Бизге эч ким даяр ишкер бербейт, биз аларды колдоп, көбөйтүп, өстүрүшүбүз керек — Руслан Акматбек

Бизге эч ким даяр ишкер бербейт, биз аларды колдоп, көбөйтүп, өстүрүшүбүз керек — Руслан Акматбек

Эксперт, коомдук пикирлерди изилдөөчү, ЖИАны көп жылдар бою жетектеп келген Руслан Акматбек ИШКЕР MEDIA менен маектешип, Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлердин көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, эң чоң көйгөйлөрдүн сап башында каржылоо, тил маселеси, инфраструктура, кайдыгер караган мамлекеттик органдар турат.

Акыркы төрт айда аймактардагы ишкерлер менен иштедиңиз. Сиз айткандай, ал жакта каржылоо маселеси курч турат. Алар дагы гранттарга жетүү үчүн кандай аракеттерди жасашы керек?

— Ишкерлерди каржылоо маселеси — бул илгертен бери эле келе жаткан эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Иликтөөлөр боюнча коррупциядан кийинки эле эң чоң көйгөй — капитал маселеси. Гранттарга жетүү үчүн аймактардагы ишкерлердин маанилүү көйгөйү — маалымат издөө жөндөмүнүн жоктугу. Интернетти жакшы колдонуу жана ошол эле тил маселеси дагы турат. Кайсы маалыматты кайсы жерден, кантип аларын айылдан келген ишкерлер, улгайып калган апалар-эжелер жакшы биле беришпейт. Андан кийин тапса дагы, ал орус тилинде болот. Ал арызды толтуруу боюнча да тийиштүү адис болбосо, толтура алышпайт. Анткени аны негиздеш керек, эсептеш керек.

Балким, мамлекет жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрүндө каржылоого, грант алууга арыз толтурууга жардам берүү сыяктуу кызматтарын ачып койсо, жакшы колдоо болмок. Каражаттардын көбү кичинекей гранттар, ушул кичине грантты мамлекет деле берсе болот эле, мисалы, 100-150 миң сом чакан бал челек кармап баштаганга, устакана, тигүү цехин ачканга пайдасы аябай эле тиймек.

— Ишкерлерде каржылоодон кийинки эле чоң көйгөйлөр кайсылар?

— Мамлекеттик органдары менен байланыштын жоктугу. Мисалы, документтер боюнча бир маселе менен барсаң, ал оңой менен чечилбейт. Бир орган экинчи органга жиберет, айыл өкмөтүнөн баштап губернаторго чейин эч ким жоопкерчилик алгысы келбейт. Анткени кийин текшерүү болот, текшерүү болсо, сөзсүз мыйзамсыз бир нерсе чыгат. Ошондуктан "тынч эле отурайын" деп эч ким демилге көтөргүсү келбейт, жоопкерчилик алууну каалабайт. "Бир өлкө, бир келечек" деген түшүнүк жок. Анан демилге көтөрүлбөгөн жерде өнүгүү кайдан болмок эле?

Андан тышкары, электр энергиясына, сууга кошулуу маселеси сыяктуу инфраструктуралык көйгөйлөр турат. Чакан бизнес ээлери салык органына барып суроо сурай алышпайт. Себеби, салык органдары өздөрүнө гана пайдалуу жагын көздөп, туура эмес багыттап койгон учурлар толтура.

— Регионго жараша ишкерлердин көйгөйлөрү да айырмаланабы?

— Регионго жараша айырмаланат, бирок негизги көйгөйлөр бир эле. Бирок эгерде Бишкекте болсоң, өзүңдүн укугуңду жакшы коргойсуң, ал эми аймактарда абал жакшы эмес.

Алар көпчүлүк учурда өзүнүн укугун да билишпейт. Ошондуктан сүйлөшүү жолдоруна көбүрөөк барышат. Бишкек менен региондордун ортосунда бир жалпы "Бир өлкө, бир келечек" деген түшүнүк жок. Ошол менин көзүмө урунган маселе болду. Борбордон канча алыс болсоң, маселе ошончолук тереңге кетет.

— Бизнес баштап кетүүдө алардын кетирген кемчиликтери эмнеде болууда?

— Бизде ишкерлердин саны аз. Бизге эч ким даяр ишкерлерди бербейт, аларды биз өстүрүшүбүз керек. Аларды колдоп, көбөйтүп алышыбыз зарыл. Ишкерлик ошол микробизнестен башталат. Ошол микробизнести колдогон стратегия, жол картасы жок. "Казанда болбосо, кашыкка кайдан чыкмак эле" деген кыргызда жакшы макал бар эмеспи. Ишкер кичине бир соода түйүндү ачып, андан соң бара-бара чоң бизнеске кадам таштайт, убакыт өтөт, тажрыйба топтойт, бизнесин чоңойтот дегендей. Бизде ошол чынжырча жок, ошонун айынан ишкерлердин саны да аз.

Баары эле "ишкерлердин баары соодагер болуп кетти" дей беришет. Өндүрүш бул азап да, колдоо, инфраструктура жок болсо, чыгаргандан кийин контрабанда менен келген товарларга атаандаша албасаң, сенин рыногуң корголбосо — кылган аракетиңдин баары бекер болуп кетип жатпайбы. Ошондуктан бизде өндүрүш жокко эсе.

— Финансы министрлиги пайызсыз берген кредиттер аймактардагы ишкерлерге жеткиликтүү эле бекен?

— Кредиттер боюнча ишкерлердин дээрлик маалыматы жок. Аларды эмнеге маалыматтарды карабайсыңар деп күнөөлөсө болот. Бирок мен өзүм деле эксперимент кылдым, чалып деле маалымат алуу кыйын экен. Ага жиберет, буга жиберет.

Эми ишкерлердин көбү эле күрөө коюу талабын камсыз кыла алышпайт, жаш жаңы иш баштап жаткан 20-23 жаштагы адамда кайдан мүлкү болушу мүмкүн? Ошол аябай чоң маселе. Дагы бир мамлекет эч көңүл бурбаган маселе — бул адис табуу кыйынга туруп бара жатат. Тигүү цехтери тигүүчү, өндүрүшчүлөр специалист таппайт. Бул эмгек рыногу дагы жөнгө салынышы керек. Биздин эмгек рыногубуз өзү менен өзү эле кызыктай бир кырдаалда эле кетип бара жатат.

Эң маанилүү нерсе — өнүгүү маселеси бизде толук эл аралык уюмдардын колунда. Бул жакшы, бирок ошол эле убакта биз алардын иш-аракетин координациялай албай жатабыз.  

Аймактарда жаш, айым ишкерлерди, дыйкандарды колдогон ар кандай эл аралык уюмдар эле бар. Бирок биз бүгүн тескерисинче, алардан грант алып иштегендерди жаман атты көрсөтүп, чет элдик агент деген мыйзам чыгаруудабыз. Биз деги бир чечип алсак: кайсы багытка кетебиз, эмне кылабыз, кайда баратабыз?..

Аймактарда Казакстандагыдай же Россиядагыдай ишкерлерди колдогон бир дагы программа жок, бирок ошол эле убакта иштеп жаткан, жайыт боюнча малчыларды окутуп, айыл чарбага, жаш ишкерлерге, өндүрүшкө көмөк көрсөтүп, ассоциацияларды колдоп жаткан эл аралык уюмдарды биз "мокочо" көрсөткүбүз келип, түртүп чыгарганы жатабыз. Алардын көбү кетип жатышат, бир тобу Ташкентке кетишти.

Мисалы, аймакта бирикмелер жокко эсе, алардын баары Бишкекте. Бирөө чыгып алар менен иштеши керек да, аны бийлик жасабайт, бийлик орто жана чакан ишканалардын көйгөйүн түшүнбөйт, маани деле бербейт. Биздин эң чоң проблемаларыбыздын бири — Кыргызстан чакан жана орто ишканаларды өлкөнүн өнүгүү фактору, өнүгүү чекити катары карабаганында.

Мамлекет үчүн карыз, грант приоритетте, грантты өзү алса жакшы, ал эми өзүнүн ички динамикасына маани бербейт. Иш орундары менен камсыз кылган, салык төлөй турган ошол кичи, орто ишканалар да.

Ооба, алар азыр жаман абалда, бирок сен аларды колдосоң, көйгөйлөрүн чечсең, жардам берсең, эртең ошолордон Салымбековдор, Эгембердиевдер пайда болот да.

Чоң ишканалар өзүнөн өзү эле пайда болуп калмак беле. Бүгүн ошолорго эл аралык уюмдар жакшы колдоо көрсөтүп жатышат, биз аларга рахмат айткандын ордуна, алардын бетине түкүрүп жатабыз.

Дагы бир көйгөй — өкмөттөн, донорлордон эле жардам күтө бербей өз ара биригип, уюшкандуулук менен кандайдыр бир кадам таштай баштаса жакшы болмок. Бирок тилекке каршы, кыргыздардын башы бирикпейт. Алардын көйгөйлөрү бириксе, аны чечкенге, максатка жетүүгө да оңой болмок. Бирок бириккенге келгенде эле болбой калып жатат. Жок дегенде бал челекчилер, фермерлер деп тармак тармагы менен биригишсе сонун болмок.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өттү. Жыйын Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, министрликтин кызматкерлери

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Джунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарындагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 8-майда адистер системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу берүү процессине даярдык иштерин башташат. Ал эми Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бере баштайт. Алгач