Эдил Ажыбаев: Жасалма интеллект азыртадан эле бизнести жүргүзүүгө таасир этип баштады

Эдил Ажыбаев: Жасалма интеллект азыртадан эле бизнести жүргүзүүгө таасир этип баштады

Дүйнө бир ордунда турбайт жана санариптик технологиялар күн сайын өнүгүп, күнүмдүк жашоого кирүүдө. Мындай көрүнүштөн Кыргызстан да четте калган жок. Бирок, биздин кичинекей өлкөбүздүн бул тез процесске кирип, ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү барбы?

Кыргызстандагы бир нече эл аралык инновациялык стартаптардын негиздөөчүсү Эдил Ажыбаев бизге берген маегинде өзүнүн эл аралык аренадагы тажрыйбасы, жасалма интеллект, нейрондук тармактардын өнүгүүсү жана Кыргызстандын IT тармагындагы потенциалы тууралуу айтып берди.

— Сиз Лондондогу эң ийгиликтүү стартаптардын эң кыйын 10 директорунун катарына кирдиңиз. Ушул жана эл аралык таанылган Picvpic долбооруңуз жөнүндө айтып берсеңиз.

— Бир убакта биз жасалма интеллекттин (ЖИ) негизинде кийим-кече жана бут кийим буюмдарын издөө системасын иштеп чыкканбыз, ал ошол убакта издөө сапаты боюнча дүйнөдөгү бардык сервистерден, анын ичинде Googleдан да алдыда болчу. Биз кийимди сүрөттөө үчүн эң көп колдонулган 10 миң фразаны аныктадык, машиналык үйрөнүүнүн гибриддик системасын жана жарым автоматтык этикеткаларды колдондук жана фразаларды семантикалык жактан Knowledge Graph нейрон дарагына байланыштырдык. Бул продукцияны баарынан жакшыраак табууга мүмкүндүк берди. Айтмакчы, Chat GPT нейрон тармагы да гибриддик технологияны колдонот.

Биздин технологиябыз бааланып, Сан-Франциско, Нью-Йорк, Лондон, Сингапур, Киев, Алматыда өткөн алты эл аралык стартап сынактарында жеңип чыктык. АКШнын Соода министрлиги бизди Евразиядагы эң инновациялык 10 долбоордун тизмесине киргизди.

Ebay жана Amazon менен кызматташуу боюнча интеграция сунуштары түштү. Ошол кездеги эң ири жасалма интеллект компаниясы Sentient AI, ошондой эле АКШ менен Европанын компаниялары жана ири фонддору менен сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатты. Бирок, Google ошол кезде Google Shopping сервиси менен продукт издөө рыногуна өтө агрессивдүү кире баштады. Бул биздин бүтүмдөрүбүзгө аябай чоң таасирин тийгизди. Ошого карабастан, биз exit (долбоордон чыгуу келишими) кыла алдык жана учурда башка компаниялар биздин технологияларды колдонуп жатышат.

Британ өкмөтү жана каныша, ошондой эле бир катар басылмалар биздин эң алдыңкы технологияларды өнүктүрүүгө чоң салым кошконубузду моюнга алышты. Мына ушул менин эмгеги бааланган эң алдыңкы англиялык ишкерлердин катарына кире баштаганымдын негизги себептеринин бири болду деп ойлойм.

— Учурда кандай долбоорлордун үстүндө иштеп жатасыз? Ал эми алардын кайсынысы Кыргызстанда ишке ашырылып жатат?

Мен жакында эле польшалык-америкалык компанияга адамдын жүрөгүнө коюлган жана башка импланттарды аралыктан кубаттай турган зымсыз кубаттоо технологиясын иштеп чыгууга жардам бердим. Технология адамдын денеси аркылуу иштейт жана бул импланттын батареясын алмаштыруу үчүн операция жасоо зарылдыгын жок кылат. Мен компаниянын стратегиясын кайра карап чыгып, алардын баасын жогорулатууга жана АКШдан инвестиция тартууга, ошондой эле жакында эле дагы бир британиялык стартапка жагымдуу шарттарда инвестиция алууга жардам бердим.

Ошондой эле мен биздин региондогу бир катар ири стартаптарга да жардам берип келем. Мисалы, Кыргызстанда 52 млн көрүүлөр менен эң көп кирилген сервис Mashina.kg сервисине жардам бердим. Мен аларга алты айдын ичинде кирешесин эки эсе көтөрүүгө көмөктөштүм. Мындан тышкары, алардын жаңы House.kg кызматына салым коштум, азыр жасалма интеллект мүлктүн баасын так болжолдоо үчүн колдонулат.

Акыркы убакта мен ЖИ байланышкан долбоорлор менен көбүрөөк алектенип жатам. Учурда корпоративдик муктаждыктарга ЖИни киргизген ири мультиулуттук корпорацияларга кызмат кылып жаткан Улуу Британиянын стартапы менен иштеп жатам.

— Кыргызстандыктардын кыялы – чет өлкөгө чыгып, ал жакта бизнес кылуу. Эмне үчүн сиз биротоло көчүп кетпей, мекениңизде жүрөсүз?

— Мен өмүрүмдүн жарымын чет өлкөдө өткөрдүм – Лондондо, Американын ар кайсы шаарларында жана Гонконгдо жашадым. Дүйнө чоң жана кызыктуу, мен аны ар түрдүүлүгү менен жакшы көрөм. Бирок ошого карабастан менин сүйүктүү өлкөм — Кыргызстан. Мен аны өзгөчө айылдарды кыдырып, пандемия учурунда адамдарга жардам бергенде сүйүп калдым. Мен аны баарын кыдырып, өлкөнүн бардык аймактарында жүрүп, жаратылышка аралашканымда сездим.

Ошондуктан мен дүйнөнүн кайсы гана жеринде жашабайын, мен дайыма кайтып келип, сүйүктүү өлкөмдө – Кыргызстанда убакыт өткөргүм келет.

— Акыркы беш жылда Кыргызстанда IT тармагы тез өнүгө баштады деп ойлойсузбу?

— Бир нече жылдар бою Кыргызстандын экосистемасын өнүктүрүү аракеттери эч кандай натыйжа бербегендей көрүндү. Ар кандай хакатондор уюштурулуп, спикерлер келишти, бирок "суу кумга сиңгендей" эле сезилип жатты. Бирок акыркы үч-төрт жылда сапаттуу өзгөрүүлөр байкала баштады. Экосистема өсүп, стартаптар көбөйүп, сапаты жакшырып баратат.

Стартап экосистемасы топурак сыяктуу, анда өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн зарыл болгон көзгө көрүнбөгөн көптөгөн элементтер бар — алар стартаптар. Бизге ар кандай компетенциядагы программисттер, дизайнерлер, долбоордун менеджерлери сыяктуу көптөгөн адистер керек. Ишеним, иш этикасы, чыгармачылыкты колдоо үчүн маданият, бизнес моделдерин түшүнүү, каржылоо мүмкүнчүлүгүнө муктажбыз. Product market fit кандай экенин, адамдар эмнеге муктаж жана алар эмне үчүн төлөөгө даяр экенин түшүнүү зарыл.

— Кыргызстандагы IT-сферанын учурдагы жана келечектеги абалына өз бааңызды бере аласызбы?

— Азыр анын катмары жука болсо да, негизги пайдубалы түзүлө баштады. Эми негизги катмар бар жана ал өнүгө берет. Азыркы дүйнө сызык менен эмес, жогорку ылдамдыкта өнүгүп жатканын түшүнүү керек. Биз азыр олуттуу глобалдык тобокелдиктердин, бирок ошол эле учурда укмуштуудай мүмкүнчүлүктөрдүн мезгилине кирип жатабыз.

Жаңы технологиялар жакынкы жылдарда жашообуздун бардык аспектилерине таасир этет. Талыкпай үйрөнүүгө, ыңгайлашууга жана активдүү аракеттенүүгө даяр адамдар үчүн укмуштуудай мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ким чындап кааласа жана аракет кылса, бул дүйнөдө чоң натыйжаларга жетише алат. Бул кыргызтандыктарга да тиешелүү.

Алдыңкы өлкөлөр абдан тез өнүгөт. Кыргызстанда андай болбошу мүмкүн деген коркунуч бар. Бирок, өлкөдөгү конкреттүү стартаптар үчүн мүмкүнчүлүктөр болуп көрбөгөндөй чоң. Жакынкы жылдары биз жаңы ысымдарды жана жаңы долбоорлордун атын угабыз деп ойлойм.

— Нейрондук тармактар ​​келечекте болобу? Бул технологиялар, аларды кантип жана кайда колдонсо болору тууралуу пикириңиз менен бөлүшсөңүз.

2023-жыл ЖИ технологиясынын өнүгүүсү үчүн чоң бурулуш жана жаңы доордун башталышы болуп калат. Жаңы технологиялар, атап айтканда, ЖИ жашообуздун бардык аспектилерине тийип жаткандай сезилет жана бул өзгөрүүлөр укмуштай темп менен башталды жана дагы өнүгө берет.

Буга чейин алдыңкы Wharton университетинин профессорлору MBA жана магистрдик даражаны алуу үчүн жасалма интеллектти сынап көрүштү. Технология алардан ийгиликтүү өттү. Албетте, бул дагы деле баштапкы версиялар, бирок ЖИ азыр эле бизнести жүргүзүүгө таасир эте баштады. Жакынкы жылдарда жасалма интеллект медицинага жана билим берүүгө кескин таасирин тийгизет.

Жакынкы 5-10 жылда көптөгөн адистиктер жок болот. Калган адистер да өз билимдерин ыңгайлаштырууга, ЖИни өз иштерине оптималдуу түрдө киргизүүгө туура келет. Көптөгөн жаңы адистиктер пайда болот жана алардын көбүнө жогорку акы төлөнө баштайт. Ошондой эле жаңы ийгиликтүү бизнести түзүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берет.

— Сиздин оюңузча, кайсы инсандар же долбоорлор КРда IT коомчулугун алдыга жылдырып жатышат?

Мындай адамдар көп. Данияр Аманалиев жана анын командасы Кыргызстандагы дээрлик бардык чыгармачыл аракеттерди жана адамдардын башын бириктирип, стартаптарга негизги субстрат катары кызмат кылышууда. Codify негиздөөчүсү Динара Руслан өзүнүн энергиясы жана стимулдары менен жигиттерди стартаптарды түзүүгө, өзүнө ишенүүгө түрткү берип келет.

Growave компаниясынын негиздөөчүсү Эльдар Галиев өзүнүн мисалы менен Кыргызстанда туруп эле батыш рыногунда чоң ийгиликтерди жаратууга болорун көрсөтүп жатат. Сырга Тилекова жана NBFit командасы стартап эч нерсеге карабай акча таба аларын далилдешти. Mashina.kg сайтынын негиздөөчүсү Тилек Ешеналиев кантип ийгиликке жетүүнү жана акыркы технологияларды жергиликтүү рынокто кантип ишке киргизүүнү көрсөттү. Ал эми Namba One компаниясынын жетекчиси Аман Тентиев жана Нора Азыгалиева өңдүү адамдар өлкөдө единорог-компания куруунун мисалдарын көрсөтүшүүдө.

Бул тизмеден бир ысымды тандоону сурансаңыз, азыр ушул саптарды окуп жаткан окурманды айтат элем. Ар бирибизде IT тармагында ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Окурмандардын айрымдары кийинки чоң ийгиликтин негиздөөчүсү боло аларына ишенем. Менимче, бул эң көп өзүнө ишенген жана эч нерсеге карабай алдыга умтулууга даяр турган адам болот.

Read more

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41.5 млн сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8.7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу «Альянс Алтын» тоо кен ишканасы билдирди. Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын»

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны

«Алтын тамга» артыкчылык аттестат ээлерине «Альянс Алтын» ноутбук тапшырды

«Алтын тамга» артыкчылык аттестат ээлерине «Альянс Алтын» ноутбук тапшырды

«Альянс Алтын», 30-майда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен облус аймагында «Алтын тамга» артыкчылык аттестаттына ээ болгон окуучулар сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчиси Баатыр Качкынбаевдин