food ЖАКтын негиздөөчүсү Толкунбек Молдокматовду маекке тарттык.
— Кантип тамак-аш тармагындагы бизнеске келип калдыңыз?
— 36 жаштамын, эки баланын атасымын. Биринчи ишмердүүлүгүмдү Нарында баштаганмын. Бизнеске кандайдыр бир кыйынчылыктан же бир мүмкүнчүлүктөр ачылганда келет эмеспи. Мен каржылык кыйынчылыктан келгенмин. Адистигим башка багытта эле, банкта төрт жыл, 2014-жылга чейин иштеп калдым. Ошол кезде банк менен иштешкен ишкерлерди көрүп, кызыгып жүргөн кезимде башталган. Бизнесте тажрыйбам жок болгондуктан тейлөө, өндүрүш, соода-сатык тармагына кирип көрдүм, кинотеатр иштеттик, реклама кызматтарын көрсөттүк, гезит, сайт, кыймылсыз мүлк агенттиги сыяктуу көп нерсе менен алектенип көрдүм. Ошол эле кезде муктаждыкка байланыштуу банкта дагы иштечүмүн. Жогоруда айткандай тажрыйбам жоктугунан бизнестерим ийгиликтүү болгон жок. Ошол кезде алган каржы насыяларым мойнума илинип калып, көп сабак алдым. Кийин ойлосом, баары туура болгон экен, ишкерликте тажрыйба бүт нерсени чечет экен. Ошолордун баары топтолуп отуруп, азыркы компаниямдын түптөлүшүнө чоң пайдубал болуп берди.
Азыр үч багыт менен иштейбиз. Нарында жүргөндө банкта иштеп, финансы багытын түшүнгөндүктөн чакан микро-кредиттик компаниялардын өкүлчүлүктөрүн ачып иштеттим. Жумуш ордуна коюлуп, команда түзүлгөндөн кийин башка багытта, көбүрөөк пайда түшө турган эмне иш кылсам болот деп ойлоно баштадым. Изденип отуруп, тамак-аш жаатына токтолдум. Аны тандоомдун негизги себеби — азыркы маалда өтүмдүү болуп жаткан продукциям 10 жылдан кийин деле сатыла турган болуш керек дедим. Тамак-аш, текстиль, кыймылсыз-мүлк дайыма адамга керектүү нерсе экен. Жылына 365 күн болсо 24 саат бою тынбай иштей турган бизнестерди карадым. Өзүмдүн каржыма, тажрыйбама таянып, кичинекей бир фаст-фуд багытына кирдим. Башында кичинекей павильон иштетип баштадык. Учурда ал өндүрүшкө айланды. Учурда биз Бишкектеги түйүндөрүбүздү жаап, региондордогуларга франшиза берүү менен иштейбиз.
— Ошондо канча каражат менен баштадыңыз?
— Ал кезде бөлүп-бөлүп салгандыктан башында болжол менен жалпы млн сомдой каражат кетти. Улам-улам салып отуруп, көп эле сумма кирди. Бирок маркетинг, реклама, сатуу, команданы түптөө деген инструменттерди колдонуп отуруп, ишим жүрүшүп кетти. Биз күткөндөн дагы 3-5 эсе көп соода болуп баштады. Жеткирүү, сервис, таңгактоо, гигиеналык нерселерин тыкыр карап, новшество катары киргиздик. Аябай ийгиликтүү болду, төрт айдан кийин 15 чарчылык павильонду 76 орундуу 150 чарчы метрлик жай кылып чоңойттук. Азыр деле биз кылган дем менен жасап жатышат. Күнүнө 100 миң сомдон өйдө соода кылчубуз. Анализ кылганыбызда жаныбыздагы конкуренттерибиз 3 эсе ылдый жасачу. Ошол кезде таза, адал продукция алуу боюнча муктаждык пайда болду, анткени санитардык талаптар да көп болот. Муктаждык пайда болгондо өндүрүштүк цех ачыш керек болду. Ошол эле Нарындан эт алып өзүбүз жасап баштадык.
Өзүбүзгө керек этти, котлеттерибизди, соустарыбызды, булочкалардын баарын сатып алчубуз. Аларды жасап баштаганда Нарындын рыногу өтө кичине экенин түшүндүм. Эң туура жана түрткүлүктүү чечимдеримдин бири — борборго көчүп келүү болду. Ошентип 2019-жылы Бишкекке көчүп келдим, биз алты ай иштеп баштаганда эле карантинге туш келдик.
Бизнести масштабдаштыруунун бир жолун франшиза деп билчүмүн. Компанияны чоңойтууга өзүбүздө чоң каражат жок болгондуктан мен өзүм өндүрүшкө токтолом деп чечкен элем. Ошол эле маалда Нарындагы түйүнүм да иштеп жатты. Бирок биз борбордо даярданып ачкыча эле карантин болуп калды. Карантиндин бизге жардамы — биз ойлоп жаткан багыттардын баарын өзгөрттүк. Кыскасы, 2020-жылы сентябрь айында Бишкекте чакан үйдө өндүрүш, бир түйүн ачтык. Анан франшизаны толук "упаковкалап" алып, аны көбөйтүп баштадык. Бишкекте конкуренция өтө чоң экенин түшүнүп, басымды региондорго кылдык. Бул жерде административдик-операциялык чыгымдар көп болот. Тез татымда "маржинальность" деген азыраак, ошондуктан региондордо конкуренция аз, артыкчылыктары көп, аларга жаңылык катары ошол стратегияны кармап турабыз.
Азыркы күндө республика боюнча 18ден ашык түйүнүбүз ачылган. Нарында, Кочкордо, Ат-Башыда жана Ысык-Кол облусунун бардык аймактарында — Каракол, Кызыл-Суу, Жети-Өгүздө, Бостериде, Балыкчыда бар, Түптө да даярдалып жатат, ошондой эле Кара-Балта, Беловодский жактарга ачтык. Учурда Таластын ичине да кирип баштадык. Жакында Кербенде дагы ачылды.
— Франшизаңыз тууралуу айтып берсеңиз, кандай милдеттенмелер, талаптар менен иштейсиздер?
— Адатта, бизге франшизалар чет өлкөдөн келет. А биз болсо нөлдөн баштап Кыргызстандын ичинде иштегенге ыңгайлаштырып жасадык. Франшиза деген түшүнүк мындай: өнөктөш аркылуу эки жак тең теңме-тең өнүгөт. Өнөктөш менен иштешкенибиздин себеби баарыбыз үчүн жеңил. Франшиза алгандарга бизнес концепция — брендден баштап рекламага чейин баары даяр. Тарыхы бар, текшерилген, автоматизацияланган системасы бар.
Франшизада кээде бир эле жолку төлөм болот. Мисалы, чет өлкөдөн келген болсо 10 миң доллардан өйдө айтышат. Бирок биз жеткиликтүү кылып баасын 2 миң доллар деп койгонбуз. Ал акчага болгон маалыматты, системаны алат. Соода кылганда бүт автоматташтырып койгонбуз, роялти деген түшүнүк бар, анда кылган соодасынын кандайдыр бир бөлүгүн биздин кызматыбыз үчүн төлөшөт, ал бизде 1.5%ды түзөт. Бул өтө төмөн. Бирок биздин негизги кирешебиз ал жерде эмес. Биз ошол ачылган түйүндөргө аларга керектүү өндүрүштөн чыгарган продукцияларды сатабыз.
— Борбордон ошол эле түштүккө жеткиргиче азыктардын мөөнөтү өтүп кетпейби?
— Мисалы, Караколду айталы, бир жаш үй-бүлө эски имаратты алып ачышкан. Аларда бизнес тууралуу түшүнүк жок. Алар бизге келип франшизага 2 миң доллар төлөгөндө биз имараттын чиймесинен — тоңдуруучу сактоо камерасын, муздаткыч бөлмөлөрдү кантип салуудан бери көрсөтөбүз. Алар баштарын оорутушпайт, биз жазылма, оозеки түрүндө бүт баарын айтабыз. Ал эми биздин өндүрүштөн чыккан азыктар жарым фабрикат түрүндө тоңдурулуп жеткирилет. Ошондуктан алардын сактоо мөөнөтү узак. Эгер туура жеткирип, туура сакталса, эттер 90 күнгө чейин бузулбайт. Соустар, мисалы, 30 күн сакталат. Тез татым бат сатылгандыктан алар айына 3-4 жолу алып, керектүү азыктарды толтуруп алышат. Транспортко да ашыкча чыгым болбой ошону менен соода-сатыгын кыла беришет. Бул биздин биринчи багытыбыз.
Эң негизги өзгөчөлүк — мен көбүрөөк "серийный" ишкермин. Мага бир жерде отурган туура келбейт. Аттарын атабай эле коеюн, колбаса чыгарган жана башка чоң компанияларга азыктарды өндүрүп беребиз. Бирөөнө соус, экинчисине булочка чыгарабыз. Бишкектеги жеке мектептерге булочкаларды жасап беребиз. Негизги чоң багытыбыз — бул өндүрүш. Чоң компанияларга жеткиребиз. Андан сырткары, азыр пельменден баштап жарым фабрикатга өтүп жатабыз.
Баса белгилеп айткым келген нерсе, мен өзүм "операционкадан" чыгып кеткенмин. Бул жерде бүт система иштейт, автоматизация болгон, мен көбүрөөк стратегиялык башкаруусундамын. Азыркы маалда консалтинг боюнча багытты ачып жатабыз. Мен бул компанияга инвестиция тарттым, акционердик компанияга айланттым, фонддор кирди, Accelerate Prosperity уюмунан инвестиция алдым. Азыркы этапта жардам катары консультация берип жатам. Көп компаниялар бар, менеджментип туура эмес коюп алышып бизнестен чыга албай калышкан. Бул үчүнчү багытыбыз.
Бизнести кантип системалаштырыш керек, "операционкадан" кантип чыгыш керек деген суроолор бар. Бизнес кылыш үчүн үч нерсе керек: идея, команда жана финансылык ресурс. Ушул үчөөнү ордуна койгондон кийин сатуу, эсептөө деген нерселер бар. Эсептөөнү көп учурда компаниялар жүргүзүшпөйт. Ушул комбинацияларды толук жүргүзбөгөндүктөн көп компаниялар кыйналышат. Мисалы, бухгалтердик эсеп жүргүзбөсө эмне көйгөй жаралат, жүргүзсө кандай артыкчылыктарды берет, түшүнүш керек. Компанияга инвестиция тартуунун кандай түрлөрү бар, карыз түрүндөбү же үлүшкө отурабы, юридикалык формалары кандай болот, бизнес ээси аларды чакырганга даярбы, баарын анализдеш керек. Ишкерликке акчасы бар болуп киргендер бар жана акылы, билими менен киргендер бар.
— Мисалы, мен Ошто түйүн ачам деп сиздин франшизаңызды сатып алсам, канча каражат салышым керек?
— Бизден 2 миң долларга сатып аласыз, ал эми түйүндү ачууга болжолдуу 1.5 млн сомдон өйдө кетет. Бизде үч формат бар ачууга, биринчиси — павильон, аны биз көп карабайбыз, андан кийинкиси — ар кандай орундар менен, үчүнчүсү — фуд-корттор. Кайсы форматта, кандай көлөмдө, кандай локацияда ачылат ошого жараша, болжолдуу 20 миң доллардан өйдө кетет. Техникалык ачылышына чейин бардыгын карайбыз, жабдууларды кантип, каяктан алыш керек, жөнөкөй эле имараттын ичин боей турган боегу кайсы түстө болуш керек, эмеректердин размерлери, бизде бүт баары бар. Жумуштан кеткендер, келгендер көп болот деп технологиялык картасын беребиз, ошонун негизинде жасашат. Негизги кадрларды окутабыз.
— Региондордо чакан бизнес ача тургандар үчүн 20 миң доллар чоң акча болушу мүмкүн, бул канча убакта өзүн-өзү актап кетет?
— Бизде калькуляцияда так сандар берилген. Болжолдуу бир жылдан бир жарым жылга чейин өзүн өзү актайт. Бул сөзсүз локацияга байланыштуу болот.
Тамак-аш бизнесининин ийгилининин 50% анын локациясынан, ал эми калган 50% жасалган азыктын даамдуулугу, сапаттуулугу, тейлөө сыяктуу факторлордон көз каранды.
— Чийки заттарды, котлетке этти, соуска кошулчу азыктарды кайдан аласыздар?
— Эттин баарын өзүбүздөн алабыз. Бирок тилекке каршы, башка азыктар, мисалы, тоокту айтсак, ал башка жактан келет. Анткени Кыргызстан өзүн-өзү камсыздай албайт, сапаты жакшы болсо керектүү көлөмдү бере албай калат, кээде көлөмдү берсе, баасы кымбат болот. Ошондуктан кээ бир продукцияны сырттан алганга муктажбыз. Айта турган нерсе, халал талаптарына жооп берет. Азыр ISO стандарттарына тууралайлы деп консультанттарды жалдап, ошол багытка кетип бара жатабыз. Компаниябыз ачык, өндүрүштү көрөт элем дегендерге дайыма көрсөтө алабыз, эшигибиз ачык.
— Жылдык акча айлантууңуздар канча?
— Бизде эки жакта акча айлантуу бар. Франшиза түйүндөрү бар, ал өнөктөштөрдүн акча айлантуусу болжолдуу 150 млн сом. Өзүбүздүн өндүрүштүкү болсо 110-120 млн сом.
— Регион менен борбордо бизнес кылгандын айырмасы кандай экен?
— Биринчи эле кардарлардын ой жүгүртүүсү, сатып алуу жөндөмдүүлүгү эки башка. Бишкекте тандоо көп. Региондо компанияны, продукцияны илгерилеткен аябай жеңил. Ошол эле жаңы түйүндү борбордо реклама кылууга көбүрөөк каражат кетет. Бизнесин жаңы баштагандарга, региондон келгендерге бизнести ошол жерден кылгыла деп кеңеш берем. Эксперимент кылып, бизнести ошол жерден курчутуп, бутуна тургузуп, системага салып, автоматизациялагандан кийин масштабдаштырам десеңер, анан борборго келгиле дейм. Көп ишкерлер шаарга келгенде акчасын жоготуп алышат. Анткени бул жерде конкуренция деген нерсе бар.
Чакан жана орто бизнестин көйгөйү — система кура албай калганында. Көп жаш ишкерлер инвестиция менен насыянын айырмасын жакшы түшүнбөй, көбүнчөсү брендге басым жасап жатып, болгон ресурстарын күйгүзүп алышат. Ошол нерсе бизнести канча бир убакытка артка ыргытып коюп жатат. Эң негизгиси — ишкер бизнести өнүктүрөм десе, эртерээк системага салып коюп, стратегиялык башкарууга кетиши керек. Экинчиси, компанияга акча тартуу керек. Компанияда кээде "кассовый разрыв" деген болот, ошого келгенде "подпитка" кылбаса компания көпкө чыдай албайт. Бизде рынокто коучтар, маркетинг, смм дегендерди үйрөткөндөр көп, бирок системаны, инвестиция тартууну, базасын түптөгөндү, өнөктөштөр менен иштегенди үйрөткөндөр аз. Биз азыр дал ушул тармакта консалтинг кызматын көрсөтүп келебиз.